Кара-Суу районунда отчеттук кайра шайлоо конференциясы болуп өттү

Кара-Суу райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин XIX отчеттук кайра-шайлоо конференциясы 2014-жылдын 19-ноябрь күнү болуп өттү. Конференцияга 171 баштапкы профсоюз уюмдарынан 196 делегат шайланып, алардын ичинен 188 делегат катышты.
03.12.2014 1249 Кесиптик бирлик региондордоОшМУнун аялдар Кеңеши “Биз кайрымдуубуз» аттуу фонд уюштурушуп, «Боорукердик» үйүндөгү аксакалдардан кабар алышты

ОшМУнун аялдар Кеңешинин төрайымы жана бардык факультеттердин аялдар кеңештери өз демилгелери менен «Биз кайрымдуубуз» аттуу фонд уюштурушту. Алгач аялдар Кеңешинин мүчөлөрү өз эсептеринен фондго 8000 сом акча каражатын жыйнашкан, ал каражатка кышкы жылуу кийимдерди алышып 24-ноябрь күнү Ош шаарындагы «Боорукердик» үйүндөгү аксакал аталардан, энелерден кабар алышып, белектерин беришти.
03.12.2014 1358 Кесиптик бирлик региондордоОШТОГУ 12 МЕКТЕП АКЫСЫЗ ИНТЕРНЕТ МЕНЕН КАМСЫЗДАЛАТ

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын тийиштүү мекемелер менен сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында шаардагы 12 мектеп акысыз интернет менен камсыздалуусу ишке ашууда. Бул тууралуу аталган башкармалыктын кызматкери Тынчтыкбек Досмуратов билдирди.
03.12.2014 1266 Кесиптик бирлик региондордоӨрнөктүү өмүр ээси

AлтаеваKарачач Aрыстамбаевна -1947-жылы Суусамырдагы Текши айылында жумушчунун үй-бүлөөсүндө туулган. Алгач, 7 жылдык «Красный пахарь» орто мектебинде билим алып, андан кийин Асыл-Баштагы 10 жылдык мектепте билим алган. Атасы Арыстамбай, айылдагы кадыр барктуу, жетекчи кызматтарда иштеген адам болгон.
03.12.2014 1812 Кесиптик бирлик региондордоОшМУда илимге кызыккан жаштардын башын кошкон аймактык студенттик илимий конференция
Ош мамлекеттик университетинде ОшМУнун 75 жылдык юбилейине карата “Илим жана жаштар – жаңы идеялар жана жыйынтыктар” аттуу аймактык студенттик илимий конференция өткөрүлдү. Конференцияга ОшМУ, ОшТУ, ОГПИ, ЖАМУ, БатМУнун Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институту, Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунан 300дөн ашуун студенттер катышышты.
28.11.2014 2105 Кесиптик бирлик региондордо«Манас – улуу мамлекеттик ишмер» аттуу илимий –практикалык конференция

2014-жылдын ноябрында Ноокен районунун №2 С. Ногоева атындагы орто мектебинин чогулуштар залында «Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына карата» «Манас – улуу мамлекеттик ишмер» аттуу илимий –практикалык конференция болуп өттү. Конференцияны КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Ноокен райондук мамлекеттик администрациясы, Ноокен райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулуп, 108 адам катышты.
28.11.2014 1281 Кесиптик бирлик региондордоКонференция – жогорку деӊгээлде өттү
.jpg)
2014-жылдын 21-ноябрь күнү Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун XXVII отчеттук кайра-шайлоо Конференциясы болуп өттү. Конференция райондук профсоюз комитетинин төрагасы И.Мырзамидиновдун 2010-2014-жылдар аралыгында алып барган иштери боюнча отчетун укту.
25.11.2014 1094 Кесиптик бирлик региондордоАраван районунда XVIII отчеттук кайра шайлоо конференциясы.

2014- жылдын 18 - ноябрында, Араван райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун XVIII отчеттук кайра шайлоо конференциясы өткөрүлдү. Конференцияда үстүбүздөгү жылдын 20 - январынан тартып төраганын милдетин аткаруучу болуп иштеп келе жаткан Турдубаев Бактыбек Абдилатович делегаттардын бир добуштан колдоосуна ээ болуп, төрага болуп шайланды. Конференциянын катышуучулары айлык акылардын жогорулоосун өкмөттөн талап кылып, кайрылуу кабыл алышты.
25.11.2014 1185 Кесиптик бирлик региондордоОшМУдан Лейлек гимназиясына белек

Ош мамлекеттик университети Лейлек районундагы новатор, жаңычыл, көрүнүктүү изденгич мугалим Гапыр Маданимовдун №3 эксперименталдык гимназия мектебине белек жөнөттү.
25.11.2014 1365 Кесиптик бирлик региондордоОшМУда айлык акы жогорулады
ОшМУда профессордук-окутуучулук курамдын, административдик башкаруу, чарба көмөкчү жана кенже-тейлөөчү кызматкерлердин айлык акылары окуу жайдын ички резервдеринин эсебинен 2014-жылдын 1-ноябрынан тартып салыштырмалуу кызматтык окладдын 50%дай жогорулатылды. Бул тууралуу чечим ОшМУнун административдик кеңешмесинде кабыл алынды.
25.11.2014 1616 Кесиптик бирлик региондордоПайдалуу байланыштар

2014-жылдын 11-ноябрь күнү Алай районунда мектептердин, балдар бакчаларынын диреторлорунун жана борборлоштурулган бухгалтериянын жамааты менен семинар ѳтүлдү. Билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин ѳкүлү – эмгекчилерди социалдык жактан колдоо жана эмгекти коргоо боюнча башкы инспектор Ниязбеков Кубатбек билим берүү тармагында эмгектенген кызматкерлердин эмгек акысын туура тѳлѳп берүү менен нормативдик – укуктук документтер менен таныштыруу максатында атайын келген.
19.11.2014 1366 Кесиптик бирлик региондордо