Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Абдираим Чоңахунович 70 жашта!

Урматтуу Абдираим Чоңахунович!

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин президиумунун, райондук, шаардык комитеттердин, областтык комитетке түз баш ийген баштапкы уюмдардын төрагаларынын жана өзүмдүн атымдан Сизди 70 жаш кутман курагыңыз менен чын дилимден куттуктаймын.

Сиз 1974-жылы ОшПИни ийгиликтүү бүтүрүп,эмгек жолуңузду Ноокен районундагы №34 “Октябрдын 50 жылдыгы” орто мектебинде катардагы мугалим болуп эмгек жолуңуздү баштап, мектепте бардык жетекчи кызматтарда, анын ичинде мектептин директору кызматында үзурлүү жана жемиштүү иштедиңиз.

1989-жылы билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен (мурдагы Ленин) райондук комитетинин төрагасы болуп шайланып, бул кызматта 2015-жылдын апрель айына чейин үзгүлдүксүз 26 жыл бою ийгиликтүү иштеп, билим берүү кызматкерлеринин социалдык-экономиткалык, укуктук кызыкчылыктарын  коргоого ак дилден кызмат кылдыңыз. Бул  багытта адам кубанарлык ийгиликтерди жараттыңыз. Бул бизди да кубандырат.

Билим берүүгө жана кесиптик бирликтин ишине сиңирген ак эмгегиңиз татыктуу бааланып, “КР Билим берүүнүн отличниги”, ”Билим,илим профсоюзунун отличниги” төш белгилери,”Кыргызстан профсоюздарына сиңирген эмгеги үчүн Ардактуу төш белгиси” менен сыйландыңыз.

1989-2015-жылдары Профсоюздун I-VI cъезддерине делегат болуп катышып, учурдун актуалдуу маселелерин көтөрүп келдиңиз.

Мындан тышкары  айылга, районго сиңирген эмгегиңиз үчүн “Масы айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу”, “Ноокен районунун Ардактуу атуулу” наамдары менен сыйландыңыз.

Мугалимдик кесиптин үзүрү катарында “Ноокен жана Сузак райондорунун Ардактуу Ардагер мугалими” наамына татыктуу болдуңуз.

Урматтуу  Абдираим Чоңахунович!

Республиканын профсоюздук коомчулугу Сизди мол тажрыйба топтогон мыкты жетекчи, жаштардын сүйүктүү насаатчысы жана кеңешчиси катарында билишет. Келечек муунду тарбиялоого астейдил күч-кубатыңызды жумшап кеүүдөсүз.

Биз Сизди бактылуу үй-бүлөнүн камкөр атасы, сүйүктүү неберелердин чоң атасы, таятасы деп билебиз. Аларды тарбиялап өстүрүүгө зор салым кошот деп эсептейбиз.

Урматтуу  Абдираим Чоңахунович!

Сизди 70 жылдык той-майрамыңыз менен дагы бир жолу куттуктап, үй-бүлөңүзгө бакубат ден соолук, ишиңизге ийгиликтерди каалайбыз.

 

Профсоюздун райшааркомдорунун төрагаларынын атынан,

областтык  комитеттин төрагасы А.Исмаилов