Профсоюз-бийликтин социалдык өнөктөшү

Ноокен районунун №8-Т.Орозматов атындагы орто мектебинде 2014-жылдын 14-ноябрында «Профсоюз- бийликтин социалдык өнөктөшү» темасында облустук семинар жана профсоюздук иш-чара болуп өттү. Анда Жалал-Абад Облустук Профсоюздар Кеӊешинин төрагасынын орун басары Л. Т. Ахмадалиев, Жалал-Абад Облустук Комитетинин бөлүм башчысы А.Т.Бегматов, райадминистрация башчысынын орун басары Н.А. Бекжигитова, райБББнун башчысы Б.С.Козуев, Ноокен айыл Өкмөтүнүн башчысы А.Б.Курбанкулов, мектептин, бакчанын директорлору, 88 баштапкы профсоюздук уюмдун төрагалары, ардагер жана жаш мугалимдер катышты
18.11.2014 2115 Кесиптик бирлик региондордоОшМУда студенттер күнүнө карата “Отличниктер слету”, «ОшМУнун стилдүү студенти - 2014» сынагы уюштурулду

Ош мамлекеттик университетинде окуу жайдын тарбия департаменти жана жаштар комитети тарабынан 17-ноябрь студенттердин эл аралык күнүнө карата “Отличниктер слету” жана факультеттер арасында «ОшМУнун стилдүү студенти - 2014» сынагы уюштурулду. Сынак 16-ноябрь күнү Ош улуттук драма театрында болуп өттү.
17.11.2014 2280 Кесиптик бирлик региондордоОшто окуу семинар болуп өттү

Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин өтүнүчү менен кызматкерлердин эмгек акысын, убактылуу эмгекке жарамсыздык, кош бойлуулук жана төрөт боюнча баракчаларга төлөмдөрдүн туура жүргүзүлүшү, ритуалдык сөөк коюуга жөлөк пулдардын төлөнүшү, укуктуулук, эмгекти коргоо, техникалык коопсуздукту сактоо жөнүндөгү маселелерди камтыган окуу семинар 2014-жылдын 13-ноябрында болуп өттү.
14.11.2014 1173 Кесиптик бирлик региондордоНарын районундагы Эмгек акы, убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы жана торотко чейинки төрөттөн кийинки баракчаларды туура төлөп берүү жана эмгекти коргоо боюнча окутуу семинары
Нарын райком профсоюз Комитети ушул жылдын 28-октябрында райондук денгеелде бала –бакчалардын башчылары жавна баштапкы профсоюз уюмдарынын жетекчилери катышкан семинар өткөрүлдү. Чакырылгандардын саны 70 болсо катышканы 59 адамды
13.11.2014 1523 Кесиптик бирлик региондордоЖалал – Абад облусунда «Жаш профсоюз лидери» кароо – сынагы жыйынтыкталды

2014-жылдын 5-ноябрында билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад обкомунда Борбордук Комитети тарабынан «2014-жыл - жаштар жана профсоюздардын ишмердүүлүгүндөгү инновациялар жылы» деген девиздин астында жарыяланган республикалык кароо-сынактын облустук туру жыйынтыкталды.
12.11.2014 1363 Кесиптик бирлик региондордоОшМУ “Жылдын мыкты мекемеси”
Кыргызстандын тунгуч гезити болгон “Кыргыз Туусу” гезитинин 90 жылдык мааракесинде Ош мамлекеттик университети “Жылдын мыкты мекемеси” деп табылды.
10.11.2014 1318 Кесиптик бирлик региондордо«Социалдык өнөктөштүкту уюштуруу- мугалимдердин эмгегин коргоонун жана колдоонун башкы жолдорунун бири» деген темада областтык семинар өткөрүлдү

Социалдык өнөктөштүктө билим берүү кызматкерлерине, ынгайлуу шарттарды түзүү максатында, билим беруу кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитетинин 2014-жылдын IV кварталындагы иш планына ылайык “Социалдык өнөктөштүкту уюштуруу- мугалимдердин эмгегин коргоонун жана колдоонун башкы жолдорунун бири” деген темада билим беруу мекемелеринин баштапкы профсоюз уюмдарынын жана райондук шаардык профсоюз комитеттеринин торагалары учун областтык семинар 2014-жылдын 5-ноябрында Баткен районунун Кара Бак айылындагы Б.Нарматов атындагы орто мектебинин базасында болуп өттү
10.11.2014 1468 Кесиптик бирлик региондордоОшМУ Кытайдын бир топ университеттери менен кызматташат
Кытай эл республикасынын Ланджоу шаарындагы Ланджоу университетинде өткөрүлгөн “Борбордук Азиядагы Конфуций институттарынын конференциясында” Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор Каныбек Исаков Ош мамлекеттик университетинин Конфуций институту, анын иштөө системасы, перспективалары, Кыргызстандагы билим берүүнүн өзгөчөлүктөрү боюнча презентация жасады.
10.11.2014 1325 Кесиптик бирлик региондордоЖалал – Абад областтык комитетинин пленуму өткөрүлдү

2014-жылдын 31-октябрында обкомдун кезектеги пландуу III пленуму өткөрүлүп, анда «Билим берүү тармагында эмгектенгендердин жана студент жаштардын социалдык - экономикалык, эмгектик укуктарын, кызыкчылыктарын коргоодо инновациялык усулдарды колдонуу жана профсоюздун Борбордук Комитетинин IV пленумунун (Ош шаары,18-сентябрь 2014-ж) токтомдорун турмушка ашырууда облустун бардык деӊгээлдеги профсоюз уюмдарынын милдеттери жөнүндөгү» маселе каралды.
10.11.2014 1187 Кесиптик бирлик региондордоИнновациялык жаӊылыктар багытындагы демилге

Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы А.К. Осмоновтун демилгеси менен билим алган №11 Э.Алиев атындагы орто мектебине окуу тарбия ишине көмөк көрсөтүү үчүн видео көзөмөл системасын орнотууну ата-энелердин демилгеси менен ишке ашырып жаӊы багыт алынды.
04.11.2014 1786 Кесиптик бирлик региондордоЭл аралык уюмдар менен өнөктөштүк

Даниялык «Европейский Дом» Эл аралык Уюмдун чакыруусу боюнча Ноокен районунун өкүлү катарында Билим, илим кызматкерлеринин Ноокен райондук комитетинин төрагасы А.Ч. Айдаров, райондогу Ж. Ниязов атындагы көмөкчү жатак мектебинин директору Э. К. Абдурахманов 2014-жылдын 24-октябрь күнү Чүй облустук «Максат» балдарды реабилитация «Максат» борборунда бөлүштү.
04.11.2014 1492 Кесиптик бирлик региондордо