Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Ден соолукту чыңдоо

Балдардын жайкы эс алуусу

2023-жылдын 9-июлунда Жалал-Абад областынын Аксы районундагы “Сары-Челек” балдардын ден соолугун чыңдоо лагери жаш балдардын эс алуусун уюштуруунун экинчи этабын баштады. Ага Аксы, Ала-Бука районунун жана Таш-Көмүр шаарынын 7 жаштан 14 жашка чейинки мектеп окуучулары эс алышууда.

Аксы районуна Борбордук комитет тарабынан балдардын эс алуусуна 77 орун бөлүнүп, Аксы районундагы билим берүү бөлүмүндө иштеген кызматкерлердин балдарына берилди. 11-июлда лагердин ачылышы болуп Аксы районун акими жана Ала-Бука, Аксы, Таш-Көмүр райшаардык кесиптик бирлик комитеттеринин төрагалары келип катышышты. Келген коноктор лагердин шартын көрүп, лагердин директорунун ишине ийгилик каалап, жана ошондой эле балдарга көнүлдүү эс алуу каалашты.

Ошондой эле лагердеги түзүлгөн жагымдуу шарттар: таза аба, даамдуу тамактары, жылуу бассейндери, спорттук аянчалары, ар бир күнгө түзүлгөн иш-чаралары окуучулардын зеригүүсүнө жол бербей тургандыгын көрүштү.

Ал жерде эс алып жаткан окуучулар, ушундай шартты жаратып берген  Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетине жана алардын областык, райондук комитеттерине терең ыраазычылыгын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Аксы райондук комитети