Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Жаңылыктар

“Сөз берметин ширелткен айтыштын түрү сармерден”

“Сөз берметин ширелткен айтыштын түрү сармерден”

Лейлек райондук билим берүү мекемелерине караштуу билим берүү мекемелеринде мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата көптөгөн иш чаралар өткөрүлүүдө, алардын бири 2019-жылдын 27-сентябрь күнү мамлекеттик тил майрамына карата уюштурулган Лейлек районунун билим берүү кызматкерлеринин арасында Сармерден айтышынын райондук туру өткөрүлдү. Ак-Суу, Сумбула , Катраң, Лейлек өкмөттөрүнө караштуу билим берүү мекемелеринен буга чейин өткөрүлгөн зоналдык турда тандалып алынган мырзалар , Тогуз-Булак айыл өкмөтүнө жана Исфана шаар мэриясына караштуу билим берүү мекемелеринен тандалып алынган айымдар ат салышып, жыйынтыгында бирдей упайга ээ болушту.

 08.10.2019      635       Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдердин кесиптик майрамына карата майрамдык иш чара өткөрүлдү

Мугалимдердин кесиптик майрамына карата майрамдык иш чара өткөрүлдү

Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмү жана билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун райондук комитети мугалимдердин кесиптик майрамын 2019-жылдын 5-октябрь күнү “Мугалим-коомдун руханий акыл-эси күч-кубаты жана тиреги”деген темада билим берүү кызматкерлеринин катышуусунда райондук маданият үйүндө майрамдык иш чара өткөрүлдү.

 08.10.2019      805       Кесиптик бирлик региондордо

Н.Исанов атындагы КМКТАУнун колледжинде мугалимдер кʏнʏ белгиленди

Н.Исанов атындагы КМКТАУнун колледжинде  мугалимдер кʏнʏ белгиленди

2019-жылдын 4-октябрында Н.Исанов атындагы КМКТАУнун колледжинде мугалимдер кʏнʏнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чара “Мугалим эже” деген аталыштагы музыкалык куттуктоо менен башталды. Андан соң коллдеждин директору, э.и.д., проф. Э.Д.Дербишева жалпы эмгек жамаатын куттуктап, ден соолук, иштерине ийгиликтерди каалады.

 08.10.2019      1063       Маалыматтык бюллетень

Кесиптердин улуусу - Мугалим

Кесиптердин улуусу - Мугалим

Улуу кесиптин ээси болгон инсандарыбыз октябрь айынын башында кесиптик майрамын майрамдашып келишет эмеспи.Катардан калбай Таш-Көмүр шаарында да мугалимдердин кесиптик майрамын жогорку деңгээлде уюштурууну билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун шаардык комитети тарабынан шаардык маданият үйүндө өткөрүү жагын колго алды. Мугалимдердин кесиптик майрамын шаардык масштабда 4-октябрь күнү уюштурулду.Бул майрамдык салтанатка 450 мугалим-педагогдор ,29 ардагер мугалимдер, 17 жаш адистер, 59 юбилярлар жана шаар жетекчилери келип катышышты.

 08.10.2019      741       Кесиптик бирлик региондордо

Кесиптик майрамдар майрамдалды

Кесиптик майрамдар майрамдалды

Аксы районунун Надыр Мамбетов мектебинде мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленди. Түйшүктүү, татаал кесип ээлери мугалимдер эмеспи. Ошондуктан бул кесип эң эле урмат сыйга ээ деп ойлоймун. Аким, президент, врач, айдоочу айтор бардык кесип ээлери мугалимден билим алышат. Караңгы түндү билим менен жарык кылган да мугалимдер . Кесип бирлик мүчөлөрүнүн арасындагы ардагерлер өзгөчө куттукталды. Майрамдык маанай кесип бирлик мүчөлөрүндө абдан жакшы. Мектептин директору Калыбек Урустемов өз каалоолорун айтып, мындан ары да талыкпай эмгектенип көптөгөн мөмөлөрдү өстүрө беришин айтып өттү.

 08.10.2019      1073       Кесиптик бирлик региондордо

Аксы районунда кесип бирлик мүчөлөрү сыйланды

Аксы районунда кесип бирлик мүчөлөрү сыйланды

2019 -2020-жаңы окуу жылында, Аксы районунун "Арча-бешик" мектепке чейинки билим берүү уюмунда, кесип бирлик мучөлөрү профсоюз уюмунун Ардак грамоталары менен сыйланышты. Аталган уюм үстүбүздөгү жылда көптөгөн жетишкендиктерге жетишишти. "Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына" карата өткөрүлгөн "Мыкты профсоюз уюму" аттуу конкурста областык турда экинчи орунду багындырды. Аксы районунун профсоюз уюмунун жетекчиси Сагын Камчыбеков Арча -бешик мектепке чейинки билим берүү уюмундагы кесип бирлик мүчөлөрүн райондук Ардак грамота менен сыйлап, кесиптик майрамы "Мугалимдер күнү" менен куттуктады.

 08.10.2019      584       Кесиптик бирлик региондордо

Спорт жолугушуусу

Спорт жолугушуусу

Жалал – Абад областынын Ала-Бука районунда дүйнөнүн кубогунун күмүш медалынын 2016-жылкы ээси (дзюда боюнча) 2016-жылкы самбо боюнча Азия чемпиону Жайчыбекова Кундузай менен жолугушуу райондун борборунда уюшулду. Жолугушууга райондук администрация башчысы аким Абдыкадыров Эмилбек Ысакулович, Искак Разаков атындагы спорт мектебинин директору Азиянын бир нече жолку чемпиону Аканов агай орун басары С.Иманалиевдер жана башка спортсмендер, залга райондогу дене тарбия мугалимдери жаш мугалимдер катышты.

 08.10.2019      669       Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдер күнү

Мугалимдер күнү

Кочкор районунда мугалимдердин кесиптик майрамына карата салтанат 2-октябрь күнү Хан ордо кафесинде ѳткѳрүлдү. Салтанатка Кочкор райондук мамлекеттик администрациянын башчысынын орун басары Э.Садыкова, райондук билим берүү бѳлүмүнүн мурдагы жетекчилери А.Осмонов, В.Турдукулова, И.Садырбаев, Ш.Мадабаева, айыл ѳкмѳт башчылары, банк кызматкерлери, кѳп жылдар бою мектепте иштеп азыркы мезгилде ардактуу эс алууда жүрүшкѳн ардагер эжей-агайлар, мектеп жана бала бакча жетекчилери, мугалимдер жана тарбиячылар катышты.

 08.10.2019      732       Кесиптик бирлик региондордо

ВСЕМИРНЫЙ ДЕНЬ ЗА ДОСТОЙНЫЙ ТРУД

ВСЕМИРНЫЙ ДЕНЬ ЗА ДОСТОЙНЫЙ ТРУД

В этом году, 7 октября, призывы будут обращены к правительствам во всем мире увеличить инвестиции в здравоохранение, чтобы обеспечить экономический рост, решить растущие демографические проблемы и помочь преодолеть дискриминацию по признаку пола, поддерживая участие женщин в экономике. Исследования, проведенные МКП ( Международная конфедерация профсоюзов) и многими другими, ясно показали, как инвестирование в сектор здравоохранения повышает занятость женщин и мужчин, увеличивает ВВП и имеет важное значение для преодоления укоренившейся дискриминации в отношении женщин на работе и в обществе.

 03.10.2019      825       Маалыматтык бюллетень

Урматтуу мугалимдер! Ардактуу педагогикалык тармактын ардагерлери!

Урматтуу мугалимдер! Ардактуу педагогикалык тармактын ардагерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар-мугалимдердин Эл аралык күнү менен ак дилимден куттуктаймын! Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитети сиздердин сүйүктүү жүрөгүңүздөрдүн кенендигин жана мээримдүүлүгүн, чыдамкайлыгыңыздарды жана түшүнүктүүлүктөрүңүздөрдү, өз ишиңиздерге берилгендигиңиздерди жана окуучуларыңыздарга болгон сүйүүңүздөрдү ар дайыма жогору баалап келет. Биздин профсоюздун катарында сиздердей дүйнөдөгү эң гумандуу кесиптин ээлери тургандыгына абдан сыймыктанабыз, биздин профсоюз сиздердин укуктарыңыздарды жана кызыкчылыктарыңыздарды мыйзамдарыбыздын чектеринде ар тараптан коргоп, эң мыкты шарттарда эмгектенүү жана эс алуу үчүн аракеттенүүдө.

 03.10.2019      1448       Маалыматтык бюллетень

Отчеттук кайра шайлоо болуп өттү

Отчеттук кайра шайлоо болуп өттү

Бүгүн, Кызыл-Кыя шаарынын А.Пушкин атындагы №4 орто мектебинин залында, билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Кызыл-Кыя шаардык отчеттук кайра шайлоо конференциясы болуп өттү. Күн тартибинде беш маселе каралды. Эӊ негизги маселе бул: билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Кызыл-Кыя шаардык комитетинин 2014-2019 жылдарда аткарган иштерине отчет берилди, ошондой эле текшерүү комиссиянын беш жылдык иши каралып, конференциянын делегаттары бир добуштан канаттандыраарлык деп баа коюшту. Шаардык комитетине жаӊыдан, жаш профсоюз лидерлерин, мектеп директорлорун, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысын жана баштапкы профсоюз комитетинин төрайымдарын шайлап, конференциянын делегаттары алардын ишине ийгилик каалап кетишти.

 03.10.2019      628       Кесиптик бирлик региондордо