Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Агартууга арналган өмүр

15-мартта Филологиялык билим берүү практикалык курсу кафедрасынын окутуучулары И.Арабаев ат. КМУнун «Ардактуу профессору» Зухра Кадыркулованын 70, профессор Сайра Аманбаеванын 60 жана доцент Айсулуу Абдыкалыкованын 50 жылдык кутман курак юбилейлик мааракелерине арналган «Агартууга арналган өмүр» аттуу маданий иш-чарасын өткөрүштү.

Ректор, профессор Т.Абдырахманов мааракени ачып, төмөнкүлөргө токтолду:

- «Урматтуу биздин эжелер, кесиптештер, сиздердин бүгүнкү мааракеңиздер менен жалпы ректораттын атынан куттуктайм. Сиздер биздин окуу жайда узак убакыттан бери эмгектенип, өз колуңуздардан илимдүү инсандарды, билимдүү мугалимдерди тарбияладыңыздар. Негизи окуу жайдын байлыгы биздин эже-агайлар жана студенттер. Студенттерге өз балаңыздардай кам көрүп, алар сиздерге ата-энесиндей сый-урмат көрсөтүү менен эриш-аркак болуп бирге иштешип, университеттин келечеги үчүн албан-албан ийгиликтерди жаратып келе жатасыздар. Дагы бир жолу сиздердин торколуу тоюңуздар менен куттуктайм», – деди ректор Т.Абдырахманов.

Ошондой эле куттуктоо сөздөрүн  Профсоюз уюмунун башчысы Э.Бектуров, ФББПКнун башчысы Т.Шамурзаева, Лингвистика, Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү, Японтаануу факультеттеринин эмгек жамааты, Аялдар конгресинин өкүлдөрү ж.б. куттукташып, сыйлыктарын тапшырышты.

«ФББПК кафедрасынын окутуучулары абдан мыкты жана өз ишин билген дасыккан педагогдор. Алардын ичинде бүгүнкү маараке ээлерин дагы айтсак болот. Анткени алар үйүндө сүйүктүү эне, жумушта белгилүү педагог, коомдо илимий ишмер. Андыктан сиздердин бул эмгектериңиздерди баалап, Профсоюз комитетинин атынан ыраазычылык билдирип, сыйлыктарыбызды тартуулагыбыз келет», – деди Э.Бектуров.

Куттуктоо сөздөрүнөн кийин таланттуу, ырчы, бийчи, акын студенттердин концерттик программасы тартууланды.

 

Материалды даярдаган:

Эрмек Бектуров