Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

1-сентябрь - жаңы окуу жылынын башталышы жана Билим күнү

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин президиумунун жана жеке өзүмдүн атымдан эгемен өлкөбүздөгү бардык агай-эжейлерибизди, жеткинчек окуучуларыбызды жана студенттерибизди, ардактуу ата-энелерибизди жаңы окуу жылынын башталышы, 1-сентябрь – Билим күнү менен чын дилимден куттуктайм.

Биз баарыбыз зор салтанат менен белгилеп жаткан билим күнү окуу процессинин бардык катышуучулары болушкан окуучу, мугалим, ата-эне – баары келечекке жаркын максаттарды коюшат,  бул күнү чынында үмүт-тилектердин оту жанган башкача сезим-туюмдар жаралат. 1-сентябрь, айрыкча, жүздөрүнөн кубанычтын оттору жаркырап жанган окуучулардын эсинде кала турган шаңдуу күн. Ошондуктан, бул күнү эгемен Кыргызстаныбыздын бардык билим уялары эшиктерин кенен ачып, майрам ээлерин кучагын жая тосуп алат. 

“Билимдүүгө дүйнө жарык” деген накыл кеп бар, анын сыңарындай, билим уясын аттаган ар бир баланын татыктуу билим, туура тарбия алышына, келечекте дүйнө таанымы өтө жогору болушуна бардык шарттарды түзүү боюнча өлкө жетекчилиги жана жер-жерлердеги башкаруу органдары кыйла аракеттерди көрүп жатышат.  Анткени, билим берүү – Кыргыз Республикасынын саясатынын артыкчылыктуу тармагы болуп саналат, ал эми билимдүү жаштар – мамлекетибиздин келечеги, улутубуздун уңгусу, өлкөбүздүн байлыгы. Акыркы жылдары жаңы мектептер курулуп пайдаланууга берилип жатат, мектептердин жана окуу жайларынын материалдык-техникалык базалары жакшырууда.

Бүгүнкү заман ааламдашып жаткан маалда сапаттуу билим берүү – Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнүн эң ишенимдүү пайдубалы болуп калды. Мамлекет тарабынан өлкөнүн билим берүү тутумун дүйнөлүк агартуу мейкиндигине акырындап интеграциялоо менен өнүктүрүүгө басым жасалууда. Окутуунун ык-амалдарын жаңыртуу менен билим берүү жаатындагы өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууну көздөп жатабыз. 

Мен Билим күнүндө келечек ээлери болушкан окуучуларга кайрылып кетким келет. Айланайын балдарым! Өлкөбүздүн, эл-жерибиздин жаркын келечеги ар бириңердин жоопкерчилигиңерге жараша болот. Силердин татыктуу тарбия, терең билим алууңар – мамлекеттин келечегине кошкон чоң салымыңар катары эсептелет. Таалим-тарбиялуу, билимдүү жаштар гана алдына накта максат коюп, турмуш жолуна ишенимдүү чыйыр салып, коомдо татыктуу ордун таба алат. Мен силердин Кыргызстандын келечегин көрө алган, ага ишенген, Ата Журтуна салым кошкон уул-кыздарыбыздан болуп чыгаарыңарга бекем ишенем!

Урматтуу кесиптештер, окуучулар жана студенттер, ардактуу ата-энелер! Билим күнү жана жаңы окуу жылынын башталышы менен дагы бир жолу куттуктайм! Баарыңыздарга чың ден соолук, бекем эрк, Кыргызстаныбыз гүлдөп-өссүн деген бийик максат, ага жетишүү үчүн талбаган эмгек каалайм.



Кыргыз Республикасынын Билим жана илим
кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин
борбордук комитетинин төрагасы                                                                                  А.Токтогулов