Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Ден соолукту чыңдоо

Мугалимдер көңүлдүү эс алып келишти

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Тогуз-Торо райондук комитетинин иш планы боюнча мугалимдердин эс алуусун уюштуруу максатында “Кызыл гвоздика” ден соолукту чыңдоо борборуна  үч күнгө эс алууга, ден соолуктарын чыңдоого жиберилген.

Эс алууну уюштурууга райондук кесиптик бирлик комитетинен 65250 сом бөлүнүп, 15 кесиптик бирлик мүчөсү жиберилди. Эс алуу абдан жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын белгилеп райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы С.Садыковго жана “Кызыл Гвоздика” ден соолукту чыңдоо борборунун жетекчилигине терең ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Тогуз-Торо райондук комитети