Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Ден соолукту чыңдоо

Ысык-Көлдөгү көңүлдүү эс алуу

2023-жылдын 20-24-июль, 26-30-июль күндөрү Ноокен районунун билим берүү кызматкерлери Кыргызстандын бермети болгон кереметтүү Ысык-Көлдө эс алышты.

Экскурсиялык эс алуунун жүрүшүндө “Рух Ордо” маданий борборунда болушуп, залкар жазуучу Ч.Айтматовдун өмүрү, чыгармачылыгы жана музейи менен таанышышты.

Андан сырткары “Аврора”, “Көгүлтүр Ысык-Көл”, “Золотые пески” пансионаттарында эс алышты.

Эс алууну уюштуруу жана каржылоо жагы кесиптик бирликтин Ноокен райондук комитети тарабынан жъргъзълдъ. Бул жылы райондогу бала бакчалардан 47 кызматкерлерге эс алуу уюштурулду.

Бул эс алууну жогорку денгээлде уюштуруп, эс алууга жакшы шарттарды түзүп жаткан кесиптик бирликтин жетекчилерине ыраазычылык билдиребиз.

 

 Маалыматты даярдаган: №50 “Баластан” балдар бакчасынын тарбиячысы Ж.Болотбек кызы