Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

8-март айымдардын Эл аралык майрамы менен куттуктоо

Ак куу жок кезде көл көрксүз,

Аял жок кезде эр көрксүз.

Аялдар эгер жок болсо,

Анда эркектер көргүлүктү көрмөкпүз

- деп улуу акын Б.Сарногоевдин саптарында  айтылгандай аял заты илгертен бери сулуулук менен тазалыктын, назиктик менен аруулуктун, улуулук менен бийиктиктин символу катары бааланып келет. Аял затын сыйлоо, урматтоо, барктоо ар бир мен кыргызмын деген жигиттин милдети катары саналыш керек. 

Бишкек гуманитардык университетинин мырзаларынын уюштуруусунун негизинде 7- март күнү окуу жайда эмгектенип жаткан жалпы айымдарды кутуктоо салтанаты өткөрүлдү. Иш чаранын жүрүшүндө айымдарга атайын даярдалган белектер таратылды. Ошондой эле мырзалар тарабынан жакшы маанай тартуулоо максатында концерттик программа уюштурулду.

 

 

Материалды даярдаган:

Сатиев Азамат