Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

60 жаш мааракеңиз кут болсун!

Урматтуу Абдукахар Арапович!

Сизди адам өмүрүндөгү эң даңазалуу дата - 60 жылдык мааракеңиз менен КР билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин президиумунун мүчөлөрүнүн, “Позиция профсоюза” газетасынын редакциясынын, Борбордук Комитеттин аппаратынын, облрайшаар, ЖОЖ жана АООЖ профсоюз комитеттеринин кызматкерлеринин жана жеке өзүмдүн атымдан кызуу куттуктаймын.

Сиз 2016-жылы облустун билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун кайра шайлоо конференциясында обкомдун төрагалыгына шайланып, ошондон бери ал кызматта ийгиликтүү иштеп келүүдөсүз,  Жалал-Абад обкому 1991-жылы уюшулгандан берки 4-төрагасыз. Сиз башкарган областтык комитет 14 райондук, шаардык жана ЖОЖ профсоюз комитеттерин, 700дөн ашуун баштапкы уюмдарды бириктирип турат. 

Сиздеги мыкты  касиеттердин бири – жоопкерчилик. “Обком болдуңбу, жалпы облус үчүн жооп бересиң”. Сиз мына ушул принципти туу тутуп келатасыз. Өз ишине берилген, тагылган милдетти аткарууга туруктуулук көрсөткөн жетекчи гана ийгиликтерге жетише алат. Сиз жетекчилик кылган акыркы беш жыл аралыгында облустук профсоюзда бир катар  кубанарлык ийгиликтер жаралып келет. Жылдан жылга профсоюздун уюмдардын катары кеңейип, андагы мүчөлөрдүн саны өсүп барууда. Профсоюз мүчөлөрүнүн социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоого, алардын зарыл маселелерин чечүүгө дайыма көңүл бөлүнүп келүүдө. Айрыкча, жамааттык жана үч тараптуу макулдашууларды түзүүнүн иштиктүү механизмдерин жолго коюу аркылуу облуста алгылыктуу ийгиликтер жаралууда. Облустун бир катар шаарларында билим берүү кызматкерлерин коммуналдык тейлөө үчүн жергиликтүү бюджеттен каражаттар ажыратылууда, бул сыяктуу алгылыктуу иштер күн санап арбып келет. БК тарабынан демилгеленип уюштурулган бардык кароо-сынактарда облустун профсоюздук уюмдары жигердүүлүк менен катышып, ийгиликти камсыз кылышууда.

Борбордук Комитет да сиздин алгылыктуу аракеттериңизди колдоп, чет жерлерди көрсүн, көрүп эле тим болбой тектеш профсоюздар менен тажрыйба алмашсын деп Түркия, Азербайжан, Тажикстан, Болгария жана Россияга жиберип келатабыз. 

Узак жылдар тармакта үзүрлүү эмгек кылгандыгы үчүн сиз  “Билим берүүнүн мыктысы”, “Билим жана илим кызматкерлер профсоюз кыймылынын мыктысы”,  Сузак районунун «Ардагер мугалим» Ардак төш белгилери,   Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин,  профсоюздун областтык кеңешинин, профсоюздун Ноокен райондук комитетинин,  Кыргызстан профсоюздар федерациясынын, областтык шайлоо комиссиясынын, Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын,  Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын,  Жалал-Абад   областтык мамлекеттик  администрациясынын, Жалал-Абад областтык спорт мектебинин, Сузак райондук Ардагерлер кеңешинин  Ардак грамоталары менен сыйлангансыз. Сиз “Сузак  районунун Ардактуу атуулу”, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин “Жылдын Мырзасы”,  “Керемет ТВ” каналынын «Жылдын  мыкты профкому», “Сузак районундагы Темирбаев атындагы гимназиянын  Ардактуу мугалими” наамдарынын ээси да болдуңуз. 

Биз сизди ынтымактуу үй-бүлөнүн бактылуу атасы катары жакшы билебиз. Жубайыңыз  Примкулова Жыпар да көп жылдар педагогикалык кесипте эмгектенип, учурда ардактуу эс алууда болуп, сиздин ийгиликтерге жакындан көмөк көрсөтүп келет. Кыздарыңыз Айнагүл – врач, Аида – салык кызматкери, улуу уулуңуз Нурсултан банкир, кичи уулуңуз Аскар жеке ишкер болуп эмгектенишип, эл кызматын аркалап жатышат. Жубайыңыз экөөңүздөр 6 неберени тарбиялап өстүрүүдөсүздөр, бул зор бакыт деп айтаар элем.

Сизге бекем ден соолук, чексиз бакыт, иштеги ири ийгилик, үй-бүлөлүк ынтымак жана кенен дасторкон каалайм. Маараке кут болсун Абдукахар Арапович!

Кыргыз Республикасынын билим 

жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун

Борбордук Комитетинин төрагасы А.ТОКТОГУЛОВ