Араван районунда XVIII отчеттук кайра шайлоо конференциясы.
2014- жылдын 18 - ноябрында, Араван райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун XVIII отчеттук кайра шайлоо конференциясы өткөрүлдү. Конференцияда үстүбүздөгү жылдын 20 - январынан тартып төраганын милдетин аткаруучу болуп иштеп келе жаткан Турдубаев Бактыбек Абдилатович делегаттардын бир добуштан колдоосуна ээ болуп, төрага болуп шайланды. Конференциянын катышуучулары айлык акылардын жогорулоосун өкмөттөн талап кылып, кайрылуу кабыл алышты.
25.11.2014 1119 Кесиптик бирлик региондордоОшМУдан Лейлек гимназиясына белек
Ош мамлекеттик университети Лейлек районундагы новатор, жаңычыл, көрүнүктүү изденгич мугалим Гапыр Маданимовдун №3 эксперименталдык гимназия мектебине белек жөнөттү.
25.11.2014 1299 Кесиптик бирлик региондордоОшМУда айлык акы жогорулады
ОшМУда профессордук-окутуучулук курамдын, административдик башкаруу, чарба көмөкчү жана кенже-тейлөөчү кызматкерлердин айлык акылары окуу жайдын ички резервдеринин эсебинен 2014-жылдын 1-ноябрынан тартып салыштырмалуу кызматтык окладдын 50%дай жогорулатылды. Бул тууралуу чечим ОшМУнун административдик кеңешмесинде кабыл алынды.
25.11.2014 1515 Кесиптик бирлик региондордоПайдалуу байланыштар
2014-жылдын 11-ноябрь күнү Алай районунда мектептердин, балдар бакчаларынын диреторлорунун жана борборлоштурулган бухгалтериянын жамааты менен семинар ѳтүлдү. Билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин ѳкүлү – эмгекчилерди социалдык жактан колдоо жана эмгекти коргоо боюнча башкы инспектор Ниязбеков Кубатбек билим берүү тармагында эмгектенген кызматкерлердин эмгек акысын туура тѳлѳп берүү менен нормативдик – укуктук документтер менен таныштыруу максатында атайын келген.
19.11.2014 1315 Кесиптик бирлик региондордоПрофсоюз-бийликтин социалдык өнөктөшү
Ноокен районунун №8-Т.Орозматов атындагы орто мектебинде 2014-жылдын 14-ноябрында «Профсоюз- бийликтин социалдык өнөктөшү» темасында облустук семинар жана профсоюздук иш-чара болуп өттү. Анда Жалал-Абад Облустук Профсоюздар Кеӊешинин төрагасынын орун басары Л. Т. Ахмадалиев, Жалал-Абад Облустук Комитетинин бөлүм башчысы А.Т.Бегматов, райадминистрация башчысынын орун басары Н.А. Бекжигитова, райБББнун башчысы Б.С.Козуев, Ноокен айыл Өкмөтүнүн башчысы А.Б.Курбанкулов, мектептин, бакчанын директорлору, 88 баштапкы профсоюздук уюмдун төрагалары, ардагер жана жаш мугалимдер катышты
18.11.2014 2039 Кесиптик бирлик региондордоОшМУда студенттер күнүнө карата “Отличниктер слету”, «ОшМУнун стилдүү студенти - 2014» сынагы уюштурулду
Ош мамлекеттик университетинде окуу жайдын тарбия департаменти жана жаштар комитети тарабынан 17-ноябрь студенттердин эл аралык күнүнө карата “Отличниктер слету” жана факультеттер арасында «ОшМУнун стилдүү студенти - 2014» сынагы уюштурулду. Сынак 16-ноябрь күнү Ош улуттук драма театрында болуп өттү.
17.11.2014 2205 Кесиптик бирлик региондордоОшто окуу семинар болуп өттү
Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин өтүнүчү менен кызматкерлердин эмгек акысын, убактылуу эмгекке жарамсыздык, кош бойлуулук жана төрөт боюнча баракчаларга төлөмдөрдүн туура жүргүзүлүшү, ритуалдык сөөк коюуга жөлөк пулдардын төлөнүшү, укуктуулук, эмгекти коргоо, техникалык коопсуздукту сактоо жөнүндөгү маселелерди камтыган окуу семинар 2014-жылдын 13-ноябрында болуп өттү.
14.11.2014 1126 Кесиптик бирлик региондордоНарын районундагы Эмгек акы, убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы жана торотко чейинки төрөттөн кийинки баракчаларды туура төлөп берүү жана эмгекти коргоо боюнча окутуу семинары
Нарын райком профсоюз Комитети ушул жылдын 28-октябрында райондук денгеелде бала –бакчалардын башчылары жавна баштапкы профсоюз уюмдарынын жетекчилери катышкан семинар өткөрүлдү. Чакырылгандардын саны 70 болсо катышканы 59 адамды
13.11.2014 1438 Кесиптик бирлик региондордоЖалал – Абад облусунда «Жаш профсоюз лидери» кароо – сынагы жыйынтыкталды
2014-жылдын 5-ноябрында билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад обкомунда Борбордук Комитети тарабынан «2014-жыл - жаштар жана профсоюздардын ишмердүүлүгүндөгү инновациялар жылы» деген девиздин астында жарыяланган республикалык кароо-сынактын облустук туру жыйынтыкталды.
12.11.2014 1295 Кесиптик бирлик региондордоОшМУ “Жылдын мыкты мекемеси”
Кыргызстандын тунгуч гезити болгон “Кыргыз Туусу” гезитинин 90 жылдык мааракесинде Ош мамлекеттик университети “Жылдын мыкты мекемеси” деп табылды.
10.11.2014 1264 Кесиптик бирлик региондордо«Социалдык өнөктөштүкту уюштуруу- мугалимдердин эмгегин коргоонун жана колдоонун башкы жолдорунун бири» деген темада областтык семинар өткөрүлдү
Социалдык өнөктөштүктө билим берүү кызматкерлерине, ынгайлуу шарттарды түзүү максатында, билим беруу кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитетинин 2014-жылдын IV кварталындагы иш планына ылайык “Социалдык өнөктөштүкту уюштуруу- мугалимдердин эмгегин коргоонун жана колдоонун башкы жолдорунун бири” деген темада билим беруу мекемелеринин баштапкы профсоюз уюмдарынын жана райондук шаардык профсоюз комитеттеринин торагалары учун областтык семинар 2014-жылдын 5-ноябрында Баткен районунун Кара Бак айылындагы Б.Нарматов атындагы орто мектебинин базасында болуп өттү
10.11.2014 1405 Кесиптик бирлик региондордо