Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому
Бишкек шаары, 2015-жылдын 9-июлу № 473
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячыларынын, мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын, баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин жана окутуучуларынын, ошондой эле аталган уюмдарда иштеген административдик персоналдын ишинин натыйжалуулугунун жана сапатынын деңгээлин жогорулатуу максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 18 "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
таблица төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
Кызматтын аталышы |
Бир сааттык окутуучулук иш үчүн акы төлөө, сом менен |
||
орто кесиптик педагогикалык билим |
жогорку педагогикалык билим |
||
бакалавр, дипломдуу адис |
магистр |
||
Мугалим, окутуучу |
60 |
67,5 |
75 |
";
эскертүүнүн 5-пунктундагы "(*)" белгиси алып салынсын;
эскертүүнүн алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
эскертүү төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6. Баштапкы класстарда сабак берген мугалимдин бир сааттык ишинин наркын аныктоодо мугалимдин тийиштүү билимине жараша бир сааттык ставкасынан 1,2 коэффициент колдонулат.";
- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде:
таблица төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
Кызматтын аталышы |
Бир сааттык окутуучулук иш үчүн акы төлөө, сом менен |
||
орто кесиптик педагогикалык билим |
жогорку педагогикалык билим |
||
бакалавр, дипломдуу адис |
магистр |
||
Мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы |
57,6 |
63 |
68,4 |
Бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттарынын жана балдар үйлөрүнүн тарбиячылары |
49,4 |
54,6 |
58,5 |
";
эскертүүнүн бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесинде:
таблицадагы "(*)" белгиси алып салынсын;
эскертүүнүн үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемесиндеги таблица төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
Кызматтын аталышы |
Кызматтык маянасы, сом менен |
Төмөнкүлөргө ээ өндүрүштүк окутуу мастери: |
|
- баштапкы кесиптик билимге; |
6450 |
- орто кесиптик билимге; |
6750 |
- жогорку билимге(*); |
7200 |
- академиялык магистр даражасын ыйгаруу менен жогорку билимге |
8250 |
";
жогоруда аталган токтомдун 7-тиркемесиндеги таблица төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
Окуучулардын (тарбиялануучулардын) саны боюнча жалпы билим берүү уюмдары |
Айлык кызматтык маяналар, сом менен |
||
Директор |
Директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары |
Директордун башка орун басарлары, класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы иштерди уюштуруучу |
|
100гө чейин |
6000 |
5400 |
5100 |
100дөн 600гө чейин |
6840 |
6156 |
5814 |
600дон 1200кө чейин |
7680 |
6912 |
6528 |
1200дөн 1800гө чейин |
8520 |
7668 |
7242 |
1800дөн жогору |
9360 |
8424 |
7956 |
";
- жогоруда аталган токтомдун 8-тиркемесиндеги таблица төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
Балдардын саны боюнча мектепке чейинки билим берүү уюмдары |
Айлык кызматтык маяна, сом менен |
|
Директор |
100гө чейин |
6000 |
100дөн 200гө чейин |
6600 |
200дөн 300гө чейин |
7200 |
300дөн жогору |
7800 |
";
- жогоруда аталган токтомдун 10-тиркемесиндеги таблица төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
Кызматтын аталышы |
250гө чейинки окуучу |
250дөн 450гө чейинки окуучу |
450дөн жогору окуучу |
Директор |
6600 |
7200 |
7800 |
Директордун орун басары |
6000 |
6600 |
7200 |
";
- жогоруда аталган токтомдун 14-тиркемесинде:
II пунктунун жетинчи сабындагы "аскер жетекчиси*," деген сөздөр алып салынсын;
эскертүүнүн 1-пунктундагы "500" жана "1000" деген цифралар тиешелүү түрдө "1000" жана "1500" деген цифралар менен алмаштырылсын;
эскертүү төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1. Ушул тиркеменин I жана II пункттарында аталган мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарындагы кызматкерлердин кызматтык маяналарына 1,2 коэффициенти колдонулат.";
эскертүүнүн бешинчи-сегизинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган токтомдун 15-тиркемесиндеги таблица төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
Кызматтардын аталышы |
Кызматтык маяна (сом менен) |
Бөлүм башчы |
5760 |
Окуучулардын контингенти төмөнкүдөй болгон билим берүү уюмунун башкы бухгалтери: |
