Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

28-апрель Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнү

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин

28-апрель Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнө карата

КАЙРЫЛУУСУ

 

Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнү эмгекчилердин укугун коргоо,   жумуш орундарындагы коопсуздукту сактоо жана эмгек шарттарын жакшыртууга көңүл бурууга багытталган.  

Эл аралык эмгек уюмунун (МОТ) 2023- жылындагы жарыяланган девизи «Коопсуз жана ыңгайлуу эмгек шарттары - эмгектенүүдөгү негиз жана укук» болуп саналат.

Кыргыз Республикасында эмгекти коргоо, иштеген кызматкерлерге коопсуз жана ыңгайлуу эмгек шарттарын жакшыртууга багытталган жетиштүү мыйзамдык жана укуктук-ченемдик база түзүлгөн.

Билим берүү тармагында кызматкерлердин коопсуз жана ыңгайлуу эмгек шарттарын түзүү, коопсуздук эрежелердин сакталышы боюнча иш берүүчүлөр тарабынан  КР Эмгек кодесинин, КР Эмгекти коргоо мыйзамынын талаптарынын аткарылышына КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети, областтык, райондук жана шаардык комитеттер анын баштапкы кесиптик бирлик уюмдары көзөмөлдүк жүргүзүшүп, орун алган айрым кемчиликтер убагында четтетилип турат. Билим берүү уюмдарында өзгөчө оор кырсыктардын болбогондугу анын далили болуп саналат.     

Бирок айрым аймактарда оор бөөдө кырсыктардын болгондугу өкүндүрөт. Өткөн 2022-жылы билим берүү тармагында өндүрүштүк кырсыктардын кесепетинен 6 кызматкер жеңил жаракат алып жабыр тарткан, бирок каза болгондор жок.

Тилекке каршы, 2023-жылы 14-апрелде Токтогул районунда «Жылдын мугалими» райондук конкурсунан келе жаткан мугалимдер автоаварияга кабылып, бир мугалим каза болгон. КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматы менен кесиптик бирлик уюмдары азыр биргеликте изилдөө иштери жүргүзүлүп жатат. 

 КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети кызматкерлерге жумуш орундарында коопсуз шарттарды түзүү үчүн төмөнкүлөргө жетишүүгө кесиптик бирлик уюмдары көңүлүн бурат:

  • эмгектин коопсуз шарттарын түзүү боюнча иш берүүчүлөргө талаптарды күчөтүү;
  • эмгекчилердин бул боюнча укуктарын коргоо жаатындагы коомдук көзөмөлдү активдештирүү;
  • эмгекти коргоо системалары боюнча иш аракеттерди Эл аралык эмгек уюмунун (МОТ) принциптеринин негизинде милдетуу турдо  аймактык макулдашууларга  киргизуу;
  • иш берүүчулордү дени сак жана коопсуз эмгек шарттарын түзүүгө шыктандыруу жаатындагы экономикалык жана укуктук механизмдерди түзүү.

КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин иш аракеттеринин негизги максаты эмгектин коопсуздугун жогорулатуу, бийлик бутактарынын бул иштерге конүлүн бурдуруу, иш берүүчүлор жана коомчулукту кесиптик оорулардын жана бөөдө кырсыктардын санын азайтууга алып келуу болуп саналат. 

 

Маалыматты даярдаган: КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети