Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

“2018 - жылдын мыкты педагогу” конкурсу

Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюзу,  Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитетинин 2018-жылдын 25-январындагы “Региондорду өнүктүрүү” жылына карата кабыл алынган иш планынын 10 пунктуна ылайык билим берүү кызматкерлеринин ишмердиктерин жаӊы сапаттуу деӊгээлге көтөрүү, алардын иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу жана жаштарды ишке кызыктыруу, потенциалын максатында Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары, Кегети айылынын тургуну Элдар Абакиров, Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун төрагасы Самат Наматов менен биргеликте  “Регионду өнүктүрүү” жылынын жыйынтыгына карата “2018-жылдын мыкты педагогу” конкурсун уюштурууда. Конкурстун негизги багыты идеалдуу мугалим болуунун сырлары  боюнча 40 тренингди камтыган, анын ичинде сабакты кызыктуу өтүүнүн 50 жолу, таасирдүү сүйлөөнүн 10 сыры, мектеп менен сыймыктануунун  25 себеби жана аларды кантип өткөрүү   боюнча кеӊири маалыматтар камтылган китеп менен чектелет. Ар бир билим берүү мекемесине мугалимдер үчүн дүйнөлүк бестселлер “Идеалдуу мугалим болуунун сырлары” таратылды. Түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жыйынтыгы тестирлөө менен декабрь айынын башында чыгарылат, жыл жыйынтыгы менен женүүчүлөр аныкталат, байгелер тапшырылат.  

 

                      Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин

                       профсоюзунун төрагасы                                                                                    С.Наматов