Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Ден соолукту чыңдоо

Ысык-Аталыктардын жайкы эс алуусу

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ысык-Ата райондук комитети тарабынан 2022-2023-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча 2023-жылы кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн жайкы эс алуусун уюштурууга көңүл буруп жатат. Ар бир баштапкы кесиптик бирлик уюму өз кызматкерлеринин эс алуусун уюштуруу аракетин көрүп, мугалимдер жана тарбиячылар бир күндүк эс алууга Ысык-Көлгө барып келишти.

Кесиптик бирликтин райондук комитети тарабынан эс алууга ар түрдүү сынактын жеңүүчүлөрү болуп табылган, быйылкы окуу жылында активдүүлүгү менен айырмаланган мугалимдерге өзгөчө көңүл бурулду. Ысык-Көлдө жайгашкан “Ысык-Көл”, «Ала-Тоо» жана башка эс алуу жайларында 90 мугалим 3 күндөн эс алышты. Жайкы эмгек өргүү мезгилине эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунан жолдомолор берилип “Көгүлтүр Ысык-Көл”, “Ысык-Ата”, “Жалал-Абад” санаторийлеринде 37 кызматкер ден соолуктарын чыңдашты.

Тоң районундагы “Кызыл гвоздика” эс алуу борборунда кесиптик бирликтин райондук комитетинин бюджетинин эсебинен 82 кызматкер 3 күндүк эс алууда болушту. Эс алуу учурунда Каджы-Сайдагы «Ысык-Сууга», Жети-Өгүзгө, “Жомок” каньонуна барып эс алып жана “Манжылы-Ата” комплексине зыярат кылышты. Эс алуу учурунда эки командага бөлүп, кесиптик бирлик комитети тарабынан “Ыр кесе” сынагы уюштурулду. Мелдештин жыйынтыгында «Ысык-Ата Алга» командасы жеңишке ээ болду. Командаларга баалуу белектер тапшырылды. Андан тышкары, оюн-зооктор уюштурулуп, эс алуучулар ыраазычылыктарын билдиришти. Жогоруда айтылгандардан тышкары кесиптик бирликтн райондук комитетинин эсебинен 20 жоопту кызматкерлерине 3 күндүк эс алуу уюштурулду.

Ошондой эле, билим берүү тармагында эмгектенген кызматкерлеринин балдары жайкы каникулда Ысык-Көлгө акысыз эс алууга жөнөтүлдү. "Илим" ден соолукту чыңдоо лагеринде район боюнча жалпы 104 бала ден соолугун чыңдап, маданий-спорттук иш-чараларга катышып, эс алууну көңүлдүү өткөрүштү.

Билим берүү тармагындагы кызматкерлердин ден соолугун чыңоо боюнча иштер мындан ары да улантылат.

 

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Ысык-Ата райондук комитети