Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

1-май Эмгек күнү менен куттуктоо

1-Май - баарыбыз эңсеп күткөн, жан-дүйнөбүздү эргиткен, нукура элдик майрам. Тынчтыктын, жаздын, эмгектин символу катары бул күн - муундан муунга жүрөккө сакталып келе жатат. Бүгүн майрамдап чыккан ким болбосун - тилине, тегине, динине карабастан, тилектеш, тагдырлаш, максатташ экенин сезет. Чынында эле тынчтык менен эмгек - ар бир адам жашоосунда таяна турган кош дөөлөт. Ар кимибиз ак ниет эмгегибиз менен үй-бүлөбүздү, өлкөбүздү чыңдап жатабыз. 

Өлкөбүздөгү тынчтыкты, ынтымакты, биримдикти көзүбүздүн карегиндей сактайлы!

Баарыңыздарга бекем ден соолук, ачык асман, бакубаттык каалаймын!

Сиздерди терең урматтоо менен,

Билим жана илим кызматкерлеринин Ош областтык кесиптик бирлик комитети.