Алай районундагы мугалимдердин август кеңешмеси
Үстүбүздөгү жылдын 23-августунда Алай райондук маданият үйүндө райондун билим берүү кызматкерлеринин август кеӊешмеси өткөрүлдү.
Кеӊешмеге КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Мадалиев Нуркамил, КРнын Өкмөтүнүн Ош областты боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Б.Ю. Юсупов, райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Т.Н. Сарыбашев, билим берүү кызматкерлер профсоюзунун областтык комитетинин төрагасы С.А. Тойгонбаев катышышты.
Кеңешмеден тышкаркы мезгилде КР нын Жогорку Кеңешинин детутаты, Жогорку Кеӊештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы К. Осмоналиев мугалимдер менен жолугуп алардын көптөгөн суроо талаптарын угуп, Жогорку Кеңештин комитетинде талкуулого убадасын берди.
Кеӊешмеге райондун аймактарынан мектеп директорлору, профкомдор, мугалимдер, тарбиячылар, эмгек ардагерлери жана кесипке жаӊыдан келип жатышкан жаш мугалимдер катышты.
Кеӊешмеде Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.А. Жээнбеков доклад жасап, өткөн 2013-2014-окуу жылы үчүн отчету жана жаӊы окуу жылына белгиленген милдеттери угулду.
Билим берүү кызматкерлер профсоюзунун облустук комитети тарабынан “Жылдын бала бакчасы-2014” кароо сынагында 1-орунду алган № 5 “Ак ниет” балдар бакчасына түстүү телевизор жана DVD, “Жыл мектеби-2014” кароо-сынагында 1-орунду алган М. Ташиев атындагы орто мектебине түстүү телевизор, DVD, Ысык-Көлгө “Чолпон Ата” эс алуу үйүнө жолдомо тапшырды.
Ошондой эле райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан 36 000 сом, райондук профсоюз комитети тарабынан 24 000 сомдук сыйлыктар алдыңкы мектептерге жана бала бакчаларга берилди.
Кеңешменин акырында алдыдагы аткарылуучу иштер, окутуу-тарбиялоо процессинин алдыңкы инновациялык ыкмаларын жайылтуу, билим берүүнүн 2020-жылга чейинки концепциясын ишке ашыруу багытында кайрылуу кабыл алынды.
Билим берүү кызматкерлери профсоюзунун Алай райондук комитети