КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2007-жылдын 6-декабры ПЖ N 539
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 6-декабры ПЖ N 539
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Билим берүү кызматкерлерине педагогикалык
иш стажы үчүн үстөк акы төлөө жөнүндө
(КР Президентинин
2011-жылдын 17-августундагы ПЖ N 199 Жарлыгынын
редакциясына ылайык)
Билим берүү кызматкерлерин социалдык жактан коргоону камсыз кылуу жана "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында токтом кылам:
1. 2008-жылдын 1-январынан тартып республиканын билим берүү системасынын кызматкерлерине педагогикалык иш стажы үчүн үстөк акы төлөө жүргүзүлсүн.
2. (КР Президентинин 2011-жылдын 17-августундагы ПЖ N 199 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
5 жылга чейинки иш стажы бар адистерге төмөнкү өлчөмдө үстөк акы берилсин:
- шаарларда жашаган мугалимдерге - 100 сом;
- айыл жергесинде жашаган мугалимдерге - 200 сом;
- чегара аймактарында жашаган мугалимдерге - 300 сом.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте:
- ушул Жарлыктан келип чыгуучу тиешелүү мыйзам долбоорлорун даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучуга жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык 2008-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев