Максаттар жана милдеттер белгиленди

2014-жылдын 24-сентябрында Ноокен районунун №31 Ж. Татыкулов атындагы орто мектебинде райондук «Ачык эшиктер куну» иш чарасы жана райондук билим берүү бөлүмүнүн коллегияси менен билим, илим профсоюзунун райондук комитетинин биргелешкен кенешмеси болуп оттуу. Иш-чарада инновациялык ыкмалар менен сабактар, мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына жана мамлекеттик тил майрамынын 25 жылдыгына карата класстан тышкаркы тарбиялык иш-чаралар өтүлдү. Иш-чараларга 55 мектептердин, 29 бакчалардин директорлору, ата-энелер, коомчулуктун өкүлдөрү катышты
07.10.2014 1736 Кесиптик бирлик региондордоТАРИФИКАЦИЯ КАНТИП ТҮЗҮЛӨТ
Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитети тарабынан уюштурулган эсепчилердин жана директорлордун семинарына катышкандар ушул маселе боюнча кеңири маалымат алышты. Семинар “Кызмат акы төлөөнүн жаңы системасына ылайык мектептерде жана башка билим берүү мекемелеринде педагогикалык жана көмөкчү кызматкерлердин эмгегин тарификациялоо жөнүндө” деп аталып
02.10.2014 1453 Кесиптик бирлик региондордоМектеп тамак-ашы акыл-эске азык берет, жашоону өзгөртөт

Сентябрь айынын соӊунда Ак-Суу районуна караштуу Ак-Чий айылындагы А. Ракымов атындагы орто мектебинде окуучулардын тамак-ашын оптималдаштыруу боюнча экс- президентибиз Роза Отунбаеванын демилгеси менен уюштурулган программасын турмушка ашыруу боюнча семинар-тренинг болуп өттү.
30.09.2014 1839 Кесиптик бирлик региондордо«Манас» лицей-интернатында билим берүү мекемелеринин профкомдору менен семинар
.jpg)
2014-жылдын 27-сентябрында «Манас» лицей-интернатында билим берүү мекемелеринин профкомдору менен семинар болуп өттү. Семинарда «Манас» лицей-интернатынын профсоюз комитетинин иши менен, иш кагаздары менен тажрыйба алмашуу болду. Андан кийин тарификация боюнча, убактылуу эмгекке жараксыз баракчасын толтуруу жана пособиенин төлөнүшү жана үч тараптуу келишимдин аткарылышы боюнча суроо-жооп катары викторина болуп, жаш профкомдор көп нерсени үйрөнүп кетишти.
30.09.2014 1246 Кесиптик бирлик региондордоКыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюздары модернизацияланып жаткан ОшМУ менен таанышты

Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин IV көчмө пленуму 17-19-сентябрь күндөрү Ош шаарында өттү. Пленумга билим жана илм тармагынын республика боюнча областтык, райондук, шаардык профсоюз кызматкерлери, жогорку окуу жайлары, атайын орто окуу жайларынын профсоюз комитеттеринин 80ден ашуун жетекчилери, пленумдун мүчөлөрү катышышты.
25.09.2014 2361 Кесиптик бирлик региондордоЖигердүү иштердин натыйжасы

2013-жылы мектеп окуучуларынын жайкы эс алуусу колго алынып, билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитетинин жеке аракетинин натыйжасында мурда профсоюздардын Жалал-Абад облустук кеӊешинин балансында турган, кийин жеке менчикке сатылып кеткен «Сары-Челек» туристтик базасында 100 мугалимдин балдары эс алып ден соолугун чыӊдоого мүмкүнчүлүк алышты.
23.09.2014 1168 Кесиптик бирлик региондордоДЕМИЛГЕ КӨТӨРҮШКӨН ДЕМӨӨРЧҮЛӨР
.jpg)
2014-2015-окуу жылынын башталышы Ак-Суу районундагы Боз-Учук айылындагы орто мектебинин окуучулары жана мектеп жааматы үчүн өзгөчө майрам болду. Себеби, бул күнү мектеп атын алып жүргөн Мамыркул Чөкүевдин урпактары демилге көтөрүп айылдын билим уясына интерактивдүү досканы белекке беришти. Бул демилгени көтөргөн демөөрчүлөрдүн бири райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Темиралиев Малик уюштуруу иштерин жүргүзүү менен бирге өз салымын да кошту.
23.09.2014 1213 Кесиптик бирлик региондордоИнновациялык мектептер - билим берүүнүн таянычы

КРнын Билим берүү жана илим министригинин иш-чараларына ылайык республикабызда 100 инновациялык мектептер аныкталып, аларга өзгөчө макам берилип билим берүүнүн усулдук борбору деӊгээлинде иштей башташты. Ноокен районунда №1 Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектеби, Н. Исанов атындагы жатак гимназия мектептери 100 мектептин катарында иновациялык мектептер макамын алышып жаны окуу жылын башташты.
22.09.2014 1856 Кесиптик бирлик региондордоПедагогдордун жайкы дем алуусу кандай өттү?

Үстүбүздөгү жылдын 8 айынын ичинде Кыргызстан профсоюздар Федерациясы тарабынан санаторийлерге, пансионаттарга жана дем алуу үйлөрүнө берилген 219 120 сомдук 12 жолдомо менен 68 кесиптик бирлик мүчөсү ден соолуктарын чыңдап, дем алып келишти. Бул жолдомолор бардык дарылануучуларга жана дем алуучуларга акысыз таратылды. Суроо-талап көп болгондуктан, кесиптик бирликтин облустук комитетинин (төрагасы З.Н.Бөтөков) уюштуруусу боюнча келишимдик баада Оштогу К.Мамакеев атындагы санаторий-профилакторийинде 13, “Ош” пансионатында 5 кесиптик бирлик мүчөсү дарыланышты.
12.09.2014 1202 Кесиптик бирлик региондордоНоокат райондук комитетинин президиумунун кезектеги отуруму болуп өттү

9- сентябрда билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокат райондук комитетинин президиумунун кезектеги отуруму болуп өттү деп билдирди аталган комитеттин төрайымы Сонунбүбү Шанабаева. Анын билдирген маалыматына күн тартибинде 7 маселе каралып, анда 3- кварталда аткарган иштери жана кийинки кварталга карата аткарылуучу милдеттер белгиленди.
12.09.2014 1081 Кесиптик бирлик региондордоМектепте музей ачылды

Жакында Ысык-Кѳл областына караштуу Ак-Суу районундагы Досалы Туратбеков атындагы орто мектебинде мектеп ысымын алып жүргѳн Д.Туратбековдун музейи салтанаттуу ачылды. Музейге кыргыз элине белгилүү бул инсандын жашоо-турмушунда колдонуп келген буюмдары, эмгек жолундагы сүрѳттүү кѳз ирмемдер, кийим-кечелери, иш кагаздары, орден-медалдары жана Ардак грамоталары коюлду.
11.09.2014 1794 Кесиптик бирлик региондордо