Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюздун ишмердүүлүгүндөгү жаӊыча иштөө мезгили талабы

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитети өз ишмердигин, Кыргыз Республикасынын «Профсоюздар жөнүндөгү» мыйзамына, билим берүү жана илим кызматкерлеринин Борбордук комитетинин уставына, билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик кошунунун Баткен областтык комитетинин жобосуна ылайык жүргүзүп келүүдө.

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык  комитетинде  13704 мүчөсү бар. Областтык  комитеттин структурасында  340 баштапкы профсоюз уюмдары, 3 райондук жана  3 шаардык,  БатМУнун 4  профсоюз комитеттери иштейт.

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык  комитетинин аткарган кызматтарынын эн негизги бөлүгүнүн бири болуп билим берүү кызматкерлеринин мыйзамдык  укуктарын жана алардын  социалдык экономикалык  кызыкчылыктарын  коргоо маселелери эсептелип келүүдө.

Областтык комитеттин жылына түзүлгөн иш планына ылайык бир жылда 1 жолу пленум, 4 жолу президиумдар өткөрүлөт.

Мугалимдердин айлык акыларынын төлөнүшү боюнча  профсоюз комитеттери тарабынан билим берүү бөлүмдөрү менен бирдикте  жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга финансы бөлүмдөрүнө   жазуу түрүндө кайрылуулар жөнөтүлүп турулду. Атап айтсак, областтык комитет тарабынан областтык мамлекеттик администрацияга жылына 2 жолудан, райондук, шаардык мэрияларга жылына 1 жолудан айлык акылардын убагында, так төлөнүшү, мугалимдердин эмгек өргуулөрунө кошумча төлөмдөрдүн берилиши боюнча каттар жөнөтулгөн.

Өзунуздөргө белгилуу болгондой, 2010-жылдын декабрь айында көптөгөн мугалимдер жамааттарынын кайрылууларын эске алуу менен областтык штаб, андан кийин Борбордук комитеттин төрагасы А.Токтогуловдун жетекчилиги менен Республикалык штаб түзүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө эмгек акыларды көтөрүү боюнча 5 талап коюлган. Штаб 2011-жылы январь, февраль, март айларында туруктуу иштеп, тынымсыз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен акырында билим берүү кызматкерлеринин эмгек акыларын эсептөөнүн жаны тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен киргизилди.

Натыйжада, Республиканын мектептериндеги мугалимдердин   2011-2012-окуу жылындагы эмгек акыларынын орточо өлчөмү, Сиздер жакшы билгендей,  мурдагы жылдардагы эмгек акыга салыштырмалуу 2 эсеге өстү. Профсоюздун Борбордук Комитетинин тапшырмасы менен  областтык комитет тарабынан 2012-жылдын октябрь-ноябрь айларында жана 2014-жылдын июнь-август айларында мугалимдердин эмгегине акы төлөөлөрдү  аныктоо максатында  жүргүзүлгөн мониторинг көрсөткөндөй, эмгек акынын кайрадан азайышына КР Өкмөтүнүн токтомунун негизинде мектеп программасынын Базистик планы боюнча педагогикалык жүктөмдөрдүн олуттуу кыскарышы себеп болгон. 

2013-жылга чейин Айыл өкмөттөрдө иштеген эсепчилер мугалимдерге айлык акы төлөөнүн өзгөчөлүктөрүн өздөштүрө албай, бир топ көйгөйлөр пайда болгондугун бардыгыбыз билебиз.       Бардык кошумча  жана  өзгөчө шарттарда иштегендиги үчүн пайыздык төлөмдөрдүн аткарылышы көзөмөлгө алынып,  Борбордук комитеттин төрагасы Токтогулов Асылбек Токтогуловичтин түздөн түз  көмөктөшүүсү   аркылуу  областтык комитет жана райондук,шаардык профсоюз комитеттери менен биргеликте 2013-жылдын  июнь айында областын райондорунун борборлорунда райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басарлары, райондук финансы бөлүмүнүн бюджет бөлүмүнүн башчылары, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылары, айыл Өкмөттөрүнүн эсепчилери, мектеп директорлору, баштапкы профсоюз уюмдарынын төрагалары катышкан «Мугалимдердин айлык акыларын эсептөөнүн  өзгөчөлүктөрү»  деген темада   семинар өткөрүлдү.

          Семинарда  билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик кошунунун Борбордук комитетинин укук бөлүмүнүн адиси Б.Кадыркулов жана социалдык төлөөлөр жана  эмгек акылар боюнча бөлүмүнүн адиси К.Ниязбеков, катышышып, мугалимдердин айлык акыларын туура эсептөө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген женилдиктер, алардын берилиши, эмгек китепчелеринин туура толтурулушу, буйрук китепчелеринин уюштурулушу жөнүндө  укуктук маалыматтар берилди. 

2013-жылдын 1-августунан тартып мамлекеттик билим берүү уюмдарынын  каржылык чыгымдары Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн эсепканалары аркылуу жүзөгө ашырыла баштады. Мугалимдердин эмгек акыларын, оорулары же төрөт боюнча жөлөкпулдарын эсептөө ар кандай каталарсыз жана кем эсептөөлөрсүз жүргүзүү үчүн, 2013-жылы сентябрь айында Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин адиси К.Ниязбековдун катышуусунда райшаардык профсоюз комитеттери тарабынан аябагандай зөр түшүндүрүү иштери жүргүзүлду. Мындан тышкары, жогорудагы  эсепканалардын кызматкерлери ушул маселелер боюнча ченемдик-укуктук актылар менен камсыз кылынды.

 

СОЦИАЛДЫК ӨНӨКТӨШТҮК- ИЙГИЛИККЕ ӨБӨЛГӨ

 

Өзгөчө белгилеп кетүүчү жагдай, азыркы учурда биздин областта макулдашууларды жана келишимдерди түзүү боюнча айтаарлык тажрыйба топтолуп калгандыгын белгилеп айтсак болот. Өз кызматкерлеринин социалдык, укуктук жана эмгектик проблемаларын чечүүдөгү мындай укуктарын билгичтик менен пайдаланышкан уюмдардын катарында Баткен областынын бардык райондук. шаардык профсоюз комитеттерин атасак болот.

 Социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү максатында профсоюздар, жергиликтүү бийлик органдары, иш берүүчүлөр менен Кыргыз Республикасынын «Эмгек мамилелериндеги социалдык өнөктөштүк жөнүндөгү» мыйзамдын негизинде эки жана үч тараптуу келишимдер түзүлдү. Мектептердин  администрациялары менен профсоюз уюмдары тарабынан түзүлгөн 149 эки тараптуу, айыл Өкмөттөрү, мектеп администрациялары жана профсоюз уюмдарынын ортосунда түзүлгөн 171 үч тараптуу макулдашуулар, ошондой эле райондук денгээлдеги үч тараптуу 3   макулдашуулар түзүлдү. Областтык денгээлде  облмамадминистрация менен областтык комитет ортосунда 2009-2014-жылдар үчүн  үч тараптуу келишим түзүлүп, азыркы учурда 2015-2018-жылдарга макулдашууну түзүү араекттери жүрүүдө.

Баткен  областтык комитети ар жылдын аягында эреже катары райондордун акимдерине жана шаарлардын мэрлерине жаңы каржы жылында  жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары өздөрүнүн бюджеттерин түзүүдө педагогикалык кызматкерлерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген социалдык жеңилдиктер жана кепилдиктер менен камсыз кылууга каражаттарды киргизүүнү эске алууларына көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен атайын кайрылууларды жөнөтүп келатат.   Райондордон, шаарлардан алынган маалыматтарга караганда, бул маселелер  жер-жерлерде райшаардык бийликтердин  коллегияларында атайын маселе катары каралып, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жетекчилерине «Билим берүү жөнүндө» жана «Мугалимдин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын талапка ылайык аткаруу боюнча көрсөтмөлөр берилуудө.

Профсоюздардын  мындай сунушуна жергиликтуу жетекчилеринин жоопкерчиликтүү мамилелери жана жер-жерлерде тармактагы социалдык өнөктөштүктүн дараметин билгичтик менен пайдалануу аркылуу жылдан-жылга региондордогу педагогдордун нагыз социалдык проблемаларын чечүү динамикасы жогорулап келатат.

