Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

60 ЖАШ КУТМАН КУРАГЫҢЫЗ КУТТУУ БОЛСУН!

Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин төрагасы Абдукахар Арапович Исмаилов өздүк майрамы, 60 жаш кутман курагын белгилеп жатат.

Абдукахар Арапович облустун аймагындагы тармактык профсоюздун мүчөлөрүнүн эмгек укуктарынын сакталышын камсыздоо, социалдык-экономикалык маселелеринин чечилишинде эмгеги абдан зор.

Андан сырткары ар бир профсоюз мүчөсүнүн жакшылык, жамандык күнүндө барып кабар алып, материалдык, моралдык жактан колдоо көрсөтүп келет.

Айрыкча жаштар менен иштер жакшы жолго коюлду. Жалал-Абад обкомунун алдында түзүлгөн жаштар кеңешинин ар бир жыйыны, семинары жана башка иш чараларына жеке өзү ар дайым катышып кеп-кеңешин айтып, жаш адистерди изденүүгө, алдыга умтулууга жана чоң-чоң ийгиликтерди багынтууга түрткү берип келет.

Урматтуу Абдукахар Арапович, Жалал-Абад обкомунун алдында түзүлгөн жаштар кеңешинин, Ноокен райкомунун жаштарынын  жана жеке өзүмдүн атымдан 60 жаш кутман курагыңыз менен куттуктайбыз.

Сизге узун өмүр, бекем ден-соолук, үй-бүлөөңүзгө тынчтык, амандык, бакубатчылык,  иштериңизде ийгиликтер коштоп жүрүшүн каалайбыз!

 

Т.Бакиров

Ноокен райкомунун инспектору