Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

12-декабрь Улуттук адабият күнү.

Н.Исанов ат.КМКТАУнун «Арт-Мурас» студиясынын студенттери. Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов атындагы китепканада уюштурулган «Айтматов ааламы» деген аталыштагы иш-чарага катышып келишти. Аталган иш-чарага Ч.Айтматовдун замандаштары: кыргыз эл жазуучусу, акын, драматург, котормочу жана коомдук ишмер Асан Жакшылыков,  экс-премьер министр Амангелди Муралиев, Улуттук «Манас» жана «Чыңгыз Айтматов» академиясынын президенти, коомдук ишмер  Топчубек Тургуналиев ж.б. катышышты. «Арт-Мурас» студиясынын студенттери «Айтматов ааламы» деген аталыштагы  музыкалык композициясын аткарып беришти. Ч.Айтматов атындагы китепкананын жетекчилиги университетибиздин студенттерине жана  «Арт-Мурас» студиясынын көркөм жетекчиси Кундуз Макеевага иш-чарага жигердүү катышкандыгы үчүн Ардак грамоталар менен сыйлап, ыраазычылыгын билдирди.