Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

А.Султанбаев Ф.Ф.ЕБЕРТ фондунун координатору менен жолугушту

2024-жылдын 23-апрелинде КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы А.Султанбаев Ф.Ф.ЕБЕРТ фонддунун Борбордук Азия боюнча координатору Филипп К.Ян менен жолугушту.

Жолугушууда кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн эмгек укугун коргоо, социалдык өнөктөштүк аркылуу кызматташууну жакшыртуу максатында ар кандай долбоорлорду жүзөгө ашыруу тууралуу иштиктүү сүйлөшүүлөр болду.

Жакынкы аралыкта “Мугалимдердин социалдык-экономикалык жана эмгек укуктарын коргоонун мыйзамдуу жолдору” боюнча жер-жерлерде окутуу семинарларын өткөрүү белгиленди.

 Жолугушуунун аягында А.Султанбаев Филлипп К.Ян мырзага “Борбордук комитеттин төрагасынын эстелик кол саатын” тапшырды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети