Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Ден соолукту чыңдоо

ОшМУнун кызматкерлери жайкы эс алууда

ОшМУнун ректору, профессор К.Г.Кожобековдун демилгеси менен 2023-жылдын 23-июлунанан 28-июлуна чейин 60 кызматкер Ысык-Көл областынын Кара-Ой айылындагы "Телтору" пансионатында эс алууда болушту. Эс алып жаткан кызматкерлер менен ОшМУнун кесиптик бирлик комитетинин төрагасы А. Саттаровдун жолушуусу уюштурулду.

Андан кийин 28-июлдан 31-июлга чейин Чок-Тал айылындагы "Дельфин" пансионатына 120 кызматкер эс алууга барышты. Эс алууга барган кызматкерлерге Назарбаев университетинин профессору Д.А.Шаматов тарабынан даярдалган:

ЖОЖДОР САПАТЫ;

АКАДЕМИЯЛЫК ПРОГРАММАЛАР;

НАЗАРБАЕВ УНИВЕРСИТЕТИНИН МИСАЛЫНДА СИЛЛАБУС ЖАЗУУ,

БААЛОО, 

АКАДЕМИЯЛЫК ЧЫНЧЫЛДЫК,

ИЗИЛДӨӨНҮ ОКУТУУ деген аталыштагы тренинг өткөрүлдү.

Тренингде аталган темалар боюнча кеңири маалыматтар берилип, бир катар суроо-жооп, сунуш-пикирлер менен коштолду. Тренингдин соңунда, эс алуучулардын атынан ОшМУнун ректору, профессор К.Г.Кожобеков Назарбаев университетинин профессору Д.А.Шаматовго жана ОшМУнун кесиптик бирлик комитетине ыраазычылыгын билдирди.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМУнун кесиптик бирлик комитети