Кылым карыткан мааракеңиздер кут болсун!
Сиздер эгемен өлкөдөгү карт тарыхка бай жана абройлуу коомдук уюмуңуздардын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесин зор салтанат менен белгилединиздер. Октябрь революциясы орногондон 2 жылдан кийин 1919-жылы Кыргыз автоном облусунда Жер жана токой жумушчуларынын уездик профсоюзу түзүлүп, ошол учурдан тартып бүгүнкү күнгө чейинки бир кылым бою ишмердүүлүгүн татыктуу жүргүзүп келе жаткандыгын мактоого татырлык деп айтууга толук негиздер бар. Сиздердин профсоюздун басып өткөн байсалдуу узак жолу мамлекетибиздин тарыхы менен жуурулушуп, ар бир тарыхый өзгөрүүлөр болгон сайын ал дагы өзгөрүп келди. 100 жыл ичинде республикада айыл чарбасы дүркүрөрөп өсүп, анда иштеген айыл эмгекчилеринин жашоо-турмушунун жакшырылышына Сиздердин профсоюз айтаарлык салымын кошкондугун, тарых барактарында алтын тамгалар менен жазылып калган бараандуу эмгегин айтпай коюуга болбойт.
17.09.2019 722 Маалыматтык бюллетеньӨнөктөштүк өркүндөөнүн жолунда
2019-жылдын 14-сентябрында Жалал –Абад облустук билим берүүнүн усулдук борбору менен профсоюздун облустук комитети биргеликте билим берүүнүн мурдагы облустук жетекчилери жана активдин катышуусунда “Билим залын” ачылыш аземин өткөрүштү. Аземге КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жооптуу кызматкерлери - Аширова Г.А, Борубаев Э, облустун билим берүү башкармалыгынын экс- башчылары: А.А.Акпаралиев, А.Б. Абдрашов, Т.Турганбаев жана Б.Исабаев, З.Кутманова, Ч.Доороновдун туугандары, облустук билим берүүнүн усулдук боборунун директору А.А.Токтосунов, профсоюздун облустук комитетинин экс-төрагасы У.Акматов жана экс-төрага А. Мирзахмедовдун туугандары, обкомдун төрагасы А.А. Исмаилов, “Алтын сертификат” алган окуучулардын мугалимдери, борбордун жана обкомдун жамааты, райшаар бөлүм башчылары, райшаарком төрагалары, директорлор катышышты.
16.09.2019 587 Кесиптик бирлик региондордоҮч тараптуу келишимдин аткарылышы
үй райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюзу 2019-2020-окуу жылынын башталышына карата Чүй райондук мамлекеттик администрациясы, Чүй районундагы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары (айыл өкмөттөрү) менен биргеликте 2017-2020-жылдарга кабыл алынган 3- тараптуу келишимдин аткарылышы боюнча Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К.С.Апбасов, Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын социалдык маселелер боюнча орун басары Б.О.Караев ар бир билим берүү мекемесинде мектеп директору, профкому, айыл өкмөтүнүн башчысы менен келишимде каралган маселелердин аткарылышы боюнча жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда “Билим берүү жөнүндө”, “Мугалимдин статусу жөнүндө” мыйзамдарындагы билим берүү кызматкерлеринин социалдык-экономикалык жактан коргоого карата беренелери боюнча маселелеринин аткарылышы, чечилиши боюнча талкуулар болду. 2019-2020-жаны окуу жылына карата билим берүү мекемелерин даярдоого Сайлык- айыл өкмөт башчы Б.Ж.Турсуналиев, Искра - айыл өкмөт башчы Р.Б.Бодбаев, Шамшы- айыл өкмөт башчы З.Т.Алышпаев, С.Ибраимов- айыл өкмөт башчы Б.Н.Абдыгулов жакшы көрсөткүчтө жардам беришкени, Кош-Коргон- айыл өкмөт башчы Э.Шамшидинов билим берүү кызматкерлеринин социалдык жактан коргоо маселелерин чечүүгө карата алгылыктуу иштерди жүргүзгөндүгү боюнча иштер айтылып өтүлдү. Атап өтсөк жыл жыйынтыгынын негизинде мугалимдердин ишмердүүлүгүнө карата 25000 сом акча каражатын бөлуп берген. Мугалимдердин айыл чарба иштерине өз алдынча көмөк көрсөтүү иштерин жүргүзгөн.
16.09.2019 682 Маалыматтык бюллетеньОкуучулар өзгөчө кырдаалдар учурда өзүн сактоосун билишеби?
2019-жылдын 13-сентябрь күнү Таш-Көмүр шаарында КР ӨКМ Таш-Көмүр шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бардык №1-14 орто мектептерде окуучулардын арасында өзгөчө кырдаалдар жаатында викториналар өткөрүлүп андан сырткары мектеп окуучулары өрттүн алдын алуу,өрт коопсуздугу,өрт өчүрүүчүлөрдүн күжүрмөн кийимин кийүү,биринчи өрт учурунда колдонуучу өрт өчүрүүчү шаймандарды туура колдонуу,өрт жана өзгөчө кырдаалдар учурунда жабыркагандарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча өткөрүлдү.
16.09.2019 567 Кесиптик бирлик региондордоБилим берүү мекемелеринде эмгекти коргоо жана коопсуздук чараларын талап деңгээлинде камсыз кылуу боюнча маселе каралды
2019-жылдын 13-сентябрь күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу № 10 К. Абдразаков атындагы орто мектебинде “Билим берүү мекемелеринде эмгекти коргоо жана коопсуздук чараларын талап деңгээлинде камсыз кылуу” темасында баштапкы кесиптик уюмдун төрагаларынын райондук семинары болуп өттү. Семинардын ачылышында № 10 К. Абдразаков атындагы орто мектебинде өткөн окуу жылында аткарылган иштери жөнүндө баштапкы кесиптик уюмунун төрайымы А. Бакирова маалымат берди. Семинардын жүрүшүндө Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райкомунун төрагасы К.Нышанов башталган жаңы окуу жылына алдыдагы милдеттер жөнүндө айтып өттү. Андан сырткары күз – кыш мезгилине даярдыктын абалы, от жаккычтарга жумушка керектүү каражаттар менен камсыз кылуу боюнча маселелерге токтолду.
16.09.2019 594 Кесиптик бирлик региондордоЛейлек районунда жаңы мектептин ачылышы
2019- жылдын 2-сентябрында мектептин салтанаттуу ачылыш аземи өткөрүлдү. Иш чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин депутаты Таабалды Тиллаев, КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова, Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Баймурат Бекмуратов жана Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Улукбек Жеемуратов алар менен кошо ”Илек Строй-Групп” ишканасынын жетекчиси Исманали Жороев, Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Алымбек Халмуратов жана башка меймандар катышышты.
09.09.2019 835 Кесиптик бирлик региондордоНорус мектептин ачылышы
Билим күнүндө Норус айылында окуучулар үчүн өз эшигин жаңы мектеп имараты ачып, ишке берилди. Шайкул Рахманов атындагы 100 орундуу чакан мектептин курулушу 2017-жылы башталган эле. Буга чейин Норус, Ичке-Суу айылдарынын балдары эски дүкөндүн имаратында окуп келишкен болсо, бүгүндөн баштап жаңы мектепте билим алышат. Салтанаттуу аземге КР Вице-премьер министри Алтынай Сейтбековна жана ЖК депутаты Иса Шейшенкуловичтер келип куттуктоо сөзүн айтып, белектерин тапшырышты. Айыл аксакалдары Шайкул агайдын аты мектепке туура коюлганын белгилешип, мектеп курууга салымын кошкон инсандарга ыраазычылыктарын билдирип, баталарын беришти!
09.09.2019 1210 Маалыматтык бюллетеньАймактардын өнүгүүсүндө жаштардын ролу
2019-жылдын 3-4-сентябрь күндөрү Жалал-Абад облусунун энергетиктердин шаары аталган Кара-Көл шаарында “Аймактардын өнүгүүсүндө жаштардын ролу” темасындагы жаштардын республикалык форуму болуп өттү. Форумга республиканын бардык облустарынан жаш лидерлер келип катышышты. Менда Ноокен райондук жаштар кеңешинин төрагасы катары, обкомдун алдындагы жаштар кеңешинин төрагасынын орун басары катары барып катышып келдим. Форумдун биринчи бөлүгүндө катышуучулардын парады, шаар мэринин, шаардык кеңешинин төрагасынын куттуктоосу жана Кара-Көл шаарындагы Ч. Айтматов атындагы балдар чыгармачылык үйүнүн тарбиялануучулары тарабынан даярдалган чакан концерттик программа менен коштолду.
09.09.2019 708 Кесиптик бирлик региондордо“Кыргызстандагы билим берүүнүн заманбап багыттары” аттуу темадагы жайкы август кеңешмеси болуп өттү
2019-жыл 30 август күнү Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында “Кыргызстандагы билим берүүнүн заманбап багыттары” аттуу темадагы жайкы август кеңешмеси болуп өттү. Кеңешменин бет ачаар сөзүн билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д. Сулпукарова сөз сүйлөп ,куттуктап ачык деп жарыялады. Кеңешменин катышуучулары болуп Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Т. Жайылов, Токтогул райондук профсоюз комитетинин төрагасы Т. Исраилов, айыл өкмөт окүлдөрү, мугалимдер, ардагер мугалимдер, жаш адистер жана билим берүү кызматкерлери катышышты. Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д. Сулпукарова райондук билим берүү тармагындагы аткарылган иш чараларды, жетишкендиктерди слайд- шоу аркылуу тааныштырды. Билим берүүдөгү жетишкендиктер үчүн мугалимдерге райондук мамадминистрациясынын ардак грамотасы, төш белгилер, белектер тапшырылды.
09.09.2019 660 Кесиптик бирлик региондордоМугалимдер Ысык-Көлдө эс алышты...
Ысык-Ата районунун билим жана илим кызматкерлиринин профсоюздук комитетинин төрайымы Бактыгуль Качиевна демилге көтөрүп быйыл 13-августтан 18-августка чейин Ысык-Ата районунун мектептеринин, бала бакчаларынын жетекчилери жана мыкты иштеген мугалимдер Ысык-Көл облусунун Тоң районунундагы ДОЦ «Красная гвоздикада» көңүлдүү эс алып келишти. Ыр-күү, бий, волейбол конкурстарды уюшулуп, ар бир күн өзгөчө шаң менен өтүп жатты.
09.09.2019 881 Маалыматтык бюллетеньЖаңы окуу жылыңыздар менен!!!
2-сентябрь күнү ЖАМУнун бардык факультеттеринде, колледждерде жаңы окуу жылынын башталышын белгилеп, салтанаттуу иш чаралар уюштурулду. Анда окуу жайдын ректору профессор К.Ж.Усенов, профсоюздук комитеттин төрагасы К.М.Болотбеков баш болгон проректорлор, атайын бөлүмдөрдүн жетекчлери, факультеттердин декандары, институт, колледждердин директорлору, студенттердин ата-энелри катышышып, куттуктоо сөз сүйлөшүп, кызматкерлерге, студенттерге каалоо тилектерин айтышты. Ал эми жаңы кабыл алынган студенттер үчүн өзгөчө куттуктоолор айтылып, жогорку курстардын студенттери ЖАМУнун артыкчылыктарын белгилөө менен азыркы учурдагы интелектуалдык атаандаштыкта университетибиздин баалуулуктарын сактоо менен, эң мыкты ийгиликтерди жаратуу аркылуу аларды байытуу милдетин татыктуу аркалоону тапшырышты . Салтанатта студенттердин ата-энелери да куттуктоо сөз сүйдөшүп, профессрдук-окутуучулук курамга ары татаал, ары түйшүктүү , ары сыймыктуу иштеринде ийгиликтерди каалашты.
09.09.2019 603 Кесиптик бирлик региондордо