Күн тартибинде - жыл жыйынтыгы
.jpg)
2014-жылдын 19-декабрында билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин кезектеги президиуму өткөрүлдү. Анда төмөндөгү маселелер каралды:
25.12.2014 1141 Кесиптик бирлик региондордоКара-Суу райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитети жыл жыйынтыгын чыгарды

2014-жылдын 19-декабрь күнү Кара-Суу райондук билим берүү кызматкерлеринин райондук профсоюз комитетинин Пленуму болуп анда 2014-жыл ичинде аткарылган иштерге кеӊири анализ берилди.Кароо-сынакта көрсөтүлгөн 23 пунктту так аткаргандыгы үчүн Т.Өмүрзаков а.о.м профкому Абдувахапов Розубай жеӊүүчү болду. Кароо-сынактын жеӊүүчүсү болгон Абдувахапов Розубай, РПК тарабынан 5000 (беш миӊ)сом акчалай сыйлык жана 1 даражадагы ДИПЛОМ менен сыйланды.
22.12.2014 1117 Кесиптик бирлик региондордоЧүй райондук билим берүү кызматкерлеринин отчеттук-шайлоо конференциясынын өткөрүлүшү боюнча маалымат
Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин отчеттук-шайлоо конференциясы 2014-жылдын 16-декабрында өткөрүлдү. Конференцияга 42 делегат шайланган. 2 делегат белгилүү себептер менен катышкан жок, 40 делегат катышышты.
22.12.2014 1361 Кесиптик бирлик региондордоБилим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Кочкор райондук комитетинин отчеттук кайра шайлоо конференциясы болуп өттү

Үстүбүздөгү жылдын 16-декабрында Кочкор районундагы Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясынын жыйындар залында Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Кочкор райондук комитетинин XXII отчеттук кайра шайлоо конференциясы болуп, чакырылган 57 профсоюздук уюмдардан 45 делегат, профсоюз уюмдарынын төрагаларынан тышкары Борбордук комитеттин башкы адиси К.Ниязбеков, профсоюздун Нарын областык комитетинин координатору М.Курманкожоев жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы И.Садырбаевдер катышты.
17.12.2014 1312 Кесиптик бирлик региондордоБаткен обкомунун төрагасы Завиридин Бөтөков Лейлек районундагы «Баластан» балдар чыгармачылык борборунун эмгек жамааты менен болгон жолугуштан
2014-жылдын 16-декабрында Баткен областтык билим берүү профсоюзунун төрагасы Завиридин Бөтөков жана Лейлек райондук профсоюз комитетинин төрагасы А.Мамажанов, Лейлек районундагы «Баластан» балдар чыгармачылык борборунун педагогикалык жамааты менен жолугуп, Профсоюздун иш-аракеттери жөнүндө айтылып, коллективдеги көйгөйлүү маселелер талкууланды.
17.12.2014 1343 Кесиптик бирлик региондордоТоктогулдун 150 жылдыгына жаӊы мектеп

Ноокен районунун №40 Токтогул атындагы орто мектебинин жамааты жана окуучуларнын, ата-энелеринин кубанычы чексиз. Токтогул Сатылгановтун 150 жылдык юбилейлик жылында мектептин жаӊы 192 орунду имарааты жана спорттук залы, ашканасы пайдаланууга берилди.
16.12.2014 1394 Кесиптик бирлик региондордо«Алтын-Уя» балдарга эшигин ачты.

Ноокен районунун Бүргөндү айылдык кеӊешинин депутаттарынын демилгеси жана коомчулуктун колдосу менен жергиликтүү бюджеттен 1млн 132.200 сом, коомчулуктан 207200 сом жана айылдык кеӊештин депутаттарынын жеке салымы 24000 сом бардыгы 1млн 363400сом каражат жумшалып, 60 орундуу бала бакча ачылып ишке берилди.
16.12.2014 1417 Кесиптик бирлик региондордоОшТУда бириккен профсоюз комитетинин VII отчеттук кайра шайлоо конференциясы болду

Ош технологиялык университетинде 5-декабрь күнү ОшТУнун бириккен профсоюз комитетинин VII отчеттук кайра шайлоо конференциясы болуп өттү.
12.12.2014 1311 Кесиптик бирлик региондордоОшМУнун илимий китепканасы адабият күнүн белгиледи
Ош мамлекеттик университенин илимий китепканасынын жамааты Искусство факультетинин концерттик залында 12-декабрь – Адабият күнүнө карата “Кылым бүтүп, дүйнөдөн жок болсок да, кайра кайтып жолугушчу күндөр бар” деген аталыштагы адабий-музыкалык кече уюштурду. Кечеге адабият күйөрмандары, окутуучулар, студенттер жана китепканачылар катышышты.
11.12.2014 2025 Кесиптик бирлик региондордоОшМУда Кыргызстандагы эң ири өлчөмдөгү 5 студенттин ар бирине 1200$ дан ыйгарылган “Атуулдук стипендияны” тапшыруу аземи болду

Ош мамлекеттик университетинде студенттерге стимул берген, суктандырган, шыктандырган, Кыргызстандагы эң ири өлчөмдөгү стипендия болгон “ОшМУнун атуулдук стипендиясынын” 3- ыйгарылышы болду. Мында атайын комиссиянын чечими менен 27 талапкердин ичинен эң мыкты деп тандалып алынган, жөндөмдүү, чыгармачыл, таланттуу, мыкты окуган 5 студентке 100 доллардан жылына 1200 долларлык стипендияны ыйгаруу аземи болуп өттү.
11.12.2014 2158 Кесиптик бирлик региондордоБилим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин алдындагы жаштар кенешинин II отуруму болуп өттү.
Билим илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин алдындагы жаштар кенешинин II отуруму 2014-жылдын 9-декабрь күнү Баткен шаарында өткөрүлүп, отурумда төмөнкүдөй маселелер каралды: 1. жаштар кенешинин жобосуна толуктоо, өзгөртүүлөрдү киргизүү 2. жаштар кенешинин мүчөлөрүнүн курамын толуктоо, 3. жаштар кенешинин 2015-жылга иш планы бекитүү.
11.12.2014 1577 Кесиптик бирлик региондордо