|
- 250 адамга чейин; |
6000 |
- 250ден 450 адамга чейин; |
6240 |
- 450 адамдан көп |
6480 |
Бухгалтер |
5700 |
Чарба башчысы |
5400 |
Психолог |
5400 |
Сурдокотормочу, сурдопедагог, педиатр-дарыгер |
5400 |
Улук мастер |
7500 |
Дене тарбия жетекчиси |
5400 |
ЖАЧДнын (жаштарды аскерге чакырганга чейинки даярдоо) жетекчиси |
5400 |
Методист |
5400 |
Жатаканадагы тарбиячы |
5040 |
Китепкана башчысы |
5040 |
Бухгалтер-кассир |
5040 |
Ашкана башчысы (шеф-ашпозчу) |
4800 |
Жатакана башчысы |
5040 |
Механик |
5040 |
Окуу бөлүмүнүн катчысы, кадрлар боюнча инспектор, паспортчу, китепканачы |
4800 |
".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 270 "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акыларын эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускамада:
- 5-главанын 5.1-пунктунда:
таблица төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
Орто кесиптик педагогикалык билим |
Жогорку педагогикалык билим |
|
бакалавр, дипломдуу адис |
магистр |
|
60 |
67,5 |
75 |
";
тиркеме төмөнкүдөй редакцияда экинчи абзац менен толукталсын:
"Баштапкы класстарга сабак берген мугалимдин ишинин наркын аныктоодо тийиштүү билимине жараша мугалимдин бир сааттык ставкасынан 1,2 коэффициент колдонулат.";
- 5-главанын 5.2-пунктундагы:
таблица төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
Орто кесиптик педагогикалык билим |
Жогорку педагогикалык билим |
|
бакалавр, дипломдуу адис |
магистр |
|
30 |
33,75 |
37,5 |
";
тиркеме төмөнкүдөй редакцияда экинчи абзац менен толукталсын:
"Баштапкы класстарга сабак берген мугалимдин ишинин наркын аныктоодо тийиштүү билимине жараша мугалимдин бир сааттык ставкасынан 1,2 коэффициент колдонулат";
- 5-главанын 5.3-пунктунда:
1-мисалдын бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"(20 сааттык сабактык иш х 72 сом + 6 саат даярдык иштери х 72 сом + 6 саат сабактан тышкаркы иш х 36 сом) х 4,2 жума = (1440 сом + 432 сом + 216 сом) х 4,2 жума = 8769,6 сом + 8769,6 х 20% (педагогикалык иш стажы үчүн кошумча акы) = 8769,9 сом + 1753,92 сом + 500 сом (дем берүүчү фонддон кошумча акы) = 11023,52 сом";
2-мисалдын бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"(22 сааттык сабактык иш х 67,5 сом + 6 саат даярдык иштери х 67,5 сом + 4 саат сабактан тышкаркы иш х 33,75 сом) х 4,2 жума = (1485 сом + 405 сом + 135 сом) х 4,2 жума = 8505 сом + 8505 сом х 30% + 1000 сом (айыл жеринде иштегени үчүн кошумча акы) х 22 саат : 20 саат = 8505 сом + 2551,5 сом + 1100 сом + 300 сом (дем берүүчү фонддон кошумча акы) = 12456,5 сом";
3-мисалдын бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"(20 саат сабактык иш х 67,5 сом + 6 саат даярдык иштери х 67,5 сом + 6 саат сабактан тышкаркы иш х 33,75 сом) х 4,2 жума = (1350 сом + 405 сом + 202,5 сом) х 4,2 жума = 8221,5 сом (дем берүүчү фонддон кошумча акы каралган эмес)";
4-мисалдын бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"(20 саат сабактык иш х 67,5 сом + 6 саат даярдык иштери х 67,5 сом + 6 саат сабактан тышкаркы иш х 33,75 сом) х 4,2 жума = (1350 сом + 405 сом + 202,5 сом) х 4,2 жума = 8221,5 сом + 1000 сом (айыл жеринде иштегени үчүн кошумча акы) х 20 саат: 20 саат + 8221,5 сом х 10% (педагогикалык стаж үчүн кошумча акы ) = 8221,5 сом + 1000 сом + 822,15 сом + 2000 сом (дем берүүчү фонддон кошумча акы) = 12043,65 сом";
- 3-тиркемеде:
"Билим берүү уюмдары" графасынын онунчу сабы "Кыргыз билим берүү академиясы" деген сөздөрдөн кийин ", окуу-методикалык кабинеттери" деген сөздөр менен толукталсын;
"Кызмат орундар" графасынын онунчу сабы "Методист" деген сөздөн кийин ", окуу-методикалык кабинетинин башчысы" деген сөздөр менен толукталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги 2015-жылы баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнү 2015-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде ишке ашырсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды даярдоодо ушул токтомдон келип чыгуучу чыгымдарды эсепке алсын.
5. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги белгиленген тартипте жалпы билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлери үчүн квалификациялык категорияларды киргизүүнү караган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2015-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
|
Т.Сариев |