Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокен райондук комитетинин отчеттук кайра шайлоо конференциясы

2015-жылдын  2-апрели күнү  Ноокен райондук мамлекеттик  администрациясынын    чоң чогулуштар  залында  Билим,  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун Ноокен  райондук  комитетинин  19-райондук конференциясы болуп, анда Кыргызтан  Профсоюздар  Федерациясынын  төрагасы, Билим,  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун  Борбордук  Комитетинин  төрагасы  А. Т. Токтогулов,  Жалал-Абад  облустук Профсоюздар Кеңешинин  төрагасы   З.Ж. Жусмаматов, Билим,  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун  Жалал-Абад  облустук  комитетинин төрагасы  К. С.  Мурзакматов,   Ноокен райондук мамлекеттик  администрациясынын    башчысынын биринчи орун  басары  К. Ч.  Камбаралиев, райондук  билим  берүү  бөлүмүнүн  башчысы  Б.С.  Козуев, 63 делегат  жана 55  мектептин,  29 бакчанын,4  мектептен  тышкаркы  мекемелердын  жетекчилери  катышты.

                   Конференцияда  райондук  профсоюздук  уюмдун  2010-2014-жылдардагы  аткарган  иштери  жөнүндөгү  отчетун  төрага  А.Айдаров  берди. Текшерүү  комиссиясынын  төрагасы  

 К. Нышановтун билдирүүсү  угулду. 2 маселе  боюнча    талкууда  чыгып  сүйлөгөндөр канааттандырарлык  баасын  беришти. А. Айдаров райондук  комитеттин  37  мүчөдөн  турган   жаңы курамы  ачык  добуш  менен  делегаттар тарабынан  шайланды. Райондук  комитетттин  төрагасы  А.Айдаров сөз  алып,  Борбордук  Комитетке  А. Т. Токтогуловко,  жалпы  жетекчиликке,  делегаттарга  жана  кесиптештерине  ыраазычылык билдирип, 5 жолу  ишеним  берип  шайлангандыгына  рахматтарын айтты. Жаны  төраганы  жаны  курамдан  сунуш кылууну  делегаттардан  суранды.  Делегат Ж. Жапаров  тарабынан   №22 орто  мектебинин  делегаты  

К.  Нышановтун  талапкерлиги  сунушталды. Башка сунуштар  болбоду. Делгаттар  ачык  добуш  менен Нышанов  Кубанычбек  Калдаровичтын  талапкерлигин бир  добуштан  колдошту.

               Кыргызтан  Профсоюздар  Федерациясынын  төрагасы, Билим,  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун  Борбордук  Комитетинин  төрагасы  А.  Токтогулов  мазмундуу,  программалык  сөз  сүйлөп,  А.Айдаровко  26  жылдык  профсоюздук   ишмердүүлүгө  баа  берип рахматтарын  айтып,  жакшы каалоолорун  билдирди. Билим  берүү  кызматкерлеринин  учурдагы  көйгөйлүү маселелерин  чечилиши  боюнча  жүргүзүлүп  жаткан  иштер  жана  алдындагы  милдеттер жөнүндө токтолду.


Ноокен  райондук  билим  берүү бөлүмүнүн  пресс-катчысы:  Барно  Абдурахманова