Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Ден соолукту чыңдоо

Жайкы эс алуу

2023-жылдын 17-21 июль күндөрү кесиптик бирликтин Ала-Бука райондук комитети тарабынан алдыңкы мугалимдерди Ысык-Көлгө эс алдыруу уюштурулду. Эс алууга ар түрдүү сынактын жеңүүчүлөрү болуп табылган, быйылкы окуу жылында активдүүлүгү менен айырмаланган мугалимдер кесиптик бирликтин сунушу менен жиберилди. Мындай эс алуулар жалпы кесиптик бирлик мүчөлөрү үчүн дагы улантылууда. Эс алууга барган мугалимдер кесиптик бирлик комитетине ыразычылыктарын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Ала-Бука райондук комитетинин кызматкери К.Чыналиева