Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

2022 г. "Год защиты горных экосистем и климатической устойчивости"

Мээрим: Таласта чоңоюп, Баткенде иштеп жатам

- Мээрим, өзүңүз тууралуу маалымат берип өтсөңүз. 

- Мен Талас шаарында туулгам. Таластагы Сагын Абдуллаев атындагы мектепти 2010-жылы аяктап, Талас мамлекеттик университетинде география адистиги боюнча билим алдым. Жогорку окуу жайды бүткөн соң алгачкы эмгек жолумду Баткен жергесиндеги «Сапат» билим берүү мекемесине караштуу Исхак Раззаков атындагы Кызыл-Кыя лицейинде баштадым. Бул жакта иштеп жатканыма быйыл 2 жылдын жүзү болду.

- Үй-бүлөдө канча бир туугансыз? Ата-энеңиз туурасында айтсаңыз.

- Үй-бүлөдө 4 бир тууганмын. Ата-энем жеке ишкерлик менен алектенишет. Эжем үй-бүлөлүү, иним учурда Түркияда билим алып жатат. Эң кичүүбүз да жогорку окуу жайлардын биринде билим алууда.

- Бала кезде ким болууну кыялданчу элеңиз?

- «Дүйнөдө түгөнгүс бактылуулук жок, бирок бактылуу мүнөттөр бар» дегендей, өмүрдүн эң кызык, кайгы-капасыз, эч нерсени ойлонбой, оюнга тойбой жүргөн эң бактылуу кез балалык болсо керек. Ырчы болсом деп кыялданчумун. Кичинекей балдарды чогултуп, концерт койгон күндөр эсимде.

- Хоббиңиз эмне?

- Саякаттоону абдан жакшы көрөм. Бош убактымда китеп окуйм. Мектеп курагында комуз ийримине барчумун. Убактым болгондо кол ойнотуп калам.

- Талас менен Баткен жергесинин айырмасы бар бекен?

- Албетте, ар бир дубандын өзүнчө өзгөчөлүгү бар. Каада-салттарында, конок тосуудагы өзгөчөлүк бар. Баткенде дыйканчылыкты жакшы өздөштүрүшкөн. Байкашымча чакан жер тилкелер да бош калбайт. Мөмө-жемиш, жер-жемиштин да түрүн көрүүгө болот. «Бир күн туз таткан жериңе миң күн салам айт» дегендей, Баткен алгачкы эмгек жолум башталган жер катары эсимде кала берет.

- 10 жылдан кийин өзүңүздү кайсы чөйрөдөн көрө аласыз?

- «Пенденин оозунда болсо,  кудайдын кулагында» дегендей ушул эле тармактын мыкты адиси, окуучуларымдын мыкты болушуна, өлкөнүн өнүгүшүнө салымымды кошкон инсандардан болсом деген тилектер бар.

- Окуучуларыңыздын жетишкендиктерине токтолсоңуз.

- Окуучулардын жетишкендиктерин көрүү сыймык. Биздин лицейдин окуучулары тил үйрөнүү жагынан, так илимдер жагынан, менталдык арифметика, ошондой эле маданий жактан да бир топ ийгиликтерди багындырып жатышат.