Жаңы окуу жылына дардык ийгиликтүү аяктады
Райондун жалпы билим берүүчү мектептерин, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы мекемелерин жаңы 2014-2015-окуу жылына сапаттуу даярдоо, алардын окуу-материалдык базаларын чыңдоо максатында Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн коллегиясы жана Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитетинин Президиуму 2014-жылдын май айында “Билим берүү мекемелерин 2014-2015-окуу жылына сапаттуу даярдоо боюнча кароо-сынагын өткөрүү жөнүндө” токтом кабыл алган. Кароо-сынакка баалоонун критерийлери иштелип чыгып, Райондук мамлекттик администрациясынын башчысы - акимдин орун басары К.Кыдырова жетектеген комиссиялык топко тапшырылган.
Кароо-сынактын жыйынтыгын чыгаруунун этабы айыл өкмөттөрүндө 2014-жылдын 10-15- июлунда, райондук масштабда 2014-жылдын 20-30 - июлунда өткөрүлгөн. Райондук кароо-сынакта айыл округдарында өткөрүлгөн этабынын жыйынтыктарын негизинде жеӊүүчү деп табылган мектептерди карап чыгып комиссия алдыңкыларды аныктады.
Жакшы көрсөткүчтүргө ээ болгон педагогикалык жамааттар кароо-сынактын жеӊүүчүсү деп табылган мектептер, мектепке чейинки билим берүү мекемелери акчалай сыйлыктар жана тиешелүү даражадагы дипломдор менен сыйланды.
а) Типтүү мектептер арасында:
1. Т.Садыков атындагы орто мектеби - I орун – 6000 миӊ сом, I даражадагы диплом
2. Бужун орто мектеби - II орун – 4500 миӊ сом, II даражадагы диплом
3. Б.Нарматов атындагы орто мектеби - III орун – 4000 миӊ сом, III даражадагы диплом
б) Ыӊгайлаштырылган мектептер арасында:
1. Газ орто мектеби - I орун – 5000 миӊ сом, I даражадагы диплом
2. К.Турмаматов атындагы орто мектеби - II орун – 4000 миӊ сом, II даражадагы диплом
3. Б.Нуралиев атындагы орто мектеби - III орун – 3000 миӊ сом, III даражадагы диплом
в) Башталгыч мектептер арасында:
1. Чоӊ-Кара башталгыч мектеби - I орун – 6000 миӊ сом, I даражадагы диплом
2. Тунук-Суу башталгыч мектеби - II орун – 3000 миӊ сом, II даражадагы диплом
3. Айгүл-Таш башталгыч мектеби - III орун – 2000 миӊ сом, III даражадагы диплом
Кароо-сынактын жыйынтыгы боюнча бардык номинациялар боюнча I жана II орундарды ээлеген мектептерди сыйлоо үчүн каражат райондук билим берүү бөлүмүнүн, III орундарды ээлеген мектептерди сыйлоо үчүн каражат райондук кесиптик бирлик комитетинин эсебинен сарпталды.
Жаӊы 2014-2015-окуу жылына мектепти сапаттуу даярдоодо мыкты аракеттерди жасап, жакшы ийгиликтерди жаратышкандыгы үчүн төмөнкү мектептердин педагогикалык жамааттарына алкыш айтылды:
М.Салихов атындагы орто мектеп
Б.Акматов атындагы орто мектеп
Ш.Токсонов атындагы орто мектеп
Кара-Токой гимназия мектеби
Токтогул атындагы орто мектеп
М.Кадыр атындагы орто мектеп
А.Топчуев атындагы орто мектеп
З.Ормонов атындагы орто мектеп
Б.Байназаров атындагы башталгыч мектеби
Жаңы-Жер башталгыч мектеби
Билим берүү кызматкерлеринин
кесиптик бирлигинин Баткен
райондук комитетинин адиси Б.Абдыразакова