Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Айлык акы-билим сапатын көтөрүүнүн негизги фактору

2015-жылдын 11-мартында №29 Мирзаходжаев атындагы орто мектебинин  чогулуштар  залында өткөрүлгөн өткөрүлгөн  Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн кезектеги коллегиясы жана билим, илим профсоюзунун райондук комитетинин президиумунун биргелешкен кеӊешмесине 85 мектептердин, 29 бакчалардын, 4 мектептен тышкаркы мекемелердин директорлору, райадминистрация башчысынын орун басары Н.А.Бекжигитова, райБББнун башчысы Б.С.Козуев, райКБКнын төрагасы А.Ч.Айдаров  катышып, анда 6-маселе талкууланды.   Райадминистрация, райБББ менен райКБК ортосунда түзүлгөн Макулдашуунун 2014-жылда аткарылышы жөнүндөгү  маселе каралып, эмгектенүү шарттарын жакшыртуу  үчүн   59млн498миӊ431 сом жумшалгандыгы, социалдык-экономикалык  маселелердин  чечилишинен  9млн 114миё 059 сом билим  берүү кызматкерлери мыйзамдуу каражаттарды алгандыгы белгиленди. Күн тартибиндеги маселелер боюнча тийиштүү токтомдор кабыл алынды.

        Ушул эле күнү билим, илим профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин 6-Пленуму болуп, анда 2014-жылда аткарылган иштер боюнча жана 2015-жылдын милдеттери жөнүндөгү маселелер талкууланды. Кезектеги 19-райондук конференцияны 7-апрелге чакыруу жөнүндө токтом кабыл алынды. Айлык акыларды  көтөрүү, ремонттун каражаттары  жана көйгөйлүү маселелерди  чечүү үчүн жогорку жетекчиликке кайрылуу  жана токтомдор  кабыл алынды.

 

Ноокен райБББнун пресс-катчысы-Барно Абдурахманова.