Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

8-март – Аялдардын Эл аралык күнү

Урматтуу айымдар!

Ардактуу эже-карындаштар!

Сиздерди, алды менен, республикабыздын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин жүз миңдеген мырзаларынын жана жеке өзүмдүн атымдан алдыда келе жаткан 8-Март – Аялдардын Эл аралык күнү, мартабалуу майрамыңыздар менен чын жүрөк, ак дилимден куттуктаймын!

Ылайым, биздин – жалпы кыргыз журтчулугунун бактысына бар болуңуздар! Чың ден-соолукта болуп, узак, бакубат жана бактылуу өмүр сүрүңүздөр!

Элибизде эзелтеден бери карай “Эне – Жер, Ата – Мекен”, “Аял – үйдүн куту” деген абдан адилеттүү, ары маани-маңызы андан терең накыл кеп айтылып келет. Сиздер – Аялдар бар үчүн адамзаттын жашоосу жаркын, келечектүү.

Кылымдарды карыткан кыргыз тарыхында, мейли, күндөлүк жай турмушта болсун, мейли, кыл чайнашкан кыйын кырдаалдарда болсун, Обо энеден бери карай эл сактап, журт коргогон, “караңгыда жол тапкан, кыйчалышта сөз тапкан”, “ажат ачып, тагдыр чечкен” не бир даанышман, акылгөй Аялзаттары, Энелер өткөн.

Мына ушундай өмүрлөрү өрнөк, өздөрү тумар, айтылуу эне-эжелерибиздин салтын татыктуу улантуучу урпактары, мураскор – сиңдилери айымдар сиздер, урматтуу билим берүү кызматкерлери!

Дегеле кыргыз журтчулугу эзелтеден аял затын айрыкча урматтап, аздек тутуп, айтканын угуп, дегенине көнүп келаткан, салт-санаасы бийик, даанышман калк. Ошого жараша аял заты дагы ыйман-салабаттуу, акылгөй, “ак көрпө жайыл” дээрлик асыл жансыздар!

Эгемен мамлекетибиздин эртеңки келечек ээлерине – жаш жеткинчектерибизге терең илим-билим, татыктуу тарбия берүүгө, чоң турмуш жолуна аттандырууга зор салым кошуп келе жатканыңыздар үчүн да терең ыраазычылык билдиребиз.

Бар болуңуздар! Эгемен эли-журтубуз үчүн көрөр көз, угар кулак, айтар акыл болуңуздар! Эненин тилеги дайыма ак, ар дайым жакшылык каалайт.

Дагы бир жолу 8-Март майрамыңыздар менен, элибиздин Ак элечек, ак жоолуктуу айымдары – Энелер, эже-карындаштар!

Эми мына ушул кыскача куттуктоо сөзүмдү акындарыбыздын төмөнкү жан дүйнөнү жарып чыккан жалындуу ыр саптары менен аяктагым келип турат:

– Аял заты, аруу, таза жансыңар.

Үй-бүлөөдө сүйкүмдүү бир жарсынар.

Апа деген атыңар бар, даңкың бар.

Куттуу болсун сегизинчи Мартыңар.

 

Жайнап турса тирүүлүктүн гүлдөрү,

Мага бакыт апакемдин күлгөнү.

Үй төрүндө алтын апам бар үчүн

Ошон үчүн сүйөм ушул дүйнөнү...

 

Терең урматтоо менен,

 

КР Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик

бирлигинин борбордук

комитетинин төрагасы                             Абдыкадыр Султанбаев