Практика көрсөткөндөй, жер-жерлерде социалдык өнөктөштүктүн деңгээлин жана мүмкүнчүлүктөрүн билгичтик менен пайдалануу, бийликтин бардык түзүмдөрү менен иштиктүү социалдык диалогду мыйзам чегинде жүргүзүү тармактын кызматкерлеринин укуктары жана кызыкчылыктары үчүн күрөштүн куралы катары жылуу кабыл алынууда. Мындан тышкары, биздин профсоюздун мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо үчүн кошумча рычаг катары айылдык кенештин депутаттары менен иштөөгө,  мында айрыкча мугалимдердин катарларынан шайланышкан депутаттардын мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдаланууга көңүл бурулууда.

Райондук, шаардык баштапкы профсоюз уюмдарынын ичинен жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдары, мектеп администрациясы менен жамааттык эмгек макулдашуулар түзүлүп, профсоюздук иштерди жакшы жолго коюшуп, өздөрунун эмгек жамааттарында кадыр баркка ээ болгон уюмдар бар. М:  Баткен районунун  Бужун, С.Момунов, Чек,Ш.Токсонов, Б.Нарматов, Лейлек районунан В.И.Ленин, Самат, Б.Набиев, А.Навои, Кара-Булак, Кадамжай районунан Шамурзаев, Тургунов, Манас-ата атындагы орто мектебин, Баткен шаарынан Ж.Боконбаев, В.И.Ленин, А.Имаров  а.о.м, Сүлүктү шаарынан №3 М.ибрагимов а.о.м, Жеткинчек балдар бакчасы,  Кызылкыя шаарынан №2, №6, орто мектептеринин баштапкы профсоюз уюмдарын атоого болот.

Жогоруда белгиленген жамааттык келишимдердин негизинде акыркы 3 жылда област боюнча жеке үй куруу үчүн мугалимдерге жерлер бөлүнүп берилүүдө. Баткен районунда-12, Кадамжай районунда-15, Лейлек районунда-17, Кызыл-Кыя шаарында-15, Баткен шаарында-12, Сүлүктү шаарында-2, жалпысынан област боюнча 73 мугалим жер менен камсыз болушту. 

Айыл округдары тарабынан мугалимдерге женилдетилген баада арендага айдоо жерлер бөлүнүп берилди. Баткен району боюнча-27 мугалимге (14,2 га), (Дара а/о-8,82 га, Самаркандек а/о 1,2 га, Төрт-Гүл а/о-5,02 га) 50% арзан баада иштетүүгө жер аянттары берилген. 

КРнын “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамынын негизинде Айыл округдарынын бюджетинин мүмкүнчүлүгүнө жараша жаш мугалимдерге минималдуу окладдын 10 айлык өлчөмүндө төлөмдөр төлөнүүдө. Баткен району б-ча 22 мугалим (2000 сомдон-7000 сомго чейин) (Самаркандек а/о-7000 сом, Төрт-Гүл а/о-2000 сом),  Баткен шаары б-ча – 37 мугалимдерге 1000 сомдон акчалай жөлөк пулдарды алышты. 

Акыркы жылдары Баткен мэриясы тарабынан 64 мугалим Сүлүктү шахтасы менен түзүлгөн келишим боюнча арзандатылган баада, б.а. 5 сом 90 тыйындан көмүр менен камсыз болушкан.

Сүлүктү шаарынын мэриясы тарабынан 183 мугалим 500 кг көмүр арзандатылган баада, ал эми 500 килограммдан көмүр менен жаш мугалимдер бекер камсыз болушкан.

Баткен шаары жана Сүлүктү шаары тарабынан жергиликтүү бюджеттен 50,0 мин сом мугалимдер үчүн гезитке жазылуу үчүн бөлүнүп берилген.

