Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Ченемдик-укуктук актылар

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 1999-жылдын 25-ноябры N 642 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

1999-жылдын 25-ноябры N 642

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

Эмгек акынын орточо өлчөмүн

эсептөөнүн Эрежелери жөнүндө

 

(КР Өкмөтүнүн

2005-жылдын 17-июнундагы N 239,

2012-жылдын 27-сентябрындагы N 656

токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 159-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелген Эмгек акынын орточо өлчөмүн эсептөөнүн Эрежелери бекитилсин.

2. Эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекитилген Эрежелердин колдонулушу боюнча түшүндүрүү ишин жүргүзсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы N 656 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 19-майындагы N 223 "Отпускаларды жана пайдаланылбаган отпуск үчүн төлөнүүчү компенсацияларды эсептөө үчүн орточо эмгек акыны эсептөөнүн тартибин бекитүү тууралуу", 1993-жылдын 7-июлундагы 291 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 19-майындагы N 223 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө", 1993-жылдын 21-июнундагы N 327 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 7-июнундагы N 291 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомдору күчүн жоготту деп эсептелишсин.

4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Муралиев