Ош облусттук мугалимдердин август кеӊешмеси

2014-жылдын 26-август күнү мугалимдердин Август кеӊешмеси болуп өттү. Жаӊы окуу жылына карата жакшы даярдыктарды жараткан Кара-Кулжа, Кара-Суу РайБББга I даражадагы Диплом жана ар бирине 15000с. акчалай сыйлык, II даражадагы «Диплом» жана 10 000с акчалай сыйлык менен Алай, Ноокат РайБББры, III даражадагы «Диплом» жана 7000 с менен Чоӊ-Алай РайБББ, ар бирине 5000 сомдон Өзгөн, Араван РайБББ, Өзгөн ШБББларга кызыктыруучу сыйлыктарды тапшырды.
29.08.2014 1257 Кесиптик бирлик региондордоЖалал-Абад облусунда Август кеӊешмеси уюшкандыкта өткөрүлдү

26-август күнү Барпы атындагы кыргыз театрында салтка айланып калган мугалимдердин Август кеӊешмеси уюшкандыкта өткөрүлдү. Кеӊешменин ишине Кыргыз Республикасынын Вице-премьер министри Э.Сариева, Билим берүү жана илим министри К.Садыков, КРнын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн милдетин аткаруучу Ж.Эгамбердиевалар катышышты.
29.08.2014 1286 Кесиптик бирлик региондордоКаракол шаарындагы Август кеңешмеси

Каракол шаарындагы № 1 орто мектебинде мугалимдердин август кеңешмеси болуп өттү. Анда ар бир усулдук бирикме окуу пландары менен таанышып, ой-пикир, сунуштарды кабыл алуу менен “2020-жылга чейин жаштарды тарбиялоо концепциясы” негизги маселе катары каралып, окуу-тарбия иштерине камтылды.
28.08.2014 1169 Кесиптик бирлик региондордоАлай районундагы мугалимдердин август кеңешмеси

Кеӊешмеге КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Мадалиев Нуркамил, КРнын Өкмөтүнүн Ош областты боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Б.Ю. Юсупов, райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Т.Н. Сарыбашев, билим берүү кызматкерлер профсоюзунун областтык комитетинин төрагасы С.А. Тойгонбаев катышышты.
28.08.2014 1455 Кесиптик бирлик региондордоКемин районунун билим берүү мекемелеринин жаӊы окуу жылына карата даярдыгынын жыйынтыгы чыгарылды

Кемин № 2 орто мектеби район боюнча окуу жылына даярдык боюнча 1 орунга жетишип, Кемин райондук мамлекеттик администрация тарабынан 7000 сом акча каражаты менен сыйланды. Ал эми Билим кызматкерлер профсоюзунун Кемин райондук комитетинен 10000 сом акча каражаты бөлүнүп, райондогу Кара булак, Алмалуу, Кемин № 1, Ак Туз, Кызыл Байра, Орловка, № 2 Нур орто мектептерине берилди.
26.08.2014 1230 Кесиптик бирлик региондордоМаяктагы эс алуу

Каракол шаардык профсоюз комитети менен жергиликтүү бийликтердин биргеле- шип иштөөсүнүн натыйжасында мугалимдердин эс алуусуна жергиликтүү бюджеттен 100 миң сом акча каражаты бөлүнүп, Түп районундагы “Маяк” эс алуу жайында 79 мугалим, балдары менен 3 күндүк эс алууда болуп кайтышты.
26.08.2014 1369 Кесиптик бирлик региондордоӨзгөн районундагы билим берүү кызматкерлеринин Август кеӊешмеси

22-август күнү Өзгөн шаарында Өзгөн районундагы билим берүү кызматкерлеринин Август кеӊешмеси болуп өттү. Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитети жакшы жана жаӊы саамалык баштап «Жыл мектеби-2014» жана «Жаӊы окуу жылына карата билим берүү мекемелерин сапаттуу кезектеги ремонттон өткөрүү» боюнча кароо-сынактарынын жеӊүүчүлөрү №5 В.И.Ленин жана Т.Асранов атындагы орто мектептерине «Чолпон-Ата» жана «Ала-Тоо» пансионаттарына жолдомо тапшырылды
25.08.2014 1337 Кесиптик бирлик региондордоЖаңы окуу жылына дардык ийгиликтүү аяктады

Райондун жалпы билим берүүчү мектептерин, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы мекемелерин жаңы 2014-2015-окуу жылына сапаттуу даярдоо, алардын окуу-материалдык базаларын чыңдоо максатында Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн коллегиясы жана Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитетинин Президиуму 2014-жылдын май айында “Билим берүү мекемелерин 2014-2015-окуу жылына сапаттуу даярдоо боюнча кароо-сынагын өткөрүү жөнүндө” токтом кабыл алган.
25.08.2014 1269 Кесиптик бирлик региондордоКесиптик бирлик төрагалары эс алып келишти

Райондук “2013-жылдын мыкты социалдык өнөктөшү –кесиптик бирлик уюму” кароо-сынагынын жеңүүчүлөрүнүнү дем алуу экскурсиясын өткөрүү максатында, мектептердин кесиптик бирлик төрагаларынын дем алуу экскурсиясы 2014-жылдын 15-18-июль күндөрү Баткен–Сары-Челек–Арстанбап–Баткен маршруту боюнча уюштурулуп, экскурсиялык топту Президиумдун мүчөсү А.Исаков жетектеп барып келди.
25.08.2014 1250 Кесиптик бирлик региондордоАк-Сууда Август кеӊешмеси өткөрүлдү

Үстүбүздөгү жылдын 22-августунда Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында райондун билим берүү кызматкерлеринин август кеӊешмеси өткөрүлдү. Кеӊешмеге Кыргыз билим берүү академиясынын бөлүм башчысы К.Дабаев, райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары Э. Жантаев, областтык билим берүү институтунун директорунун орун басары Ж.Темирканов катышышты.
25.08.2014 1289 Кесиптик бирлик региондордоСынообу же …?

Бүгүнкү күндө бажы биримдигине жеткирбей эле базар экономикасы мугалимдерди кекиртектеп алган. Күн санап базардагы баалар көтөрүлүп, кымбаттап келет. Ал эми бечара мугалимдердин эмгек маянасы ошол бойдон көтөрүлбөй, тормоздолуп турат. Ал жөнүндө ойлогон жана ойлонгон адам жоктой.
13.08.2014 1773 Кесиптик бирлик региондордо