Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

2022 г. "Год защиты горных экосистем и климатической устойчивости"

Мугалим А.Турдалиева мультфильмдеги каармандарды кагаз бетине түшүрөт

Нарын районуна караштуу Жерге-Тал айылынын 27 жаштагы тургуну Асел Турдалиева 5 жылдан бери «Өрнөк» балдар чыгармачыл билим борборунда сабак берип, андагы окуучулары менен бирге көптөгөн кароо-сынактарга катышып, байгелүү орундарды алып келет.

Мугалимдин айтымында, 2016-жылга чейин кыздарга бий үйрөтүп жана чопо чоор, кыл кыяк, комуздан, вокалдан балдарга сабак берип келген.

- Мен 2009-жылы М.Күреңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайын кызыл диплом менен аяктап, Б.Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинин сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, аны 2016-жылы бүттүм. 2012-жылдан бери Жерге-Тал айылынын "Өрнөк" балдар чыгармачыл билим борборунда сабак берип, окуучуларым менен бирге "Жаш талант" кароо-сынагына катышып, көптөгөн байгелүү орундарга ээ болдук. Райондук кароо-сынактарда комуз боюнча дайыма баш байгени алсак, облустук кароо-сынактардан экинчи жана үчүнчү орундарга ээ болуп, баалуу белектерди алып келебиз. Мындан сырткары, 2016-жылга чейин балдарга бийден сабак берип, көптөгөн сынактардан 1-орундарды жеңип алдык, - деди ал.

А.Турдалиева сабак берүүдөн тышкары сүрөт тартып, кол өнөрчүлүк менен алектенип, буйрутма менен кийим тигет.

- Мектепте окуп жүргөндө эле сүрөт тартчумун. Көп учурда мультфильмдердеги ар кандай образдагы каармандарды тартам. Ошондой эле, кол өнөрчүлүк менен алектенип, кийизден түрдүү азем белектерди жасап, буйрутма аркылуу кийимдерди тигем, - деди ал.

Асел айым Талас районуна караштуу Сасык-Булак айылында өскөн. Ал үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу.

Кол өнөрчү жергеталдык  жигит А.Касымбековго турмушка чыккан. Ал куш таптап, зергерчилик кылат.