Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

5-октябрь-мугалимдер күнү

«Урматтуу билим берүү кызматкерлери!

Сиздерди 5-октябрь Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин кесиптик  майрамы  менен чын дилимден куттуктайм!Мугалим — терең билим берип, дүйнөнү тааныткан устат, келечекке жол көрсөтүп, чоң турмушка аттандырган насаатчы, адамзаттын дүйнө таануусун калыптандырган,  караңгыны жарык кылган шам чырак.

Ал педагогикалык акыл топтому, алысты көрө билгендиги, изденгичтиги, бүткүл чыгармачылык кудуретин келечек ээлерине терең билим, мыкты тарбия берүүгө жумшагандыгы менен кадырлоого ээ болгон инсан. Чынында мугалимдик кесип – өтө түйшүктүү жана ошол эле учурда ардактуу, анткени мугалимдер ѳз ѳмүрүн балдарды тарбиялоого, ѳлкѳнүн келечегине арнайт.

Баарыбыздын башат-тамырыбыз, асыл ой-тилектерибиз, жетишкен ийгиликтерибиз биринчи кезекте мектеп менен байланыштуу. Элибиздин рухий байлыгы мектеп аркылуу калыпка салынаары белгилүү. Андыктан адамдардын жан-дилине илим-билим үрөөнүн сээп, жаркын максаттарга үндөгөн мугалимге кандай алкыш айтсак жарашат.

Биз билимдүү, демилгелүү жана өнүгүүгө умтулган муунду өстүрүүгө  умтулуп жатабыз. Мындай ийгиликтерге жетүүдө мугалимдин, тарбиячынын, билим берүү кызматкерлеринин эмгеги зор. Мында жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүк, өз кесибин сүйүү, өлкө жана келечек муун алдында жоопкерчиликти сезе билүү эн зарыл сапаттар.

Ошондуктан педагогдун азыркы учурдагы милдети бир жагынан өтө ардактуу болсо, экинчи жагынан ошончолук жооптуу. Сапаттуу билим, таалим-тарбия берүү жаатындагы аракеттериңиздер үзүрлүү болсун. Республикада жүрүп жаткан ар кандай реформалар, өзгөрүүлөр, аны алдыга жылдыруу билим берүүнүн  сапатына түздөн-түз байланыштуу экендигин унутпайлы, ушул милдетти да жогорку деңгээлде аткаралы.

Соңку жылдары агартуу тармагынын кызматкерлеринин түйшүктүү эмгегин баалоого, мугалимдик кесиптин кадыр баркын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканы жакшы жышаан.Ушундай камкордукка билим берүү кызматкерлери татыктуу эмгектери менен жооп беришин каалаймын. Ал эми мамлекет сиздердин ак ниет эмгегиңиздерди бийик баалары талашсыз!

Кымбаттуу мугалимдер жана билим берүү кызматкерлери!

Сиздерди дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктаймын!

Кесиптик бирлик тарабынан сиздерди социалдык, экономикалык жана укуктук жактан колдоо, эмгек үчүн татыктуу шарттарды түзүү аракеттерибиз дагы да болсо улантыла берет.Келечек муундарыбызга сапаттуу билим берүүдөн талбаңыздар!

Сиздерге чың ден соолук, бакты-таалай, бакубат турмуш жана жаш муундарды окутуп-тарбиялап жаткан асыл ишиңиздерге ийгиликтерди каалаймын!

 

 

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын
Билим жана илим кызматкерлеринин   
кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы                                                            А.Токтогулов