Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Ден соолукту чыңдоо

Аламүдүндүн билим берүү кызматкерлеринин жайкы эс алуусу уюштурулду

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Аламүдүн райондук комитети тарабынан 2023-жылдын жайкы эс алуусун уюштурууга чоң көңүл бурулууда. Атап айтсак, 2022-2023-окуу жылы якташы менен ар бир  баштапкы кесиптик бирлик уюму өз кызматкерлеринин эс алуусун уюштурушту. Кээ бирлери бир күндүк эс алууда тоого барышса, кээ бирлери  кызыктуу саякаттарга барышты. А.Жумагулов атындагы Көк-Жар  мектебинин профсоюз мүчөлөрү Ташкент шаарына сапарлашты, ал эми Ж.Касымбаева атындагы мектеп-гимназиясынын жамааты Ысык-Көлдө жайгашкан “Ак толкун” эс алуу жайында 3 күн болушту.

Райондук комитет тарабынан июль айында бюджеттин эсебинен Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук  комитети тарабынан уюштурулган Тоң районундагы “Кызыл гвоздика” эс алуу борборунда райондук кесиптик бирлигинин бюджетинин эсебинен 348,0 ( үч жүз кырк сегиз миң) сом бөлүнүп 80 кызматкерди  3 күндүк  эс алдырууну камсыздашты. 

Борбордук комитетинин келишиминин негизинде  Кажы-Сайдагы Ысык сууга, Жети-Өгүзгө, “Жомок” каньонуна  , туздуу көлгө барып  эс алышты жана “Манжылы Ата” комплексине зыярат кылганга жетишишти. Бул эс алууга эмекте эң жакшы көрсөткүчтөргө жетишкен №2 Аламүдүн мектебинен 10 жана Бер-Булак мектебинен 8 мугалим татыктуу болушту. Калган баштапкы уюмдардан жамааттын чечими менен эс алууга тартылышты. Эс алуу менен бирге райондук кесиптик бирлик комитетинин ишмердүүлүгү менен таанышышты. Жайкы эмгек өргүү мезгилине  эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунан 12 жолдомо берилип, “Көгүлтүр Ысык-Көл”, “Ысык-Ата”, “Жалал Абад”, “Жети Өгүз” санаторияларында жана “Ала-Тоо”, “Ысык-Көл” эс алуу үйлөрүндө 75 кызматкер эс алышат.Ошону менен бирге билим берүү кызматкерлеринин 116 баласы Кара-Ой айылында жайгашкан “Илим” балдардын эс алуу борборунда ден соолугун чыңдашат. Эс алуучулар  уюштуруучуларга , өзгөчө “Кызыл гвоздика” эс алуу жайынын кызматкерлерине ыраазычылыгын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Аламүдүн райондук комитетинин төрайымы Б.Намазбекова