Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

8-март Аялзатынын эл аралык майрамы менен куттуктайбыз

Ардактуу аялзаты!

Биздин билим берүү жана илим тармактарынын бардык айымдарын табияттын эң сонун учуру болгон жаздын, адамзат турмушундагы руханий жаңылануунун жарчысы болгон Эл аралык аялдар майрамы – 8-мартыңыздар  менен чын дилимден куттуктаймын!

“Эне” деген атка татыктуу аялга даңк: анын сүйүүсүнѳ чек жок, анын эмчек сүтү менен бүткүл дүйнѳ азыктанган. Адам баласындагы  бардык  асыл нерселер күндүн нуру менен эненин сүтүнѳн жаралган. Ошондуктан, биз жашоону сүйүүгѳ мажбурбуз”, - деп айткан экен улуу жазуучу М. Горький. Анын сыңарындай, бул жарыкчылыкта эненикине теңдеш мээрим болбойт, бекер жеринен адам баласы абдан сүйүнгөндө да, катуу кырсыкка кабылганда да биринчи “эне” деп айтпаса керек.  

Өлкөнүн билим берүү жана илим тармактарында эмгектенгендердин көпчүлүгү аялзатынан болгондуктан алардын асыл эмгектерине дайыма терең таазим этебиз. Биздин аялзат мугалимдерибиз, окутуучуларыбыз, тарбиячыларыбыз, илимпоздорубуз өздөрү тандап алышкан дүйнөдөгү эң байыркы жана эң мыкты кесиптеринде тажрыйбалуу психолог, кереметтүү акын, даңазалуу актер, теңдеши жок жардамчы жана эң башкысы- чыныгы эне катары эмгектин, жашоонун, мамиленин, сүйүүнүн эч бир кайталангыс сапаттарын көрсөтүп келе жатышат. Бул үчүн биз аларды ар дайыма сый-урматка бөлөп келебиз. Кыргызстандын келечек муундарын тарбиялоодо, ак чокулуу Ала-Тообузда тынчтыктын өкүм сүрүшүндө, көп улуттуу элибиздин жашоо-турмушу базар мамилелеринин шартында бир нукка түшүп, өнүгүүгө карай алгалап бурулушунда аялзатынын эмгегине эч бир  баа жетпейт.

Ардактуу кесиптештер, кымбаттуу аялзаты!

8-март – дүйнө коомчулугу  үчүн өзгөчө күн. Сиздер, урматтуу айымдар, жумушта, же үйдө болобу, өмүрлүк жарлардан, балдардан, кесиптештерден, окуучулардан, жакшы санаалаштардан   жүрөгүңүздөрдү жылыткан,  рахат тартуулаган гүлдөрдү, белектерди  алууга жана терең урмат-сыйга бөлөнүүгө татыктуусуздар.

Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин президиуму, аппараты жана мен Сиздерге ар дайыма жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпей, жаркын маанайда,  чың ден соолукта узак өмүр сүрүүнү, бардык жакшылыктарды каалайбыз!

Майрамыңыздар кут болсун!

 

Асылбек Токтогулов,

Кыргыз Республикасынын

билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы