Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик жөнүндө

ТӨРАГА - СУЛТАНБАЕВ АБДЫКАДЫР ДАРДАНОВИЧ


Султанбаев Абдыкадыр Дарданович - 1954-жылы туулган, билими жогору. 1979-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин жана 1989-жылы Алматы Жогорку партиялык мектебин бүтүргөн. Кесиби боюнча журналист-филолог.

Эмгек жолун1978-1979-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин Комсомол комитетинин секретарынын орун басары болуп баштаган.

1979-1987-жылдары Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин, Кыргыз ССР Жогорку Советинин жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин оргнаы болгон «Советтик Кыргызстан» газетасынын атайын кабарчысы жана мектептер, жогорку окуу жайлар бөлүм башчысы болуп иштеген.

1989-1991-жылдары Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин идеологиялык бөлүмүнүн инструктору, басма сөз сенторунун башчысы.

1991-жылы атаандаштык негизде Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзунун төрагасы болуп шайланган жана бул кызматты бүгүнкү күнгө чейин аткарып келе жатат.

2000-2005-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчиси, 2005-2015-жылдары Жогорку Кеңештин Социалдык саясат, билим берүү, илим, маданият жана маалымат саясаты боюнча комитеттеринин бөлүм башчысы, 2015-2021 жылдары Жогорку Кеңештин Аппаратынын Лингвистикалык экспертиза бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

2021-2024-жылдары Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун борбордук комитетинин төрагасынын кеңешчиси.

A.Д.Султанбаев бардык жерде, анын ичинде кесиптик бирликтин борбордук комитетинде жогорку даярдыктагы кесипкөй адис, иш билги, жоопкерчиликтүү мамлекеттик кызматкер-жетекчи катары көрсөтө алган.

Билим берүү, маданият жана маалымат жаатынагы бир катар мыйзамдарды иштеп чыгууга жана даярдоого активдүү катышкан.

Узак жылдар бою мамлекеттик кызматта үзүрлүү иштегендиги үчүн Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер ардактуу наамы, Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак Грамотасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин юбилейлик медалы, «Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө 10-жыл» юбилейлик медалы, «Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл» медалы жана «Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн отличниги» наамы ыйгарылган.