Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Ден соолукту чыңдоо

Жайкы эс алуу чаралары улантылууда

КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин “Жайкы эс алуу-2023” иш-чаралары системалуу улантылууда. 2023-жылдын 19-июлунда Борбордук комитет тарабынан билим берүү кызматкерлеринин балдарына бөлүнгөн жолдомолор менен эс алуулар уюштурулуп жаткан Сузак районунун Кара-Алма аймагында жайгашкан “Жеткинчек” балдардын ден соолугун чыңдоочу борборунун иштери менен областтык комитеттин төрагасы А.Исмаилов таанышты.

Областтык комитеттин төрагасы А.Исмаилов борбордо түзүлгөн шарттар, жатаканалар, ашкана, спорт аянтчалары, бассейн, иш-чараларды өткөрүүчү жайлар менен жакындан таанышып, балдар менен маектешип, ой-пикирлери менен бөлүштү. Борбордун кызматкерлерине жакшы каалоолорун билдирди.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Жалал-Абад областтык комитетинин инспектору А.Айдаров