Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Жаңылыктар

Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы билим берүүчү мектептердин ата-энелери үчүн “Окуучулардын инсан болуп калыптануусунда, тарбиянын мааниси”аттуу тегерек стол болуп жөнүндө маалымат

Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы билим берүүчү мектептердин ата-энелери үчүн “Окуучулардын инсан болуп калыптануусунда, тарбиянын мааниси”аттуу тегерек стол болуп жөнүндө маалымат

Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмү, билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Кызыл-Кыя шаардык комитети менен биргеликте жалпы билим берүүчү мектептердин ата-энелерине “Окуучулардын инсан болуп калыптануусунда тарбиянын маанилүүлүгү” деген темада тегерек стол өткөрдү. Тегерек стол өткөрүүнүн негизги максаты: ата-энелерди тарбия берүү жараянына тартуу, тарбия берүү усулдарын үйрөтүү, ата-эненин баланын алдындагы милдетин мыйзамдуу жагын түшүндүрүү менен бирге мугалимдердин ишин жеңилдетүү болуп саналды.

 18.10.2019      900       Кесиптик бирлик региондордо

Мыйзамдуулук маданиятка чакырат аталышындагы “Брейн-ринг” интелектуалдык оюнунун областтык туру

Мыйзамдуулук маданиятка чакырат аталышындагы  “Брейн-ринг” интелектуалдык  оюнунун областтык  туру

2019-жылдын 17-октябрында Баткен шаарында Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитети тарабынан «2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын» алкагында Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитети тарабынан жарыяланган “тармактык профсоюз уюмдарынын ишмердиктерин жаны сапаттуу денгээлге көтөрүү, алардын иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу жана тармактык профсоюздун ролун күчөтүү” боюнча иш чараларын аткаруу максатында, Баткен областтык комитетинин 2019- жылдагы иш планына ылайык райондук, шаардык билим берүү мекемелеринин баштапкы профсоюз уюмдарынын район, шаардык турунан мыкты деп табылган командалары арасында “Брейн-ринг” интелектуалдык оюнунун областтык туру өткөрүлдү.

 18.10.2019      587       Кесиптик бирлик региондордо

«Брейн-ринг» интеллектуалдык оюну Лейлек районунда

«Брейн-ринг» интеллектуалдык оюну Лейлек районунда

Үстүбүздөгү жылдын 16-октябрында Лейлек районунун Исфана шаарындагы Ю.А.Гагарин атындагы орто мектебинин базасында 2019-жыл региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү, тармактын райондук, шаардык профсоюз комитеттеринин ишмердиктеринин социалдык натыйжалуулуктарынын жылында өткөрүлүүчү баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагаларынын арасында өткөрүлүүчү “Брейн-ринг” интеллектуалдык оюну өткөрүлдү.

 18.10.2019      694       Кесиптик бирлик региондордо

Ардагер мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Ардагер мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Н.Мамбетов атындагы орто мектебинде кесип бирлик мүчөлөрүнүн кесиптик майрамы белгиленди. Майрамдык салтанатка ардагер мугалимдер , билим берүүбөлүмүнөн өкүлдөр чакырылды. Аталган мектепте 50 мугалим, 20 кенже кызмматкерлер эмгектенишет. Майрамдык салтанат "Салима "кафесинде өткөрүлдү. Ардагер мугалимдерге белектер берилди, мыкты мугалимдерге Ардак грамоталар тапшырылды. Аксы районунун мэри Нарматалы Эсеналиев агартуучуларга өз каалоолорун айтып, баалуу белектерди тапшырды. Мугалимдик кесип татаал, түйшүктүү эмеспи, ага карабай көптөгөн мөмөлөрдү өстүрүп талыкпай эмгектенип жаткан агартуучулар. Мектептин директору Калыбек Урустемов мугалимдерге каалоолорун айтып, грамоталарды тапшырды. Майрамдык салтанат көңүлдүү майрамдалды.

 18.10.2019      674       Кесиптик бирлик региондордо

Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Кадамжай райондук комитетинде Брейн ринг интеллектуалдык акыл таймашы болуп өттү

Билим  жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун  Кадамжай  райондук  комитетинде  Брейн  ринг  интеллектуалдык  акыл  таймашы  болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин жана Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен облустук комитетинин иш планына ылайык 2019-жылдын 15-октябрь күнү Кадамжай районунун №17 А.Масалиев атындагы орто мектебинин базасында Кадамжай районундагы жалпы билим берүүчү уюмдардын баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагаларынын ортосунда Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Кадамжай райондук комитети тарабынан “Брейн Ринг” интеллектуалдык акыл таймаш оюну өткөрүлдү.

 18.10.2019      640       Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы Лейлек районунда

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы Лейлек районунда

2019-жылдын 11-октябрь күнү Лейлек районунун маданият үйүндө ар жылы өткөрүлүп туруучу Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Майрамдык иш чара райондук билим берүү бөлүмү жана профсоюз комитети тарабынан уюштурулуп, ардагер мугалимдер, райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилиги, айыл өкмөт башчылары, мектеп директорлору, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин башчылары, ошондой эле, сыйлыктарга ээ бол турган билим берүү тармагынын кызматкерлеринин катышуусунда жана “Баластан” балдар чыгармачылык борбору тарабынан даярдалган чакан концерттин коштоосунда өткөрүлдү.

 18.10.2019      764       Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУ 1974-жылкы бүтүрүүчүлөрүн тосуп алды

ОшМУ 1974-жылкы бүтүрүүчүлөрүн тосуп алды

2019-жылдын 11-октябрында ОшМУнун чөң чогулуштар залында физика-математика факультетинин 1974-жылкы бүтүрүүчүлөрүнүн 45 жылдык жолугушуу аземи болуп өттү. Жолугушуу ОшМУнун башкы имаратынында университеттин музейи менен таанышуу менен башталды. Жолугушуга устаттар: физика-математика илимдеринин докторлору- профессор С.Каримов, профессор Б.Арапов, педагогока илимдеринин кандидаттары-М.Алтыбаева, Р.Н.Халиулин, улуу окутуучулар- М.Маматкулова,Н.С. Селиванова , ректор-Кожобеков К.К, 1974-жылкы бүтүрүүчүлөр, факультеттин студенттери катышышты.

 16.10.2019      651       Кесиптик бирлик региондордо

Кесиптик бирлик комитетинин #bestteacherknu аталышындагы интернет сынагы

Кесиптик бирлик комитетинин  #bestteacherknu  аталышындагы интернет сынагы

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кесиптик бирлик комитети  “Мугалимдердин кесиптик майрамына” карата изденүү менен өзгөчө жаңычылык киргизүү максатында буга чейин уюштурулбаган заманбап интернет сынак жарыялады.  Сынактын шарттары инстаграмдагы “knu_profkom”баракчасында көрсөтүлгөн.     Аталган сынакка  катышкан ар бир студент өзү жакшы көргөн, педагогикалык чеберчилиги бийик, факультетиндеги эң мыкты деп эсептеген мугалими менен сүрөткө түшүп, #bestteacherknu аталышындагы хештег менен мугалими жөнүндө жазып, университетте окуган үч студентти белгилеп инстаграмга киргизген.  Бир айга созулган сынактын  жыйынтыгы Кесиптик бирлик комитетинин “Жаштар канаты”  башкача айтканда студенттер  тарабынан 3-октябрда саат 18.00 дө инстаграмдагы түз эфирде компьютердеги  «LIZAONAIR» программасы менен баардык шарттарды аткарган жеңүүчүлөр аныкталды. Сынактын ачык-айкын өткөндүгү түз эфирде бардык катышуучуларга таамай көрүнүп турду.         

 16.10.2019      826       Маалыматтык бюллетень

Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзу тарабынан баштапкы профсоюз уюмдарынын төрайымдарына интелектуалдык таймаш өттү

Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзу тарабынан баштапкы профсоюз уюмдарынын төрайымдарына интелектуалдык таймаш өттү

2019-жылдын 14-октябрь күнү билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Кызыл-Кыя шаардык комитети тарабынан баштапкы профсоюз уюмдарынын төрайымдарына билим берүү жаатындагы укуктук билимдер боюнча интелектуалдык таймаш болуп өттү. Интелектуалдык таймашты билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Кызыл-Кыя шаардык комитетинин төрайымы М.А.Буванова тарабынан өтүлүп, шаардын билим берүү мекемелеринде эмгектенген бардык баштапкы профсоюз уюмдарынын төрайымдары катышышты.

 16.10.2019      633       Кесиптик бирлик региондордо

XIV съезд Казахстанского отраслевого профсоюза работников образования и науки

XIV съезд Казахстанского отраслевого профсоюза работников образования и науки

9 октября 2019 года в г.Нур-Султан прошел очередной XIV съезд Казахстанского отраслевого профсоюза работников образования и науки. В работе Съезда приняли участие 157 избранных полных делегатов из всех регионов Казахстана. Посольство Республики Казахстан в Российской Федерации представлял И.Тасмагамбетов. В работе съезда приняли участие Министр образования и науки Республики Казахстан, члены Федерации профсоюзов РК, депутаты Парламента, ректоры высших учебных заведений, , лидеры профсоюзных объединений и профсоюзов образования стран ближнего зарубежья. и дальнего зарубежья. Председатель профсоюза работников образования и науки КР – Асылбек Токтогулов также принял участие в работе съезда в качестве почетного гостя. Съезд утвердил Программу деятельности Казахстанского отраслевого профсоюза работников образования и науки на 2019-2024 годы. Она направлена на выполнение уставных целей и задач Профсоюза, основных положений государственной политики в области развития образования и науки, определенных в соответствии с законодательством РК «Об образовании», «О науке». Внесение изменений и дополнений в Устав Профсоюза. Мукашева Айгуль Максатовна избрана председателем Казахстанского отраслевого профсоюза работников образования и науки. Заместителями председателя избраны: Беженаров Виктор Федорович и Абиева Алия Адилхановна.

 16.10.2019      904       Маалыматтык бюллетень

В г.Нур-Султане прошло заседание Международного объединения профсоюзов работников образования и науки - МОП «Образование и наука»

В г.Нур-Султане прошло заседание Международного объединения профсоюзов работников образования и науки - МОП «Образование и наука»

8 октября 2019 года в г.Нур-Султане прошло заседание Международного объединения профсоюзов работников образования и науки - МОП «Образование и наука». Работу МОП «Образование и наука» открыла и вела Меркулова Галина Ивановна. В работе заседания приняли участие руководители объединений профсоюзов работников образования и науки стран Содружества Независимых государств. От профсоюза работников образования и науки Кыргызстана принял участие Асылбек Токтогулов - председатель Профсоюза. На заседании Совета рассмотрены вопросы: об изменениях в трудовом законодательстве, законах о профсоюзах в Азербайджане, Белоруссии, Молдавии, Казахстане, Кыргызстане и Таджикистане; о возможности влияния искусственного интеллекта на будущее учительской профессии; об опыте Общероссийского Профсоюза образования по введению единого электронного профсоюзного билета; об исполнении сметы доходов и расходов МОП «Образование и наука» за 2018 год и утверждении Сметы на 2019-2020 годы. Работа заседания МОП прошла в деловой и конструктивной обстановке.

 16.10.2019      613       Маалыматтык бюллетень