Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Ден соолукту чыңдоо

Кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн ыраазычылыгы

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитети “Жайкы эс алуу-2023” иш-чараларынын алкагында “Арстанбап-Ата” турбазасында 24-27-июль жана 31-июлдан 3-августка чейин эки агым менен 104 билим берүү кызматкерлеринин эс алуусун областтык бюджеттин эсебинен уюштурду.

Бул эс алуу күндөрүндө 1-агымда 26-июль күнү жана 2-агымда 2-август күндөрү кесиптик бирлик мүчөлөрү менен областтык комитеттин төрагасы А.Исмаилов жана жооптуу кызматкерлери менен жолугушуулар өткөрүлдү. Жолугушууда кесиптик бирлик мүчөлөрү үчүн аткарылып жаткан иштер тууралуу айтылып, суроолорго жооптор берилди. Эс алуучулар кесиптик бирлик уюмдарынын жетекчилерине ыраазычылыктарын билдиришип, иштерине ийгиликтерди каалашты.

Ошол эле күндөрү “Арстанбап-Ата” турбазасында эс алуулар уюштурган билим берүү кызматкерлеринин балдарынан да кабар алынып, аларга түзүлүп жаткан шарттар менен жакындан таанышылды.

 

Маалыматты даярдаган: кесипттик бирликтин Жалал-Абад областтык комитетинин инспектору А.Айдаров