Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Чаткал райондук, Көк Жаӊгак жана Кара Көл шаарларындагы болуп өткөн отчеттук кайра шайлоо конференциялары

Чаткал райондук, Көк Жаӊгак жана Кара Көл шаарларындагы болуп өткөн отчеттук кайра шайлоо конференциялары

Жакында Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Чаткал райондук VII конференциясы болуп өттү. Райкомдун отчеттук мезгил ичинде жүргүзгөн иштери боюнча доклад менен төрага А.Б.Батырбеков чыгып сүйлөдү. 9-октябрь Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Көк-Жаӊгак шаардык конференциясы болуп, анда шааркомдун 2009-2014-жылдардагы жүргүзүлгөн иштери боюнча анын төрайымы Юскаева Гульфия Махмудовна доклад жасады.

 27.10.2014      1125       Кесиптик бирлик региондордо

КАРА- КӨЛ ШААРДЫК КОМИТЕТИНИН ОТЧЕТТУК-КАЙРА ШАЙЛОО КОНФЕРЕНЦИЯСЫ

КАРА- КӨЛ ШААРДЫК КОМИТЕТИНИН ОТЧЕТТУК-КАЙРА ШАЙЛОО КОНФЕРЕНЦИЯСЫ

Кара-Көлдө 2014-жылдын 7-октябрында билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Кара-Көл шаардык комитетинин отчеттук-кайра шайлоо конференциясы болду. Конференцияга 31делегат чакырылып, анын ичинен 29 делегат, Жалал- Абад облустук комитетинин төрагасы К.С. Мурзакматов, А.Т.Бегматов, З.Сулайманов жана социалдык өнөктөштөр шаардын вице--мэри Г.О. Сатарова катышты.

 27.10.2014      1253       Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУнун 75 жылдыгына карата юбилейлик төш белгилер тапшырылды

ОшМУнун 75 жылдыгына карата юбилейлик төш белгилер  тапшырылды

ОшМУнун 75 жылдык мааракесине карата университеттин өнүгүшүнө салым кошкон жана көп жылдык үзүрлүү эмгектери үчүн университетте эмгектенген жана ардактуу эс алуудагы КРнын эл сүрөтчүлөрү, эл артистери, Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнө, саламаттыкты сактоосуна эмгек сиңирген кызматкерлерге, илимдин докторлору, профессорлорго, илимдин кандидаттарына, доценттерге, окутуучу-кызматкерлерге “ОшМУга эмгек сиңирген ишмер” жана “ОшМУнун ардактуу ардагерлери” төш белгилери жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

 20.10.2014      1352       Кесиптик бирлик региондордо

17-октябрь күнү Билим кызматкерлер профсоюзунуну Кемин райондук комитетинин кезектеги Пленум болуп өттү

17-октябрь  күнү Билим  кызматкерлер  профсоюзунуну Кемин  райондук комитетинин  кезектеги  Пленум  болуп  өттү

Пленум өз ишинде Райондук профсоюз комитетинин жылдык отчетун укту. Профсоюз комитети тарабынан 2013-2014 - окуу жылында мугалимдердин эмгек акысын эсептеп төлөдө кетирилген кемчиликтер четтетилгени айтылып, район боюнча 50000 сом акча каражаты сентябрь айынын эмгек акысына кошулуп төлөнүп берилди.

 20.10.2014      1089       Кесиптик бирлик региондордо

Ноокен районунда “Жаш профсоюздук лидер-2014” кароосунун жеңүүчүсү аныкталды.

Ноокен районунда “Жаш  профсоюздук  лидер-2014”  кароосунун  жеңүүчүсү  аныкталды.

Кыргыз Республикасынын Билим, илим профсоюзунун Борбордук Комитети тарабынан “2014-жыл -профсоюздук ишмердүүлүктө инновациялардын жана жаштардын жылы” деп жарыяланып жаш профсоюздук лидердерди тарбиялоо, алардын ишмердүүлүгүн өркүндөтүү багытында иштерди уюштуруу милдеттери коюлуп, Кыргызстан Профсоюздарынын Федерациясы тарабынан “Жаш профсоюздук лидер-2014” республикалык кароосу жарыяланган.

 16.10.2014      1223       Кесиптик бирлик региондордо

Майрамдык маанай менен

Майрамдык маанай менен

Жакында Ак-Суу районунун маданият Үйүндѳ «Билим берүү кызматкерлеринин күнү» «Сапаттуу билим – биздин келечек!» деген ураан алдында салтанаттуу түрдѳ белгиленди. Бул майрамдык жыйынга 300дѳн ашык райондун билим тармагынын кызматкерлери катышышты. 2013-2014-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча «Жылдын мыкты директору» наамына Ашубаев атындагы орто мектебинин директору Алтын Калчаева, ал эми «Жылдын мыкты профкому» наамына Истамбеков атындагы орто мектебинин профкому Назгүл Сабаева татыктуу болушуп

 16.10.2014      1224       Кесиптик бирлик региондордо

Ош мамлекеттик университети тарых барактарында

Ош мамлекеттик университети тарых барактарында

Ош мамлекеттик университети алгач 1939-жылы педагогикалык адистерди даярдоо максатында Ош шаарындагы мугалимдер институту болуп түзүлгөн. Бул институттун курамында тарых-филология, физика-математика жана табият таануу-география факультеттери болгон.

 14.10.2014      11382       Кесиптик бирлик региондордо

Баткен шаарында билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы

Баткен шаарында билим берүү кызматкерлеринин  кесиптик майрамы

Баткен шаарында 2-октябрь күнү Адилет кафесинде билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы сый дасторкондун үстүндө белгиленип, майрамга 100 алдынкы мугалимдер катышты. Майрамдык салтанатка Баткен шаардык Мэриясы тарабынан 65800 сом, шаардык профсоюз тарабынан 9000 сом бөлүнүп, ар бир мугалимге жекече белек уюштурулду

 14.10.2014      1226       Кесиптик бирлик региондордо

Мугалим Сизге таазим!!!

Мугалим Сизге  таазим!!!

2014-жылдын 7-октябрь күнү Кочкор-Ата шаарынын маданият сарайында Ноокен райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган мугалимдердин кесиптик майрамына карата «Мугалимге Сизге таазим!!!» темасында салтанаттуу азем болуп өттү.

 10.10.2014      7508       Кесиптик бирлик региондордо

Жаш мугалимдерге өзгөчө мамиле

Жаш мугалимдерге өзгөчө  мамиле

Баткен районунун билим берүү мекемелерине жаңыдан жумушка келишкен жаш мугалимдерди жумушка кабыл алуу аземи Баткен музакалык-драма театрында билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен кошо өткөрүлдү.

 08.10.2014      1328       Кесиптик бирлик региондордо

Улгайган мугалимдерге урмат-сый көрсөтүлдү

Улгайган мугалимдерге урмат-сый көрсөтүлдү

Улгайгандардын күнүнө арналган сый-тамак кесиптик бирликтин райондук комитети тарабынан уюштурулду. Ага мектептерде көп жыл бою иштешип, учурда ардактуу эс алууда жүрүшкөн эмгек ардагерлери жана ардактуу эс алууда жүрүшсө дагы, жетишпеген мугалимдердин ордун толуктап мектептерде иштеп жатышкан агайлар жана эжейлер, Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитетинин мурдагы төрагалары, Кыргыз Республикасынын мектептерине эмгек сиңирген мугалимдер катышышты.

 07.10.2014      1317       Кесиптик бирлик региондордо