Максаттар жана милдеттер белгиленди
2014-жылдын
24-сентябрында Ноокен районунун №31 Ж. Татыкулов атындагы
орто мектебинде райондук «Ачык
эшиктер куну» иш чарасы жана райондук
билим берүү бөлүмүнүн коллегияси
менен билим, илим профсоюзунун
райондук комитетинин биргелешкен
кенешмеси болуп оттуу. Иш-чарада
инновациялык ыкмалар менен сабактар, мамлекеттүүлүктү
бекемдөө жылына жана мамлекеттик тил майрамынын 25 жылдыгына карата класстан
тышкаркы тарбиялык иш-чаралар өтүлдү.
Иш-чараларга 55 мектептердин, 29
бакчалардин директорлору,
ата-энелер, коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Биргелешкен кеӊешмеде 2014-2015-окуу жылынын иш пландары, жамааттардын ортосунда мелдештерди уюштуруунун шарттары, класстык комплекттерди бекитүү маселелери каралды. Кеӊешмеде Борбордук Комитеттин Ош шаарында өткөн 4-Пленуму жөнүндө маалыматтар берилди.