Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Ден соолукту чыңдоо

Балдардын жайкы эс алуусу уюштурулду

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2023-жылдын 2-июнундагы №44-т “2023-жылы балдардын жана өспүрүмдөрдүн жайкы эс алуусун уюштуруу жөнүндө” тескемесин аткаруу максатында Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 5-июнундагы №121-б буйругунун негизинде 2023-жылдын 16-июнунан баштап кесиптик бирликтин Ноокен райондук комитети Ноокен райондук билим берүү бөлүмү менен биргеликте балдардын жайкы эс алуусун уюштура баштады.

Ата-энелердин кайрылууларын жана сунуштарынын эске алуу менен биринчи агымда 16-21-июнь күндөрү “Арстанбап” пансионатына 57 бала, “Артанбап-Ата” турбазасына 131 бала, жалпы 188 жаш өспүрүмдүн эс алуусу уюштурулду. Бул иш-чара ата-энелер, демөөрчүлөр жана айыл өкмөттөрү тарабынан каржыланып, өткөрүлдү.

Ал эми экинчи агымда 21-26-июнь күндөрүнө пландаштырылып, уюштурулду. Анда  “Артанбап-Ата” турбазасына жалпы 272 бала эс алууга жиберилди.

 

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ноокен райондук комитетинин инспектору Т.Бакиров