Жыл сайын областын бардык район, шаарларында ар жылы жергиликтүү бюджеттен жаны окуу жылына болгон даярдык боюнча конкурсунун женүүчүлөрүнө   акчалай каражаттар бөлүнүп берилет. (Баткен району боюнча – 26,7 миң сом, Кадамжай району боюнча-20,0 мин сом, Лейлек району боюнча-55,0 миң сом, Сүлүктү шаары боюнча - 6,5 миң сом, Баткен шаары боюнча 30,0 миң сом)

 Кызыл-Кыя шаардык мэриясы жергиликтүү бюджеттен 100 балага ден соолугун чыңдоо үчүн 360,0 миң сом жана балдардын ден соолугун чыңдоочу борборуна ремонт үчүн 100,0 миң сом бөлүп берген.

Баткен шаардык профсоюз комитети(торайымы М.Калыкова), Баткен  шаардык билим беруу болуму жана Баткен шаарынын мэриясы менен биргеликте тузулгон 3 тараптуу келишимдин негизинде, Баткен шаарында эмгектенген мугалимдердин балдары учун балдар бакчаларындагы ата-энелер учун мучолук акысы 50 пайызга арзандатылган.

Ар жыл сайын жыл ичинде аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгаруу максатында кенейтилген президиум өткөрүлүп, губернатордун орун басары,акимдердин орун басарлары, вице-мерлер, билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары социалдык өкөктөштүк боюнча маалыматтар берилүүдө.

 

КҮЧТҮҮ ПРОФСОЮЗ-КҮЧТҮҮ БАШТАПКЫ ПРОФСОЮЗ УЮМУ

 

Азыркы учурда  баштапкы профсоюз комитетеринин ишмердиги жаңы деңгээлге көтөрүлдү десек мактагандык болбос. Коомдук көзөмөлдүн жогорулашы профсоюз мүчөлөрүнүн укуктарын, алардын эмгек кызыкчылыктарын социалдык коргоого алуунун деңгээлин жакшыртууда көмөк болууда. Баткен областынын райшаарларындагы билим берүү уюмдарында көзөмөл жүргүзүлүп, андан кийин ошол район, шаарларда билим берүү уюмдарынын жана профсоюздук комитеттеринин өкүлдөрүнүн  активдүү катышуусу менен  окутуу семинарларын өткөрүү практикасы өзүн актап келатат. Натыйжалуу жана айтаарлык багыттарынын бири катары  профлидерлерин окутуу боюнча биргелешкен семинарлардын өткөрүлүшүн  айтсак болот. Борбордук комитет жана Эл аралык билим берүү уюму биргеликте окуткан биздин профсоюздун Баткен областтык, райондук жана шаардык комитеттеринин төрагаларынын арасынан даярдалган тренерлер бүгүнкү күндө Баткен областында да  профсоюздун баштапкы уюмдарынын жетекчилерин жана активин үйрөтүү боюнча семинарларды  өткөрүп жатышат.

Белгилеп кетүүчү жагдай, эл аралык семинарларды өткөрүү менен алгылыктуу жыйынтыктарга жетишип жатканыбызды айта кетишибиз керек, айрыкча башталгыч уюмдардагы  профсоюз лидерлеринин кесиптик чеберчиликтери жогорулап, иштери активдеше баштады деп  ишеничтүү айтсак болот.

Атап айтсак, 2011-жылы июнь айында Кадамжай районунда жана  2012-жылы август айында Лейлек районунда Эл аралык билим берүү уюмунун “Азия-Тынч” океан чөлкөмдүк бөлүмүнүн адистеринин катышуусунда Баткен областынын баштапкы профсоюз уюмдарынын лидерлери үчүн «Рынок экономикасынын шарттарында мугалимдердин профсоюзунун ролу» деген темадагы 3 күн, 35 адам катышкан эл аралык семинар өткөрүлдү. Бул семинарларда Лейлек районундагы Б.Набиев а.о.м. профсоюз комитетинин төрайымы А.Гапурова лекцияларды окуду.

Ушул семинарларды улантуучу катары, бекитилген иш планга ылайык район, шаарларда 1 күндүк семинарларды өткөрүлүүдө.

Акыркы жылдардагы өткөрулгөн семинарларга токтолсок,  2013-жылда  пландаштырылган төмөнкүдөй окутуу семинарлары да өз убагында өткөрүлдү. (“Баштапкы профсоюз уюмунун ишин жайылтуу”, “Үч тараптуу келишимди түзүү”, “Жан башына каржылоого жана кызмат акы төлөөнун жаны системасына ылайык мектептердин билим беруу кызматкерлерине кызмат акы төлөөнун өзгөчөлуктөру”, “Кесиптик бирлик уюмдарынын коомдогу ролу”, “Социалдык өнөктөштук-билим беруу кызматкерлеринин социалдык-экономикалык шарттарын жакшыртуунун негизги жолу”, “Жалпы билим берүүчү уюмдарда педагогикалык жана көмөкчү кадрлар менен иштөөнүн укуктук негиздери”, “Билим берүү мекемелеринде педагогикалык жана көмөкчу кадрлар менен иштөөдө мыйзамдуулуктун сакталышы жөнүндө (мектеп документациясы)” 

Баткен шаардык профсоюз комитети тарабынан 2013-жылдын апрель айында “Эмгекти коргоо жана мугалимдерге түзүлгөн шарттар жөнүндө” семинарга областтык экология жана техникалык инспекциянын кызматкерлеринин катышуусу менен семинар өткөрүлдү.

2014-жылы Баткен районунун Б.Нарматов атындагы орто мектебинде “Социалдык өнөктөштүк ийгиликке өбөлгө деген темада областтык семинар өткөрүлдү.

Ушундай семинарларды өткөрүүнүн натыйжасында баштапкы профсоюз комитеттеринин төрагаларынын нормативдик актылар, мыйзамдар, укук, эмгек  боюнча билим денгээлдери жогорулап Айыл Өкмөттөрүнүн башчылары менен өз денгээлинде сүйлөшүүлөр  жүргүзүлүп калды десек болот. 

Укук маселелери да ар жыл сайын профсоюздун Баткен областык комитетинин жана райондук, шаардык комитеттеринин президиумдарынын кароолоруна коюлуп, ар дайым талкууланып  келатат. Акыркы убактарда республикада жалпы билим берүү жана мектепке чейинки балдар мекемелерине кызматкерлерди кабыл алууда жана бошотууда, иш кагаздарын жүргүзүүдө, иштегендердин эмгек китепчелерин толтуруу боюнча усулдук жардамдар берилип окутуу семинарлары өткөрүлүүүдө.

 

ЭМГЕК КООПСУЗДУКТАРЫНЫН САКТАЛЫШЫ ЖАНА ЭС АЛУУНУ УЮШТУРУУ.

 

Баткен областтык комитети жана райондук . шаардык профсоюз  комитеттери билим берүү уюмдарында эмгекти коргоо ченемдеринин аткарылышына, эмгектин дени сак жана коопсуз шарттарын түзүү жаатында иштерди ырааттуу көзөмөлдөп келатат, ал иштердин көпчүлүгү үч тараптуу макулдашуулардын жана жамааттык келишимдердин аткарылышы аркылуу жүргүзүлөт. БатМУнун жана   жалпы билим берүүчү мектептердин, мектепке чейинки уюмдардын алдында ар бир жумушчу орундарында дени сак жана коопсуз шарттарын түзүү боюнча коомдук көзөмөлдүк жүргүзүүгө жооптуу адамдар иштеп жатышат.

Профсоюздун облрайшаардык комитеттери билим берүү мекемелеринде эмгекти коргоо боюнча иштердин абалын активдүү иликтөө менен катар,  ошондой эле бул маселе боюнча профсоюздук активди окутуу семинарларын уюштуруп келатат. Мындай семинарлар Кадамжай районунун Охна гимназия мектебинде, Лейлек районунун  Т.Жапаров а.о.мектебинде  областтык денгеелде өткөрүлдү. Областтык комитет тарабынан  2014-жылдын июнь айында район шаарлардагы жаш профсоюз уюмунун 35 жашка чейинки торагаларына “Баштапкы профсоюз уюмунун ишмердүүлүгү” жана “уюштуруу иштериндеги лидерлик сапаттар” деген темаларда окутуу семинарлары өткөрүлдү.

2013-жылы Областтык Комитеттин катышуусунда областтык экологиялык жана техникалык инспекция тарабынан БатМУнун Кызыл Кыя шаарындагы Технология, экономика жана укук институтунун  электригинин жумуш мезгилинде каза болгондугу иликтенип, окуу жай тарабынан тиешелуу жөлөк пулу толонуп берилди. Ошондуктан  райондук, шаардык профсоюз комитеттеринин, БатМунун профсоюз комитеттеринин  алдында өндүрүштүк кырсыкка учуроолордун жана жаракат алуулардын алдын алуу боюнча иштерге коомдук активди кеңири жана активдүү тартуу, аларды болтурбай коюу максатында алдыңкы тажрыйбаларды окуп-үйрөнүү менен жер-жерлерде кеңири колдонуу  милдеттери койулган.

Билим берүү уюмдарында жумуш орундарында эмгектин зыяндуу шарттарынын түзүлүшүнө карата милдеттүү түрдө аттестациялоо тууралуу маселелер областтык Комитеттин пленумдарында, президиумдарында, семинарларда ар дайым көтөрүлүп, бардык эле билим берүү уюмдарында  жана илимий мекемелерде эмгектин өзгөчө шарттары бар жумушчу орундарын аттестациялоо, андай зыяндуу шарттарда иштегендиктери үчүн кошумча пайыз кошулуп төлөө жүргүзүлүүдө.

Билим берүү профсоюзунун Баткен областынын комитети  профсоюз мүчөлөрүнүн эс алууларын, ден соолуктарын чыңдоолорун жана дарыланууларын уюштурууга өзгөчө көңүл бурууда.  Райондук, шаардык профсоюз комитеттери жана баштапкы профсоюз комитеттери көпчүлүк учурларда айыл округдарынын жергиликтүү бюджеттеринин жана профбюджеттен профсоюз мүчөлөрүнүн эс алууларын уюштурушууда. Албетте, мында бардык деңгээлдеринде түзүлгөн үч тараптуу макулдашуулар жана жамааттык келишимдер зор роль ойноп жаткандыгын айта кетишибиз керек.

Алсак, 2012-жылдын жай мезгилинде Ысык-Көлдө 628 мугалим ден соолуктарын чыңдашса, 2320 билим берүү кызматкерлери “Арстанбап”, “Сары-Челек”, “Кара-Кой”, “Абшир-Ата” ж.б. атактуу жайларда кыска мөөнөттүү эс алышкан. Ал эми 2013- жылы 2765 билим беруу кызматкерлери эс алышкан. Профсоюздун Баткен областтык комитети «Мамакеев» санаторий-профилакторийинде, «Ош» жана Ысык-Көлдүн жээгиндеги пансионаттарынын базаларында, 2014-жылы жогорудагы аталган пансионат эс алуу жайларда  билим берүү кызматкерлеринин ден соолуктарын чыңдоону колго алышып,  кыска мөөнөттүк эс алуулар уюштурулууда.

Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын бюджеттеринен балдарды эс алдыруу, балдардын эс алуу борборлорун ремонттон өткөрүү жүргүзүлүп жатат. Бир мисал. үч тараптуу макулдашуунун негизинде Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы жыл сайын шаардык бюджеттен 80 баланын эс алууларына 300 миң,  балдардын эс алуу борборун кармоого 100 миң сом которуп берген.

Жыл өткөн сайын  жер-жерлердеги профсоюз мүчөлөрүн эс алдырууга бөлгөн жолдомолордун саны көбөйүп баратат. 2011-жылы 57 даана болсо, 2012-жылы 109 даана, 2013-жылы 111 даана, 2014-жылы 118 даана жолдомолор берилген жолдомолордун  саны  2011-жылдагыдан 2 эсеге көбөйгөн.

Мындан тышкары, тармакта жашоонун сергек жагдайын жайылтуу боюнча иштер жыл сайын райондордо, шаарларда жана областтык деңгээлде маданий-массалык иш чараларды, спорттук мелдештерди жана таймаштарды уюшкандыкта өткөрүү аркылуу жүзөгө ашырылып келатат. Алар жакшы салтка айланып баратат, мындан мугалимдерибиз жана окутуучуларыбыз ден соолуктарын чыңдоо менен ойдогудай эс алышып, ынтымактуулукту жана биримдикти көрсөтүп жатышат.  Баткен областтык комитети тарабынан тармактык профсоюзда жарыяланган «Жылдын мыкты мугалими», «Жылдын мыкты иш берүүчүсү» кароо-сынактарына арналган  кароо-сынактары жана мугалимдердин спартакиадасы өткөрүлүүдө. 

         Областтык деңгээлде мугалимдер арасында уюштурулган кароо-сынактардагы жеңүүчүлорго 3 тараптуу келишимде көрсөтүлгөндөй областтык мамлекеттик администрация баалуу белектерди берсе ал эми профсоюздун областык комитети тарабынан акчалай сыйлыктар уюштурулууда. Атап айтсак «Жыл мугалими» областтык конкурсуна областтык комитет тарабынан конкурска активдүү катышкан 7 мугалимдин ар бирине 7000 сомдон, жалпы жылына 49000 сомдук баалуу белектер, мугалимдердин областтык спартакиадасына жылына 28000 сомдон акчалай сыйлыктар берилүүдө. Ошондой эле окуучулары Республикалык олимпиадада байгелүү орунду ээлеген 14 мугалимге  ар бирине 500 сомдон акчалай сыйлык областтын губернаторунун катышуусунда берилди. Ал эми  мугалимдердин август кенешмесинин делегаттары үчүн жана билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата мугалимдер үчүн өткөрулгөн иш чараларда райондук, шаардык профсоюз комитеттери менен биргеликте моралдык жана материалдык колдоолор көрсөтүлүп келүүдө.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жениш  Парпиевич Разаковдун жардамы менен акыркы 3 жылда областтык деңгээлде мугалимдердин кесиптик майрамы жогорку деңгээлде белгиленип өткөрүлүүдө. Бул иш чарага областтык профсоюз комитети да активдүү катышып, чакырылган мугалимдерге баалуу белектерин тапшырууда.

 

ЭМГЕК АЛДЫНКЫЛАРЫ ДАЙЫМА БААЛАНЫШЫ КЕРЕК.

 

Акыркы жылдары  Баткен областынын профсоюз активисттери “Профсоюз кыймылынын мыктысы” төш белгиси,  Борбордук комитетин Ардак грамотасы менен сыйланышууда. Ошондой эле алдынкы профсоюз активисттери Борбордук комитеттин сунушу менен Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен сыйланышат. Бул жерде албетте БК тин төрагасы Асылбек Токтогуловичтин областтын профсоюз активисттеринин эмгегин туура баалап жаткандыгын баса белгилешибиз керек.

 

ЖАШТАР БИЗДИН КЕЛЕЧЕГИБИЗ

 

Белгилеп кете турган жагдай, өткөн мезгилде Баткен областтык комитетинин көмөгү менен БатМУнун профкомдорунун иштеринде студенттер жана жаштар чөйрөсүндө профсоюздук идеологияны активдештирүүнүн алгылыктуу жылыштары байкалды.  БатМУнун жамааттык келишиминде студенттерди, магистранттарды жана аспиранттарды социалдык жана укуктук коргоо боюнча бөлүмдөр киргизилген. Окуу жайларынын социалдык жана жаштар саясаты боюнча проректорлору студенттик профсоюз лидерлери менен тыгыз кызматташып жатышат. БатМУнун профсоюз комитеттери студенттерден профсоюзга мүчө болуу мотивациясын активдештиришүүдө. Студенттер менен иштөөдө  айрыкча көңүл аларды социалдык жактан коргоого бурулууда. Жетим, майып, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн студенттер жарым-жартылай окутуунун контракттык түрүнөн бошотулушкан.

Социалдык жеңилдиктер жана кепилдиктер эл аралык олимпиадалардын жана мелдештердин жеңүүчүлөрүнө, окуунун отличниктерине, окуу жайларынын спорттук жана маданий турмушуна активдүү катышкандарга берилет, өтө муктаж болгон студенттерге материалдык жардамдар көрсөтүлөт.

2012-жылдын июнь айында, 2013-жылдын сентябрь айында жана 2014-жылдын июнь айында Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитети тарабынан уюштурулган «Жаш профсоюз лидерлеринин жайкы мектеби»  деген темадагы семинарга БатМУнун студенттик профсоюз комитетинин өкүлдөрү катышышып өз билимдерин  өркүндөтүп келишти.

МААЛЫМАТТЫ ӨЗ УБАГЫНДА ЖЕТКИРҮҮ

Баткен областынын билим берүү жана илим  профсоюзунун ишмердигин массалык маалымат каражаттары менен байланышты акыркы жылдары кучтондурдук.

Профсоюздун бардык деңгээлдеги органдарынын иштери тууралуу бизди активдүү позициялары менен ар дайым колдоп турушкан баштапкы уюмдарыбыз, катардагы мүчөлөрүбүз толук маалымат алып туруулары керек. Азыркы учурда, тилекке каршы, жалпы коомчулук биздин профсоюзубуздун мугалимдердин, окутуучулардын, илимий кызматкерлердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча ишмердигинин мүнөзү, эл аралык профсоюз уюмдары менен жолго коюлуп келаткан чоң кызматташуулар жана пайдалуу байланыштар жөнүндө чыныгы маалымат жетишерлик жеткируу учун областтык массалык каражаттары менен тыгыз иштоодобуз.

Маалыматтык иштердин башкы принциптери болуп  анын максаттарынан жана милдеттеринен келип чыккан профсоюздук  ишмердүүлүктү пропагандалоодогу объективдүүлук, өтө ыкчам оперативдүүлүк, ачыктык (маселени кеңири чагылдыруу үчүн), өжөрлүк саналат.

Белгилеп кете турган жагдай, азыркы учурда бирдиктүү маалыматтык мейкиндикти түзүүдө жакшы иштерди жасап жатабыз. Областыбыздын  Баткен областтык комитетинде, Лейлек, Кадамжай, Баткен райондук комитеттери жана Баткен, Кызылкыя. Сулукту шаардык комитеттери интернеттен өздөрүнүн баракчаларын ачышып, маалымат алуунун жана алмашуунун жаңы түрлөрүн өздөштүруп Борбордук комитет менен электрондук дарек аркылуу кат кабарларды алып турушат.

Биздин тармактык профсоюздун «Позиция профсоюза» газетасынын аткарып жаткан ишин жогору баалоого болот. Областыбыздын ар бир мектебине, айыл округуна, райшаар билим берүү жана каржы бөлүмдөрүнө чейин жеткирилип жатат. Биздин түзүмдүк уюмдарыбызды газетага райондук,шаардык профсоюз комитеттери 100 пайыз жаздырып профбюджеттен каржылап  жатышат.

Профсоюз уюмдары биринчи кезекте өзүнүн иши тууралуу маалыматтардын өз убагында жана толук жеткирилишине кызыкдар болушу керек, бул үчүн  областтык комитет  Баткен областтык телевидениясы жана областтык Баткен таны газетасы менен тыгыз иш алып барып дайыма актуалдуу маек,  маалымат маектер сыяктуу маалыматтар  берилүүдө.

 

АЛДЫДАГЫ МИЛДЕТТЕР

Профсоюз мүчөлөрүнүн укуктарын жана социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоо боюнча профсоюздарга  тагылган тикелей милдетибизди так жана өз орду менен аткарышыбыз керек, ал үчүн өз катарыбызды уюштуруучулук жактан мындан ары катуу бекемдеп, иш аракетибизди күчтөнтүүгө жана бекем биригүүгө тийишпиз. Мына ушундай бекем жана өткүр уюм гана биздин мүчөлөрүбүздүн мыйзамдуу укуктары жана кызыкчылыктары боюнча иш берүүчүлөргө жана бийлик түзүмдөрүнө өзүнүн үнүн өз учурунда жана өз деңгээлинде угуза алат, ошондо аны менен өнөктөштөр эмгекчилердин ыйгарым укуктуу органы катары эсептешишет, профсоюз мүчөлөрүбүзгө ченемдик, укуктук жана жергиликтүү актылар менен берилген жеңилдиктерди жана кепилдиктерди жүзөгө ашыруу боюнча биздин профсоюз менен токтоосуз социалдык диалогго барууга мажбур болушат.

 

 

Уюштуруу жана укук иштери боюнча адис                                К.Акимов.