Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

9-Май Улуу Жеңиш күнү менен куттуктоо!

Урматтуу мекендештер!

Менин кымбаттуу кесиптештерим!

Жалпы эле билим берүү кызматкерлери! Сиздерди 9-Май Улуу Жеңиш күнү менен куттуктаймын! 9-Май – Ата-бабаларыбыздын өлбөс-өчпөс эрдигин даңазалаган, көп улуттуу элибиздин биримдиги жана ынтымагы менен жаркын жашоону тартуулаган Жеңиш күнү! Даңктуу тарыхыбыз менен элибиз дайыма тынчтыктын, ынтымактын майрамы катары белгилеп келишет. Согушта эрдик көрсөтүп, өз жанын Жеңиш үчүн курман кылган, бүгүнкү бейпил жашоону тартуулаган жоокерлердин элеси ар дайым жүрөгүбүздө сакталат. Жергебизде тынчтыктын ыры жаңырып, элибизде ынтымак ыроолоп, молчулук, токчулук болушуна тилектешбиз. Улуу Жеңиш күнү куттуу болсун! Мамлекетибизде бейпилдик жана тынчтык өкүм сүрсүн!

 

Сүлүктү шаарКБКнын төрагасы К.Кудаяров