Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Ден соолукту чыңдоо

“Ден соолук - 2024” спартакиадасы жыйынтыкталды

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулар  курамы жана кызматкерлер арасында волейбол, теннис, тогуз-коргоол, шахмат, футбол оюндары боюнча “Ден соолук - 2024” спартакиадасы жыйынтыкталды. Дене тарбия факультети тарабынан уюштурулган иш-чара 2024-жылы жогорку окуу жайлар арасында болчу чемпионатка мыкты оюнчуларды тандоого жана окутуучуларды сергек жашоого чакырууга багытталган.

Спартакиаданын жеңүүчүлөрүнө 1-2-3-даражадагы дипломдор, медаль жана кубоктор тапшырылды. И.Арабаев атындагы КМУнун бириккен профсоюздук уюмунун төрагасы Назар Доктурбек жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшырды.

Волейбол боюнча айымдар арасында:

 1-орун Гуманитардык-педагогикалык колледж;

2-орун Жаңы маалыматтык технологиялар институту;

3-орун  Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институту.

Жунузалы кызы Нургуль – «Мыкты оюнчу» деп таанылды.

40 жаштан жогору мырзалар арасында:

1-орун Гуманитардык-педагогикалык колледж, Теология факультети

2-орун Физика-математика факультети

3-орун  Жаңы маалыматтык технологиялар институту

Атанаев Токтосун - «Мыкты оюнчу» деп таанылды.

40 жашка чейин мырзалар арасында:

 1-орун Табигый илимдер жана туризм институту, Теология факультети

2-орун Ректорат

3-орун  Япон таануу институту

Мыкты оюнчу: Кулумбаев Тимурлан

Супер оюн волейбол боюнча:

1-орун  40 жашка чейин курама;

2-орун  40 жаштан жогору курамасы;

Мыкты оюнчу: Догдурбек Назар

 

Стол тенниси боюнча айымдар арасында

1-орун Гуманитардык-педагогикалык колледжинен Мирзараим кызы Улара, Жунузалы кызы Нургуль;

2-орун Ректораттан Казыбаева Жаңыл, Орокчиева Алина;

3-орун Жаңы маалыматтык технологиялар институтунан Сейитказиева Назгуль, Имангазиева Бермет;

Мыкты оюнчу: Казыбаева Жаңыл

 

Стол тенниси боюнча мырзалар арасында:

1-орун Гуманитардык-педагогикалык колледжинен Толоев Максат, Джумакеев Кадыржан;

2-орун Дене тарбия факультетинен Шаимкулов Таалайбек, Кутукеев Алиаскар;

3-орун Физика-математика факультетинен Дыйканов Ильичбек, Баетов Авалкан Куканович;

 

Мыкты оюнчу:Самаров Айбек

Тогуз коргоол боюнча айымдар арасында:

1-орун Гуманитардык-педагогикалык колледжинен Абдраимова Бактыгүл, Мамбеталиева Суусар:

2-орун Педагогика жана психология институтунен Барпыбаева Жаңыл, Арыпбекова Кайыргүл;

3-орун Искусство жана дизайн факультетинен Мамытова Айзат, Бараталиева Сауле.

Мыкты оюнчу: Тыналиева Чынара

 Тогуз коргоол боюнча мырзалар арасында:

1-орун Гуманитардык-педагогикалык колледжинен Абдраманов Дастан, Радмир кызы Мадина;

2-орун Физика-математика факультетинен Дыйканов Ильичбек, Көчөрбаева Бермет;

3-орун Дене тарбия факультетинен Жамангулов Калимулла, Канназар уулу Нурасыл.

Мыкты оюнчу: Абдраманов Дастан

Шахмат боюнча айымдар арасында:

1-орун Мамлекеттик тил жана маданият институтунан Абышбаева Астра, Эгембердиева Аида;

2-орун Искусство жана дизайн факультетинен Мажитова Луиза, Саткынова Нуркамал;

3-орун Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунан Алыкулова Гүлбү, Доогараева М;

 

Мыкты оюнчу: Алишерова Жумагүл.

Шахмат боюнча мырзалар арасында:

1-орун: Педагогика жана психология институтунан Орозалиев Шаршеналы, Мурзаев Тагайбек;

2-орун: Экономика жана менеджмент институтунан Умурзаков Мурат, Шайлообек уулу Бактыяр;

3-орун: Гуманитардык-педагогикалык колледжинен Алишев Токон, Тутуков Б.

Мыкты оюнчу: Умурзаков Мурат

Футбол боюнча:

1-орун: Дене тарбия факультети;

2-орун; Гуманитардык-педагогикалык колледж;

3-орун: Ректорат;

Мыкты оюнчу: Нурматов Мухтар

 

Маалыматты даярдаган: И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети