Ош мамлекеттик университетинин профсоюз комитетинен маалымат
"Карысы бардын – ырысы бар" демекчи, бүгүнкү күндө “Даңк” ордендүү, куттуу окуу жайыбыз болгон ОшМУда иштеп жаткан жана ардактуу эс алуудагы 360 тан ашуун ардагерибиз бар. 1-октябрь Улгайгандардын эл аралык күнүнө карата Ош мамлекеттик университетинин 200гө жакын мугалимдерине Ош МУнун ректораты жана профсоюз комитети тарабынан жыл сайын салтка айланып өткөрүлгөн сый тамак жана концерттик программа уюштурулду. ОшМУнун ректорунун милдетин аткаруучу, доцент Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич жана Ош МУнун бириккен профсоюз комитетинин төрагасы, доцент Аккулов Абдыжапар Ураимович ардагер агай-эжекелерди куттуктап сөз сүйлөштү. Кечеге чакырылгандарга профсоюз комитети тарабынан жалпысынан 185 000 сом миң сом өлчөмүндө акчалай жардам көрсөтүлдү. Кутман карыларыбыздын атынан чыгып сүйлөшкөн профессорлор А.Анарбаев, Б.Арапов, Б.Каримова, К.Матикеев, К.Нурдиновалар кечени мыкты деңгээлде уюштургандыгы үчүн университеттин жетекчилигине, профсоюз комитетинин, ошондой эле, административдик-чарба департаментинин, Студенттик Акыйкатчы аппаратынын, Таланттар академиясынын чыгармачыл кыз-жигиттерине, "Жетиген" ресторанынын кызматкерлерине ыраазычылык билдиришти.
03.10.2019 628 Кесиптик бирлик региондордоПРАЗДНОВАНИЕ ВСЕМИРНОГО ДНЯ УЧИТЕЛЯ В 2019 ГОДУ

В 2019 году Всемирный день учителя будет отмечать тему учителя «Молодые учителя: будущее профессии». Этот день дает возможность прославлять профессию учителя во всем мире, подводить итоги и решать некоторые вопросы. центральное место для привлечения и удержания самых ярких умов и молодых талантов в профессии. Официальное мероприятие состоится в понедельник, 7 октября, в Штаб-квартире ЮНЕСКО в Париже в сотрудничестве с партнерами-организаторами, в том числе с ЮНИСЕФ, ПРООН, Международной организацией труда и Международным образованием, и будет отмечаться во всем мире различными мероприятиями.
02.10.2019 895 Маалыматтык бюллетеньЭл аралык байланыштарды чыңдоо менен профсоюз уюмдары өркүндөөдө

Таджикстан Республикасынын билим берүү жана илим кызматкелеринин профсоюзунун чакыруусу менен 23-25-сентябрь күндөрү Душанбе шаарында “Консорциум” долбору боюнча эл аралык конференцияга Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Борбордук Комитетинин төрагасы Асылбек Токтогулович Токтогулов, мен- Жалал-Абад облустук комитетинин төрагасы Исмаилов Абдукахар Арапович болуп катышып келдик.
02.10.2019 1004 Эл аралык кызматташтык1-октябрь эл аралык карылар күнү Таш-Көмүр шаарында белгиленди

Карылар күнү 1990-жылы БУУнун Баш катчылыгы расмий майрамдардын катарына киргизгенден бери улгайган адамдарды колдоп,алар муктаж болгон нерселерди чечүүгө көмөктөшүү,карыялардын коомчулукка керек экендигин түшүндүрүү аркылуу аларга колдоо көрсөтүү жагы колго алынып келе жатат.Азыркы учурда жаштар жана улуу муундун өкүлдөрү улгайган адамдарга өзгөчө урмат-сый көрсөтүп, жылуу сөздөрүн арнап ден-соолук тилеп келишет.Таш-Көмур шаарынын билим берүү мекемелеринде өмүрун билим берүү тармагына арнап,азыркы учурда ардактуу эс алууда жүрушкөн мугалимдерди чакырышып,куттукташып,чакан концерттерди уюштурушуп сый тамактарын арнашты.
02.10.2019 749 Кесиптик бирлик региондордоЖети-Ɵгүз районундагы Нарын облусунун профсоюз комитеттеринин төрага-төрайымдарынын тажыйырба алмашуу семинары

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Борбордук профсоюз комитетинин «Уюштуруу иштерин бекемдөө-профсоюздун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун көтөрүү» боюнча Тоӊ районунда ѳткѳрүлгѳн Пленумунун чечиминин негизинде 2019-жылдын 27-сентябрында Жети-Ɵгүз районунда тажрыйба алмашуу семинары ѳткѳрүлдү. Семинарга Нарын областтык профсоюздар кеңешинин тѳрагасы Муканбет Курманкожоев, Кочкор райондук билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин тѳрагасы Абайдылда Темиров, Нарын шаардык билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин тѳрагасы Токтогон Качкымбаев, Жумгал райондук билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин тѳрайымы Бегимкан Жамантаева, Ат-Башы райондук билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин тѳрагасы Келдибек Керималиев жана Нарын облусунун ар бир райондон жалпы билим берүүчү мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын профкомдору, ошондой эле Жети-Ɵгүз районунун баштапкы профсоюз комитеттеринин профкомдору катышты.
02.10.2019 906 Кесиптик бирлик региондордоВстречи в Душанбе

23-25 сентября Председатель ЦКП работников образования и науки КР – Асылбек Токтогулович Токтогулов и председатель Жалал-Абадского обкома профсоюза отрасли – Абдукахар Арапович Исмаилов по приглашению профсоюза работников образования и науки Республики Таджикистан приняли участие в работе Конференции, посвященной проекту «Консорциум».
01.10.2019 1038 Эл аралык кызматташтык«Профсоюз ЗА здоровый образ жизни»

26 сентября 2019 года Бишкекский горком профсоюза подвел итоги городского смотра на лучшую организацию города «Профсоюз ЗА здоровый образ жизни». Присутствовало 95 членов профсоюза из числа директоров и председателей профкомов. В мероприятии приняли участие Вице Мэр г.Бишкек Кузнецова Т.А., начальник Управления образования Мейрманова С.Ж.
01.10.2019 835 Маалыматтык бюллетеньПОЗИЦИЯ ПРОФСОЮЗА №7-8 (193-194) СЕНТЯБРЬ, 2019

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облусундагы Чаткал райондук уюмунун VIII отчеттук кайра шайлоо конференциясы өткөрүлдү. Ага райондук билим берүү мекемелеринин профсоюз уюмдарынан 44 делегат шайланып, жыйынга 41 делегат катышты.
01.10.2019 2086 "Позиция профсоюза" газетасыЖаш профсоюз лидерлери - татыктуу эмгек, татыктуу жашоо үчүн!!!

2019-жылдын 26-сентябрь күнү Баткен шаарынын Балдар чыгармачылык борборунда Баткен областынын баштапкы профсоюз комитеттеринин жаш төрагалары жана райондук, шаардык профсоюз комитеттеринин жаштар кеңештери үчүн “Жаш профсоюз лидерлери - татыктуу эмгек, татыктуу жашоо үчүн !!!” деген темада областтык семинары болуп өттү. Иш чаранын максаты райондук, шаардык профсоюз комитеттеринин алдындагы жаштар кеңештеринин жана баштапкы профсоюз комитеттеринин жаш төрагаларынын укуктук билимдерин жогорулатуу болду.
27.09.2019 651 Кесиптик бирлик региондордоЖаштар кеӊешинин төрагаларына жаңы тажрыйбалар

Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин уюштуруу, укук иштери боюнча адиси жана областтык жаштар кенешинин төрагасы К.Акимов 2019-жылдын 23-августунан 26-августуна чейин Ысык-көл областынын Бостери айылындагы “Талисман-Вилаж” эс алуу жайында Борбордук комитет жана Центр солидарности уюму менен биргеликте уюштурулган “Мен татыктуу эмгек үчүн” аталышындагы жаш лидерлердин жайкы мектебиндеги тажрыйбаларды жер жерлерде жайылтуу жана улантуу максатында 2019-жылдын 26-сентябрь күнү Баткен шаарында Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитети жана областтык комитеттин алдындагы жаштар кенеши тарабынан «Жаш профсоюз лидерлери-татыктуу эмгек, татыктуу жашоо үчүн” деген темада райондук, шаардык профсоюз комитеттеринин алдындагы жаштар кенештеринин төрагаларына жана жаныдан шайланган жаш баштапкы профсоюз комитеттеринин төрагаларына семинар өткөрүлдү.
27.09.2019 748 Кесиптик бирлик региондордоОшто жаштардын достук мелдеши өтүүдө...
Бүгүн Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда Ош шаарындагы ЖОЖдордун жана АОЖдордун жаштар комитеттеринин ортосунда спорттун футбол, волейбол, стол теннис түрлөрү боюнча мелдеши болуп өттү. Аталган иш чара окуу жайлардын ортосундагы биримдикти бекемдөө менен, ынтымак, достукту чыңдоо үчүн Ош шаардык Мэриясынын жаштар комитетинин демилгеси менен окуу жылы башталгандан тарта ишке ашып келе жатат. Эң алгач ОшТУда, андан соң ОшКУУда эстафета катарында болуп өткөн. Ага да институттун студенттери барып катышып, байгелүү орундарга ээ болушкан. Бул жолку оюн ОГПИде жалпы жаштардын башын бириктирип, жагымдуу маанайда коштолуп, жогорку деңгээлде улантылып жатат. Ар бир окуу жайдан түзүлгөн атайын командалар өзгөчө даярдык менен келип, атааңдаштарга ат салдырбайбыз деген күчтүү дем жана ортодогу достукту сактоо менен жигердүү катышышты. Бул саамалык учурдагы жаштардын спортко кызыкдар экенин далилдеп, дагы-да болсо алардан келечектин жаркын жашоосун күтүүгө боло турганын айгинелешти.
27.09.2019 634 Кесиптик бирлик региондордо