Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

А.Султанбаев – КУУнун ардактуу профессору

Кыргыз Улуттук Университетинде үстүбүздөгү жылдын 5-апрелинде белгилүү коомдук-саясий жана мамлекеттик ишмер, публицист-журналист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, КР Журналисттер союзунун төрагасы, КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Абдыкадыр Дарданович Султанбаевге Кыргыз Улуттук Университетинин Ардактуу профессору наамын ыйгаруу аземи болуп өттү.

Улуттук университеттин ректору Төлөбек Абдархманов иш чараны ачып, Абдыкадыр Дарданович Султанбаев көп жылдан бери окуу жайы менен тыгыз кызматташып келе жатканын белгиледи. Ал бир нече жыл катары менен мамлекеттик экзамендик комиссиянын төрагасы болгон. Студенттерге ЖМК проблемалары боюнча мазмуунду лекцияларды окуп турган, семинарларды, тегерек үстөлдөрдү өткөргөн. Ондогон студенттерди Москванын Ломоносов атындагы университетинин журналистика факультетине окууга жиберген. Абдыкадыр Султанбаев ошондой эле ЖМК маселелери боюнча бир катар илимий макалалардын автору.  

Иш чаранын жүрүшүндө окуу жайдын Ардактуу профессору Абдыкадыр Султанбаев учурдун маанилүү маселелери, журналисттик иштин жоопкерчилиги, сөз жана басма сөз эркиндиги жаатындагы өзүнүн көз караш, ойлорун камтыган кызыктуу, ары актуалдуу лекциясы катышуучулардын, айрыкча студенттердин жандуу кызыгуусун жаратуу менен жакшы кабыл алынды.

Ошондой эле аталган аземге улай Абдыкадыр Султанбаевдин көп жылдык публицист-журналисттик ишинин үзүрү болгон “Өткөндөн элестер” китебинин бетачары болду. Китепке автордун ар кыл жылдары жазылган, өз кезегинде республикалык басма сөз беттеринде жарык көрүп, жандуу кызыгуу, талкууларды жараткан очерк, публицистикалары, маектери жана замандаштарынын анын бейнесине арналган макалалар топтолду.

Калемгердин каармандары жөнөкөй эмгек адамдары, маданият ишмерлери, окумуштуулар, саясатчылар. Жалпыга маалымдоо каражаттары, учурдун көйгөйлөрү жаатындагы макала, маектери козгогон маселелеринин өзгөчө актуалдуулугу, олуттуулугу, түбөлүктүүлүгү, ынанымдуулугу менен айырмаланат жана автордун иш-билгилигин, чыныгы кесипкөйлүгүн айгинелеп турат.

Китеп окурмандардын кеңири чөйрөсүнүн, анын ичинде кыргыз журналистикасынын тарыхына кызыккан окумуштуу-изилдөөчүлөрдүн, студенттердин кызыгуусун жаратат деген ойдобуз.

Иш чарага университеттин илимий кеңешинин мүчөлөрү жана академиктер А. Бөрүбаев, А. Эркебаев, Ж. Бакашова, илимдин доктору-профессорлор Н. Ишекеев, С. Байгазиев, Т. Ишемкулов, Э. Нурушев, А. Матисаков, А. Асанова сыяктуу республикага белгилүү илимпоз-окумуштуулар, маданият ишмерлери катышып, куттуктоо сөз сүйлөштү.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети